Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:55

Орусиянын көмүскө базарында сатылган балдар


"Newsweek", "The Independent" басылмалары Орусияда көмүскө базарда сатылып жаткан ымыркайлар менен балдар тууралуу журналисттердин иликтөөсүн жарыялашты.

Орусияда чыккан "The Insider" гезитинин кабарчылары социалдык медиа аркылуу бала сатуу боюнча кылмыштуу механизмдердин бетин ачышкан. Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда ымыркайдын баасы орточо 6500 доллар экени аныкталды. Баланын баасы Орусиянын аймактарына, расасына жана улутуна карап өзгөрөт.

"Одноклассники" сыяктуу социалдык желеде бала асырап алуунун оңой жолун сунуштаган бир нече топтор бар. Журналисттер ал топторго жалган аккаунттар менен киришип, өлкөдөгү “балдар соодасынын” көмүскө базарын иликтешкен. Москвада жаңы төрөлгөн, славян улутундагы ымыркайды 85 миң рублга да алса болору белгилүү болду. Сатылган балдардын арасында Борбор Азиядан, Чеченстан, Дагестан сыяктуу кавказ тектүү мигранттардын балдары да бар. Алардын баасы славян улутундагыларга салыштырмалуу арзанырак.

"The Insider" метродо турган лөлүлөр Борбор Азиядан барган мигрант кыз-келиндердин балдарын 200-300 миң рублга сатып алышып, тилемчилик максатта психотроптук дарыларды сайып каалаганындай колдонорун жазат.

Орусияда бала багып алуунун мыйзамдуу системасы өтө татаал болгондуктан, көмүскө бала сатуу соодасы азыр күчүндө. Жалгыз бой эркектер, аялдар бала асыроого тийиштүү мыйзам талап кылган шарттары жок болгондуктан, социалдык тармактар аркылуу “ымыркай сатылган базарга” кайрылып жатышканы маалым болду.

Иликтөөнү ишке ашырган журналисттер орус бийлиги бала асыроого байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүшү керектигин айтып, мындай көмүскө базарды токтотмоюн балдарды кулчулукка сатуу көрүнүшү күчөй берет деген тыянак чыгарышты.

Борбор Азияда Кытайга каршы маанай курчуду

Киссинжер изилдөөчү институтунун окумуштуусу Брэдли Жардин "The Washington Post" гезитине Орто Азияда кытайларга каршы маанайдын төркүнүн терең аныктоого аракет кылды.

Бишкектеги Кытайга каршы акция
Бишкектеги Кытайга каршы акция

"Си Цзинпин убада кылган "Бир жол - бир алкак" программасындагы башкы өнөктөштөр дал ушул чөлкөмдүн өлкөлөрү. Бирок акыркы учурларда Кыргызстанда жана Казакстанда кытайларга каршы маанай курчуп баратат. Мунун бир нече себептери бар. Бээжиндин миллиарддаган доллардык инвестициясы ачык-айкын ишке ашпай, аймактагы элди бүдөмүк ойго түртсө, экинчи жагынан Шиңжаңдагы 2 миллиондой аз улуттардын камалышы кытайларды жактырбоонун башкы себеби болууда.

Буга кошумча Кытайдан мигранттар агылып келип, Борбор Азия өлкөлөрүнө отурукташат деген кооптонуу да жок эмес. Кытай Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арасын аныктап алганына карабай, Бээжиндин күчү арткан сайын айрым аналитиктер мурдагы чек ара келишимдерин Кытай аткарбай коюшу ыктымал деп чочулашат.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, 2014-жылы Кытайдын 32 атуулу 4750 гектар жерди ижарага алган. 2016-жылы казак бийлиги чет өлкөлүк атуулдарга узак мөөнөткө жерди ижарага берүүнү тыйган мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул долбоордун жактоочулары кытайларга каршы митингдерге чыгышты.

Борбор Азияда жер жана чек ара маселеси өтө талылуу. Ири өлчөмдөгү мамлекеттик карызды өлкөнүн табигый ресурстары менен жабуу жагынан Казакстан аймакта жолдуу болсо да, Кыргызстан менен Тажикстандын ресурстары чектелүү.

Буга кошумча бул эки өлкөнүн энергетикалык сектору Кытай берген карыздын айынан дефолтко учурашы толук мүмкүн. Маселен Тажикстан Кытайдан алган карыздын көбүн жолдорду оңдоого жумшап, 230 миллион долларды парламенттин жаңы имаратын курууга коротуп, карыздан саясий элита эле пайда тапканы менен 300 миллион доллардык карызын төлөө үчүн Кытайга алтын кенин берүүгө мажбур болду. Азыркы тапта Борбор Азиянын бийлиги Кытайга каршы жаалданган элдин тизгинин тартып турганы менен, келечекте бул аймактын экономикалык абалы Бээжинди түйшүккө салары шексиз", - деген ойдо автор.

Кыргыз коому жыныстык зомбулукка кайдыгер

"Eurasinet" басылмасы кыргыз коомчулугу кыз-келиндерге карата сексуалдык зомбулукка, ыдык көрсөтүүгө кайдыгер бойдон калып жатканын жазды.

Кыргызстандагы #Metoo кыймылы
Кыргызстандагы #Metoo кыймылы

"2018-жылы ала качкандардын колунан көз жумган Бурулайдын тагдыры кыргыз коомчулугуна сабак болбогондой. Ыдык көргөн кыздар менен аялдарга коом колдоо көрсөтпөй жатат.

Кант шаарынын 17 жаштагы тургуну Үмида 8-октябрда мектептин жанындагы чакан күркөдөн соода кылып жатканда ага белгисиз адам кол салган. Ал кызды сүйрөп барып, зордуктоого аракет кылган. Анын колунан эптеп бошонгон Үмида мектепке качып барып, баш калкалаган. Бирок мугалимдер анын ата-энесин чакырып, кыз кыска кийинип, боёнуп, туура эмес жүрүм-туруму үчүн мындай окуяга туш болгонун айтып, кайра аны кемсинтишкен. Үмида мындай кемсинтүүгө чыдабай, "Инстаграмда" "Унчукпай коё албайм!" деген акция баштап, зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жапырт каршы турууга кыз-келиндерди үндөөдө.

Феминист, активист Элвира Калмырзаеванын айтымында, зомбулукка көз жуумп коюунун эки башкы себеби бар. Биринчиси - ыдык көргөн кыз-келиндер күч органдарынан же коомчулуктан колдоо табарына ишенишпейт.

Милициянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 жаштан 49 жашка чейинки кыз-келиндердин ар бир төртүнчүсү ыдык көрөт. Аялдардын 20% ала качуу жолу менен турмушка чыгат. Сексуалдык кордук көрсөтүү, ал тургай зордуктоону ачык талкуулоо кыргыз коомунда сейрек көрүнүш", - деп баяндайт басылма.

Азык-түлүк ысырап болууда

"Nature" журналы дүйнөдө 12 триллион доллардык азык-түлүк ысырап болуп жатканын жазды. Тамак-аштын үчтөн бири таштандыга кетип жатат. Ал арада дүйнөдө 820 миллион адам карды тойбой күн көрүүдө. 680 миллион киши ашыкча тамактануудан семирип, ооруга чалдыккан. Аларды дарылоо да жогорудагы чыгымга кошумча болууда.

Мындай чыгымдын алдын албаса 2050-жылга чейин 16 триллион долларга чыгат. Ушундан улам Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык абройлуу мекемелер мамлекеттерди агротехниканы жакшыртууга, экологияга зыянсыз азыктарды чыгарууга үндөшү керек.

Маселен тузу аз, жашылча-жемиш менен гана азыктануу жылына 30 миллиард долларды үнөмдөөгө шарт түзмөк. Анын экономикалык кирешеси 1,28 триллион доллар болмок. Басылма органикалык жер-жемиштерди чыгаруудан 455 миллиард доллар үнөмдөсө болорун жазат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG