Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Курилдеги кыргыз мигранттары иш таштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Сахалин облусундагы Парамушир аралында жетимиштей мигрант иш таштады.

19-майда нааразылык акциясына чыккан мигранттар «Спиро» компаниясы эки айдан ашуун убакыттан бери маяналарын төлөбөй жатканына, иш шарттарына жана жумушчуларга болгон мамилеге нааразы болушкан.

Ошондон кийин жумуш берүүчү аларды токтоосуз иштен кетирип, жатаканадан чыгарып салган. Мигранттардын бири Ахмед «бизге адамча мамиле болбоду» деп арызданды:

- Биз акча табууга келгенбиз. Жумушта бизди кордоп, мазактап, катаал мамиле кылышты. Эч себепсиз эле маянабыздан айыппул кармап калышчу. Анысы аз келгенсип, эки айдан бери айлыкты бербей жатышат. 200-250 миң рублдан албай калгандар бар. Ооруп калсак, дарыгерге жиберишпейт. Акчабызды берсе эле кетебиз.

Курил аралдары.
Курил аралдары.

Түндүк Курил районунун вице-мэри Александр Овсянников мигранттардын көбү кыргызстандыктар экенин айтууда.

- Кыргызстандык мигранттар аларды аралдан алып кетүүнү талап кылышууда. Алар 65 киши, кеме менен 35ин гана алып кетүүгө мүмкүн, - деген Овсянников мигранттарды шаардык бюджеттин эсебинен аралдан алып чыга албасын белгиледи.

Кичинекей аралда ондогон мигранттардын көтөрүлүшү жергиликтүү бийликтин, полициянын жана прокуратуранын көзөмөлүнө алынган.

Мигранттардын иш таштоосунан «Спиро» компаниясы 476 миллион рублга куруп жаткан бир нече өкмөттүк объектилердин курулушу токтоп калган. Былтыр Курил аралдарын өнүктүрүү боюнча федералдык программага 80 миллиард рубль которулган.

Сахалиндин облустук прокуратурасы мигранттардын иш таштоосун «саботаж» деп баалап, жоопкерчиликтен качкан «Спиро» компаниясынын ээси Евгений Плетенскойго кылмыш ишин козгогону 22-майда маалымдалды.

«Текшерүүдө 45 жумушчуга 633 миң рубль эмгек акы төлөнбөгөнү аныкталды», деп жазылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Сахалин облусундагы Кыргызстандын ардактуу консулу Владимир Трофимов мигранттар азыр маянанын эмгек келишимде көрсөтүлгөн гана бөлүгүн алып жатканын кошумчалады:

- Биздин кызматкерлер бул ишти дароо көзөмөлгө алышкан. Бирок азыр шаардык прокуратура, полиция жана башка органдар киришип, иш биздин ыйгарым укуктардын чегинен чыгып кетти. Биз кийлигише албай калдык, алар толук көзөмөлгө алышты. Кыргызстандык жарандар келгени эмгек келишимин түзүп, жумушка кирбей, тааныш-тууганы аркылуу иштеп, анан ушундай акыбалга туш болуп жатышат. Экинчиден ишкерлер кагазга аз айлык көрсөтүп, мигранттардын колуна башка акча берет. Мигранттар укук коргоочу органдарга арызданып кайрылганда расмий көрсөтүлгөн акчаны эле алууга укуктары бар. Мындай окуяларга жалаң эле борбор азиялыктар эмес, башкалар да кабылууда.

Ардактуу консулдун айтымында, Сахалин облусунда 7-8 миңдей кыргызстандык иштейт.

Сахалиндин статкомитетинин маалыматы боюнча былтыр облуска 25 миңдей чет өлкөлүк ишке келген. Басымдуусу Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан баргандар. Акыркы жылдары Сахалиндин жетекчилиги чөлкөмдө чет өлкөлүк мигранттардын ишин чектеп жатат. Эки жыл мурда мигранттарга коомдук транспортто, такси кызматында, кондитердик ишканаларда, соода жана башка бир катар тармактарда иштөөгө тыюу салынган. Былтыр мигранттардын мектеп, оорукана сыяктуу социалдык мекемелерде жана коопсуздук кызматында иштишине чектөө киргизилген.

Орусияда азыр 640 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Алар Кыргызстанга 2,21 миллиард доллар каражат которушкан. Быйыл январь-март айында которулган акча 496 миллион долларды түзгөн.

Былтыр Орусияда 2 миңдей мигрант 100 миллион рублдан ашык маянасын албай миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө кайрылган. Быйыл төрт айда миңдей кыргызстандык 48 миллион рубль айлыгын албай калгандыгы катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG