Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Лагерде баласын жоготкон аялдар


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (30-сентябрь - 6-октябрь).

"The Washington Post" гезити Шиңжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерлерге түшүп, кош бойлуу кезде күч менен боюнан алдырууга мажбур болгон казак улутундагы аялдар тууралуу макаласын жарыялады.

"38 жаштагы Гүлзира Могдын азыр Алматы шаарында жашайт. 2017-жылы Шиңжаңдагы туугандарын көргөнү барганда телефонунда "Вотсап" тиркемеси болгону үчүн бийликтин кайра тарбиялоочу лагерине жиберилген. Ал кезде Гүлзира 10 апталык кош бойлуу эле. Лагердин дарыгерлери анын ичиндеги түйүлдүктү аялдын эркине каршы, наркозу жок эле түшүрүп салышкан.

Кытайдын мусулмандарды "тарбиялоо" саясаты күчтөп боюнан алдыруу, аялдардын төрөтүн мажбурлоо менен токтотуу аркылуу ишке ашып жатат. АКШ бийлиги менен эл аралык укук коргоочу уюмдар 2017-жылдан бери Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлерге" 1 миллиондон 3 миллионго чейин мусулман камалганын билдирүүдө.

Кытайдын “бир бала” саясатынан улам абортту жана бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу өлкөдө кеңири жайылып, ал тургай бийлик өзү кыстап буга алып барат. Кээ бир казак улутундагы аялдар 3-4 жолу бийликтин талабы менен боюнан алдырышканын айтып жүрүшөт. Камакка алынган айрым аялдар турмушка чыга элек кыздарды Хан тектүү кароолчулар түнкүсүн алып чыгып кетип, зордуктап жүргөнүн да айтып келишет. Бирок Кытайдын расмий бийлиги мындай айыптарды такай төгүндөйт. Биздин гезит Кытайдын Тышкы иштер министрлигине бул маселе боюнча комментарий сурап кайрылганда, кайра тарбиялоочу лагерлерде эч кандай сексуалдык зордук-зомбулук жок экенин, террорчулуктун алдын алуучу гана сабактар өтөрүн билдирди", - деп баяндайт басылма.

Кыргызга жагууга аракеттенген кытайлар

"Eurasinet" басылмасында кытайлык инвесторлордун Кыргызстандагы синофобияга каршы жасап жаткан аракеттери талданды.

Сокулуктагы кытайлык компанияга каршы митинг учуру
Сокулуктагы кытайлык компанияга каршы митинг учуру

Макаланын автору Яу Цз Ян: "Кытайларга каршы мамиле Борбор Азияда терең тамыр жайган. Кыргызстандагы кытай инвесторлоруна, жумушчуларына карата жергиликтүү элдин ымаласын жакшыртуу үчүн Бээжин болгон күчүн жумшоодо. 2013-жылы Си Цзинпиндин Бишкек сапары учурунда маданий карым-катнаш боюнча келишимге кол коюлган. Андан кийин Бишкекте "Чет жактагы кытайлыктар" борбору ачылды. Ишкерликти аркалаган ыктыярчылар ачкан бул жайда кыргызстандыктар менен мамиле куруу, жергиликтүү эреже, мыйзамдар боюнча акысыз кеп-кеңештер берилет.

Мындан тышкары Бээжиндин маданий дипломатиясынын өзөгү делген Конфуций институту да Бишкектеги бир топ окуу жайлар менен иш алып барууда.

"Чет жактагы кытайлыктар" борбору жылына эки жолу балдар үйлөрү менен кары-картаңдардын жайларына кайрымдуулук кылат. Борбордун ыктыярчысы Уангдын айтымында, кытайлар жасаган сооп ишин элге жарыялаганды жактырбайт. "Америкалыктар ар бир кыймыл-аракетин жарнамалайт. Кытайлар муну уят деп эсептейт. Жасаган жакшылыкты бетке кармоону туура көрбөйбүз", - дейт ал.

2017-жылы Бишкекте "Циньхуа" китеп дүкөнү ачылып, Кытай коммунисттик партиясынын адабияттарынан тарта байыркы кытай адабий мурастарынын котормолору сатыла баштады. Кытайдын Жол жана көпүрө корпорациясы Кыргызстандын ички жолдорун оңдоого белсенген. Кытайда акысыз, ири өлчөмдө стипендия алып окуган кыргыз жаштарынын катары да калың. Алар мекенине кайтканда кытайлык корпорацияларга ишке кирип жатышат", - деп жазды.

"Кезек Беларустун аннексиясында"

Германиядагы "Welt" гезити Орусиянын президенти Владимир Путиндин мурдагы кеңешчиси Андрей Илларионов менен маекти чыгарды. Анда Илларионов Орусия эми Беларусту аннексиялап алышы мүмкүн экенин белгилейт. "Беларусту бөлүп алуу өтө эле оңой. Алардын НАТОдо, Европа Биримдигинде эч кандай позициясы жок.

Андрей Илларионов
Андрей Илларионов

Украиналык олигархтардай Путинге каршы туруп, аскер топтой алчу адамдар, кокус Александр Лукашенко токойго козу карын чогултканы барып, кайтпай калса ордуна келчү мураскору да жок. Украинага караганда Беларус Кремлдин өкүмзордугуна туруштук бере албайт. Ал эми Владимир Путин 1800-жылдардагы "Улуу орус империясын" кайрадан жандантуу аракетинде. Кийинки кадамы Беларус болушу толук ыктымал.

Путин АКШнын президенттери Барак Обама менен Дональд Трампка караганда алда канча акылдуу. Ал орус аскерлерин ар дайым согуштук духту жоготпой, машыгып туруусун көздөгөнүн айтып келет. 2015-жылга чейин Жакынкы Чыгышта Американын аскерий үстөмдүгү өкүм сүргөн. Сириядагы согуш отунан Трамп аскерлерин кайра тартканда Путин бул кырдаалды өзүнө геосаясий упай топтоого колдонуп, Сирияга аскерлерин киргизди. Бул Путиндин эң чоң саясий жеңиши болду", - деди Илларионов.

"Путин мындан ары Батышка да кысым көрсөтөбү?" деген суроого: "Бул Батыштагы өнүгүүгө, лидерлердин психологиялык дараметине жараша болот. Азыркы саясатчылар 30-40 жыл мурдагыларга салыштырмалуу таптакыр башкача. Маселен Германияны эле алсак, Ангела Меркел менен Конрад Аденуарды салыштыруу мүмкүн эмес", - деп жооп кайтарган.

Европанын Акбарасы изделүүдө

Белгияда Ная аттуу көк карышкырды жапырт издеп жатышат. Анын өлүү же тирүү тапканга 30 миң евро сүйүнчү да жарыяланганын "The Independent" гезити маалымдайт.

Экологдор Наяны мыйзамсыз мергенчилер атып кетти деп божомолдоодо. Аңчылар болсо "карышкырды аткан эмеспиз" деп ырасташууда.

Наяны акыркы ирет 2018-жылдын январь айында Белгиянын түндүк-чыгышында көрүшкөн. Ал кезде карышкыр бооз экени байкалган.

Бул карышкыр Белгияда 100 жылдан бери алгач ирет көрүнгөн жырткыч болгондуктан, ал өзгөчө коргоого алынган эле. Европа Биримдигиндеги мыйзамга ылайык, карышкырды атууга тыюу салынган. Ная Германияда туулуп, Август аттуу бөрү менен чогуу жүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG