Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:56

Рахмондун кудасы мүлкүн сата баштады


Эмомали Рахмон

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (16-23-сентябрь).

Тажик президенти Эмомали Рахмондун куда-сөөгү башкарган бизнес тармагы акыркы маалда солгундап, Дүйшөмбүдөгү ар түрдүү объекттери сатылып жатканы белгилүү болду.

"Eurasinet" басылмасы Чехияда чыккан "Akhbor" сайтына таянуу менен Рахмондун кудасы сатып жаткан ири бизнес жайлары тууралуу маалымат чыгарды. Тажик президентинин кызы Заринанын кайнатасы Бег Сабур башкарган компания сентябрь айында Душанбенин чок ортосундагы алты кабаттуу мейманкананы базар баасынан арзан, 500 миң долларга сатып жиберди. Бул имарат эки ай мурда курулган.

Сабурдун уулу башкарган "Минионс" аттуу балдардын ири оюн зоок борбору алты ай мурда жабылып, азыр жаңы кожоюндары иштеткени турат. Сабур башында турган, өлкөнүн телекоммуникация тармагы үчүн курулган 30 кабаттуу имаратты да былтыртан бери кара кулпу кайтарууда. Бул имараттын мамлекеттик деген статусу болгону менен ачылгандан бери эле Сабурдун жетегинде болчу.

Август айында Дүйнөлүк банк Рахмондун кудасы Сабурду Тажикстандын телекоммуникация тармагын өнүктүрө албай, сенек кылып салганын жазып чыкканы менен далилдүү жүйөлөрдү келтире алган эмес.

"Akhbor" сайты Сабур жетектеген корпорациялар азыр каржылык кыйынчылыкка туш болгонун божомолдойт.

Жакында эле Эмомали Рахмон Кулябдагы Сабурдун ишканасы курган 13 кабаттуу имараттын ачылышына барып, анын сапатсыз курулганын сындаган. Ушундан улам анын кан кудасынын ишканалары азыр оор абалда экенин байкаса болорун божомолдогон басылма Рахмондун дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов жетектеген долбоорлор да ишке жарабай калганын мисал келтирет. Тажикстанда алюминий чыгарган "Талко" ишканасы 2007-жылдан бери каржылык каатчылыктан кыйналууда. Сохибов аны башкара албай калганы айтылып келет. Буга кошумча Сохибовдун Куляб шаарында байлар үчүн салынган 4 миллион доллардык "Париж" комплекси банкрот болгонун маалымдайт "Eurasinet".

Планетаны диктаторлор сактап калабы?

"Economist" журналы абаны булгап жаткан Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея, Индонезия сыяктуу өлкөлөр планетаны сактап калууда да лидерлик кыла аларын жазды.

"Климаттын өзгөрүүсү айрыкча Азия континентине таасир этүүдө. Тибеттин мөңгүлөрү эрип, күтүүсүз жаан дыйкандардын эмгегин жууп, бороон-чапкын элдин айласын кетирип, Жакарта, Манила, Мумбай, Шанхай сыяктуу ири шаарлар суу алдында калышы мүмкүн. Демократиялык өлкөлөр климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүп жаткан маалда Кытайдын авторитардык бийлиги дүйнөгө жар салбай эле көмүрдүн көлөмүн азайтып, кайра калыбына келчү энергия булактарын өздөштүрүп жатат. Климатты сактоо боюнча улуттук программаны Кытай 1990-жылы эле кабыл алган. 2005-жылга салыштырмалуу 2017-жылы көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну мындан 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу 46 пайызга азайтты. 2030-жылга чейин таза энергия алуу 20 пайызга артаары пландалды.

Ал арада бийлиги ашыкча коррупциялашкан, башаламан Индия деле калыбына келчү энергияны арбытып, күн батареяларына өтүүдө. Өлкөдө көмүргө салык көбөйүп, күн батареясынын салыгы азайды. 2030-жылга чейин күндөн энергия алуу өлкөнүн 60 процентин камтыйт деген божомол бар. Азия мамлекеттери климаттын өзгөрүүсүн көз жаздымда калтырса, табияттын катуу каарына каларын аңдады.

2008-жылы Мьянмада "Наргис" бороону 140 миңдей адамдын өмүрүн алган. Сычуандагы катуу зилзала да Кытайдын коммунисттик бийлигине оор сыноо болду. Климаттагы өзгөрүү Азиядагы бир топ бийликти ары-бери калчап, айрыкча авторитардык башкаруунун чоң сынагына айланары шексиз", - экенин жазат "Economist".

Өспүрүмдөр жүрүшкө чыгышты

20-сентябрда мектеп окуучулар, студенттер климаттын өзгөрүүсүнө каршы жүрүшкө чыгышты. Акция дүйнөнүн 120 өлкөсүндө катталды. "Time" журналы Нью-Йорктогу 250 миңден ашуун студент катышкан жүрүш тууралуу жазды. Жума күнкү акцияга дүйнөдө миллиондогон өспүрүм чыкканы маалым болду.

Грузиядагы студенттер
Грузиядагы студенттер

Нью-Йорктогу жүрүшкө климатты сактоого белсенген белгилүү активист Грета Тунберг да катышты. 16 жаштагы Грета бул акцияны 2018-жылы августта Швециянын парламентинин алдында өзү жалгыз баштаган.

Грета Нью-Йорк жаштарына: "Жер - биздин үйүбүз, азыр ал өрттөнүп жатат. Бул кырсыкты токтотуу үчүн баарын кылышыбыз керек. Эмнеге келечегибизди жулуп алып коюшса окушубуз керек? Биздин келечекти сатып жиберишкен", - деди. Австралия, Германия, Индия сыяктуу өлкөлөрдө да жүз миңдеген окуучу, студент сабакка барбай, көчөгө чыгышты. Грета баштаган "жума күнкү окууну таштоо" акциясы Нью-Йоркто эми салтка айланган көрүнүш болуп калды.

"Guardian" гезити Грета баштаган акция Азия, Европа, Африка континентинде уланганын маалымдайт. Токиодо жүздөгөн студенттер "Климаттык адилеттик!" деген ураандар менен көчөгө чыгышты. Тайвандын башталгыч жана орто мектептеринин окуучулары жана университеттердин студенттери Тайпейдин көчөлөрүн каптап, алдыдагы президенттик шайлоого ат салышкандарды жаратылышты коргоого чакырышты.

Тайвандык 12 жаштагы активист Ралин: "Биз жакшы келечекке татыктуубуз. Желим баштыктарды колдонууну токтотолу", - деди. Индиядагы Дели шаарында да миңдеген жаштар көчөгө чыгышып, таза абаны талап кылышты. Мындай акциялар ал тургай Ооганстандын баш калаасы Кабулда да болду. Жүздөй студент полициянын коштоосунда жума күнү жүрүшкө чыгышты. Европада көчөгө болжол менен 1,5 миллиондой жаштар чыкканы маалым болгонун кабарлады.

Орус мектептеринде гажеттерди тыюу талабы

Орусияда "Роспотребнадзор" электрондук гажеттер балдардын саламаттыгы үчүн кооптуу деген тыянак чыгарып, мектепте гажеттерди тыюну бийликке сунуштады. Бирок бийлик азырынча бул сунушка жооп бере элек деп билдирет "Regnum" агенттиги.

Смартфон, телефондун балага зыян экенин Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен "Роспотребнадзор" ишканасы илимий тыянактарга негиздеп жатат.

"Тынымсыз телефон, смартфон колдонуу баланын психикалык саламаттыгын бузуп, ашыкча активдүү кылып, тез чарчатып, тез ачуусун келтирет. Башкалар менен карым-катнашын солгундатат, уйкусу бузулат. Мектеп жашындагы балдардын эске тутуусу начарлайт. Ал тургай смартфон, планшетти билим алуу үчүн колдонуунун деле пайдасы жок", - деген тыянакка келишкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG