Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

"Жүк 200": акыркы сапардын азабы


Маалыматтарга караганда жыл сайын чет өлкөдөн үч жүзгө жакын “жүк 200” келет. Анын 90% - Орусиядагы мигранттар.
Маалыматтарга караганда жыл сайын чет өлкөдөн үч жүзгө жакын “жүк 200” келет. Анын 90% - Орусиядагы мигранттар.

16-майда кабыл алынган бул токтомго ылайык чет өлкөдө жүрүп каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн жеткирүүдө өкмөт 50 миң сомдон төлөп бермей болду. Ошондой эле өкмөт берген каражатты алуунун жол-жобосу жеңилдетилди. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы чет өлкөдөн 300дөй кыргызстандыктын сөөгү келген.

Көп жылдардан бери Орусияда иштеген мигрант Анаркан Кулунбетова жакында эле каза тапкан мекендештерин Кыргызстанга жөнөтүүдөгү акча чогултууга катышкан. Анын айтымында, кыргыз жамааттарында сөөктү узатуунун чыгымдарын көтөрүүгө дайыма эле шарт боло бербейт:

- Аэропортко жеткиргенге чейин экспертиза, анан дагы башка көйгөйлөр толтура. Кээде ушундай иштерге 70-80 миң сом кетип калат. Туугандарында ошол акча жок болуп калат. Анан чогултууга туура келет. Өткөндө бир жумада үч сөөктү жеткирүүгө туура келди. Жалпысынан 300 миң сомго жакын акча кетти. Кээде кыргыздар акча которот. Бирок каражат дайыма эле боло бербейт.

Мигранттардын башкы мүшкүлдөрүнүн бири болгон “жүк 200дү” жеткирүү каражатынын маселеси өкмөт тарабынан чечилип жатканы көпчүлүктү сүйүндүрүп турат.

Кыргыз өкмөтүнүн “Кыргызстандын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө жеткирүү менен байланышкан чыгымдарын компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому 2018-жылдын 16-майында чыккан. Ага ылайык, Мамлекеттик миграция кызматы сөөктү узатууга 50 миң сом төлөп берет. Ал үчүн каза болгон жарандын жакындары “маркумдун жакыны экенин, өлгөндүгү тууралуу документтерди” көрсөтүшү керек. Бир жолку төлөмдү алуу тууралуу арыз жаран каза болгон күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин жазылышы керек.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов мындай деди:

Самат Токтоболотов.
Самат Токтоболотов.

- Эмне максатта жүргөнүнө карабай, чет жерде жүрүп каза болгон бардык кыргыз жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүдө бир топ жеңилдиктер каралды. Мурда “жүк 200дү” алып келиш үчүн туугандары көп документтерди топтоп, бир айга чейин комиссиянын чечимин күтүп чуркап жүрүшчү. Азыр бул маселе үч күн ичинде чечилет жана он чакты документтердин бир тобу кыскарды. Ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык кеңеш берүү борбору төлөмдөрдү берүүчү болуп эсептелет.

“Жүк 200дү” жеткирүү боюнча каражат тууралуу Кыргызстандан Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык кеңеш берүү борборуна кайрылса болот.

Расмий маалыматтарга караганда жыл сайын чет өлкөдөн үч жүзгө жакын “жүк 200” келет. Анын токсон пайызы - Орусиядагы эмгек мигранттары. Андыктан өкмөттүн бул токтому ишка ашып жатканына Орусиядагы мекендештер көбүрөөк ыраазы болуп турган чагы.

Негизинен Орусиядагы кыргыз жамааттары сөөк узатууга өкмөт бөлгөн 50 миң сом жетээрин айтып жатышат. Бирок “жүк 200дү” жеткирүүдө башка да чечилбей жаткан маселелерге Орусиядагы диаспора өкүлү Турсунбай Кубатбеков токтолду:

- Учакка салууда маселе аябай көп, дээрлик бардык эле рейс алгысы келбейт. Биз муну далай ирет депутаттарга айтып келатабыз. "Чечебиз" деп коюп эч нерсе жок. Учактар акчасына да албайт, себеби "атайын муздаткыч сыяктуу жабдыктарыбыз жок" дешет. Биз суранып өкмөткө кат жаздык. Компанияларга учууга уруксат берип жатканда “жүк 200дү” алып келүүгө милдеттендирип койсо болот да?

Орто эсеп менен азыр учак менен “жүк 200дү” жөнөтүш үчүн 30-50 миң рубль, ал эми ритуалдык кызматка 10-20 миң рубль керектелет. Акыркы жылдары сөөк жеткирүү көйгөйү жалаң эле Орусия эмес, башка мамлекеттерде, айрыкча Түркияда иштеген мигранттарга да тиешелүү болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG