Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Дүйнөдө климат үчүн күрөш башталды


Климатты коргоо жүрүшү. Киев, 20-сентябрь 2019-жыл.
Климатты коргоо жүрүшү. Киев, 20-сентябрь 2019-жыл.

Дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто климат боюнча саммит өтөт. Жыйынды утурлай дүйнөнүн булуң-бурчунда өкмөттөрдү табияттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө үндөгөн акциялар уюштурулду.

Бишкекте андай акцияга уруксат берилген жок. Бул тууралуу 20-сентябрда уюштуруучулар “Твиттерге” жазышты.

Мэрия муну Биринчи май райондук сотунун 30-сентябрга чейин шаардын борбордук бөлүгүнө чогулууга, митингдин бардык түрүн өткөрүүгө тыюу салган чечими менен түшүндүрдү.

Уюштуруучуларга акцияны шаардын башка бөлүгүндө өткөрүү сунушталган.

Жума күнү климатты сактоо жумалыгынын алкагында Бишкекте фестиваль да башталды.

Зыяндуу газдардын эмиссиясын азайтуу аракеттерин күчөтүүгө үндөгөн демонстрациялар адегенде Сидней жана Канберра шаарларында башталды. Австралия көмүрдүн жана суюк жаратылыш газынын дүйнөдөгү эң ири экспорттоочусу болуп саналат.

Сиднейдеги акция. 20-сентябрь 2019-жыл
Сиднейдеги акция. 20-сентябрь 2019-жыл

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга өлкөнүн жүздөн көп шаар- кыштактарынын тургундары кошулду.

"Климат үчүн күрөш” акциясынын катышуучулары өкмөттү жана ишкана жетекчилерин 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүп чыгышын жоюу милдеттенмесин аткарууну талап кылышкан.

"Жетекчилер экология маселелерин саясий упай топтоо үчүн пайдаланууну токтотуп, элди бириктириши керек. Экономиканы көмүртектен эркин кылып өзгөртүү зарыл. Бул абдан маанилүү, убакыт аз. Проблеманы чечүүдө биз башка өлкөлөрдөн артта калдык", - деди акциянын катышуучуларынын бири.

Австралиядагы университеттердин жетекчилери окууга келбей, жума күнкү жүрүштөргө катышкан студенттер жазаланбасын билдиришти.

Ушундай эле жүрүштөр 20-сентябрда дүйнөнүн чар тарабында өттү.

Грета Тунберг. Стокголм, 22-март 2019-жыл
Грета Тунберг. Стокголм, 22-март 2019-жыл

Бул иш-чараларга кайсы бир деңгээлде швециялык өспүрүм Грета Тунбергдин аракеттери шыкак берди.

16 жаштагы активист ар жума сайын Швеция парламентинин алдына чыгып, дүйнөдөгү лидерлерди климаттын өзгөрүшүнө каршы аракет көрүүгө чакырып акция өткөрүп келди.

Көп өтпөй ага Стокгольмдогу мектеп окуучулардын тобу кошулуп, кийин 24 өлкөнүн студент-окуучулары кампанияга тартылды.

Март айында координацияланган акциялар 135 өлкөдө 2 миллиондон ашуун кишини көчөгө алып чыккан.

"Токойлордун суюлуп, абанын кирдеши, океандардын булганып, деңиздердин соолушу, курт-кумурскалар менен жапайы жаныбарлардын жоголушуна адам баласынын жашоо ыкмасы, акчаны биринчи орунга коюп жатканыбыз алып келүүдө", - деген Грета Европарламентте сүйлөгөн кезде.

Кампанияны баштагандан бери Тунберг Европа жана британ парламентине кайрылуу жасап, Рим папасы Франциск, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама менен жолугушту, бир топ сыйлыктарды алды. "Тайм" журналы активист кызды дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын тизмесине киргизди.

Тунберг 23-сентябрда Нью-Йоркто башталып жаткан климат боюнча саммитке катышмакчы. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттерреш климаттагы өзгөрүүлөрдү бүгүнкү күндүн башкы көйгөйү, аны жөнгө салууну тарыхый учур деп атады. Саммитте Париж макулдашуусун аткарууну ыкчамдатуу тууралуу сөз болмокчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG