Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Климатка кабатыр болгондордун митинги


Климаттын өзгөрүшүнө кабатыр болуп демонстрацияга чыккан активист. Лондон. 15-апрель, 2019-жыл.
Климаттын өзгөрүшүнө кабатыр болуп демонстрацияга чыккан активист. Лондон. 15-апрель, 2019-жыл.

15-апрелде Лондондо демонстранттар калаанын башкы көчөлөрүнүн айрымдарын тороп, бийликти климаттын өзгөрүшүнө каршы кескин чара көрүүгө чакырышты.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активисттер 15-апрелде Британиянын баш калаасы Лондондун эл жык-жыйма жүргөн көчөлөрүнүн айрымдарын торошту. Алар муну менен өкмөттүн көңүлүн климаттын өзгөрүп жатканына буруп, чечкиндүү кадамдарга чакырышты:

- Биз климаттын өзгөрүшү баарыбызды жок кылат деп коркуп, кооптонуп турабыз. Климаттын өзгөрүшү адамзатты гана эмес, жалпы дүйнөнү да жок кылат.

- Биз климаттын өзгөрүп жатканына көңүл бурдурууну каалайбыз деп айткыбыз келет. Брекзит жана башка алагды кылган нерселердин баарын токтоткула, климатка көңүл буруш керек.

Акциянын катышуучулары шаардын эки негизги бөлүгүн бириктирген маанилүү Ватерлоо көпүрөсүн да ар нерселер менен тороп салышты. Кээ бирөөлөрү узунунан өздөрү жатып алышты. Алар жолдорду күнү-түнү ачпай, кеминде беш күн турарын эскертип жатышат.

Климаттын өзгөрүшүнө кабатырланган демонстранттар Ватерлоо көпүрөсүн тороп салышты. Лондон. 15-апрель, 2019-жыл.
Климаттын өзгөрүшүнө кабатырланган демонстранттар Ватерлоо көпүрөсүн тороп салышты. Лондон. 15-апрель, 2019-жыл.

Демонстрацияны уюштурган «Extinction Rebellion» уюму өкмөттөн климаттык жана экологиялык өзгөчө кырдаал жарыялап, абага бөлүнгөн уулуу заттардын көлөмүн 2025-жылга чейин кескин азайтууну жана климаттын өзгөрүшү боюнча чечимдердин кабыл алышын тескей турган атайын орган түзүүнү талап кылып жатат.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы Европадагы жүрүштөр

Өткөн жумада Швейцариянын Лозанна шаарында бийликти климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселе боюнча чечим кабыл алууга чакырып, миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышкан. Алар айлана-чөйрө маселелерин жана климаттын өзгөрүшүн өлкөдө жыл соңунда өткөнү жаткан федералдык шайлоонун башкы темасы кылып алып чыгууну көздөп жатышат.

Европада климаттын өзгөрүшүнө каршы жүрүштөр былтыр жайдан тартып күчөгөн. Буга 16 жаштагы швециялык кыз Грета Тунбергдин бир нече күнгө созулган акциясы себеп болгон. Андан бери Грета Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча конференциясында, Давосто өткөн дүйнөлүк форумда сүйлөп, быйыл Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү. Швециялык секелек кыз глобалдык жылуулуктун өсүш ыргагын токтотуш үчүн өнүккөн мамлекеттерди, анын ичинде өз өлкөсүнүн бийлигин абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмүн 15 пайызга азайтып, планетадагы абанын ысышын эки градустун чегинде кармап турууга чакырып жатат.

Апрель айынын башында Грета Тунберг Германиядагы «HoerZu» тележурналынын сыйлыгына ээ болду. Ал наамды алып жатып буларды айтты:

«Биз, окуучулар келечегинин бузулушуна каршы чыгып, мектептен калган, бул кризиске эң эле аз кедергисин тийгизген адамдар баарынан көп жабыркаган, саясатчылар дүйнөнү сактап калуу абдан кымбат экенин айтып, жерден отун казып алууга триллиондогон долларларды сарптап жаткан кызыктай дүйнөдө жашап жатабыз».

Грета Тунберг Стокгольмдогу акциялардын биринде.
Грета Тунберг Стокгольмдогу акциялардын биринде.

Грета Тунбергдин демилгеси менен мектеп окуучуларынын климатты сактап калууга багытталган «Келечек үчүн жумалар» деген кыймыл түзүлгөн. Анын алкагында дүйнөнүн булуң-бурчундагы мектептерде, коллеждерде жана университеттерде окугандар ар аптанын жума күндөрү сабактарын калтырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы демонстрацияларга чыгып жатышат. Эң ири акция 15-мартта өттү. Бул күнү 123 мамлекетте эки миңден ашуун акция уюштурулду. Жалпы катышуучулардын саны бир жарым миллионго чукулдады.

Атмосфераны булгаган газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы болуп саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет. Илимпоздордун айткандарына таянсак, энергиянын абдан кир булактары: көмүр жагуудан жана автоунаалардын чыккан кара түтүн башка газдардай атмосферага тегиз тарабайт. Алар ошол чыккан аймакта уюп калат.

Дүйнөдө көмүрдү эң көп колдонгон 10 өлкөнүн сап башында Кытай, АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турат. Бул он өлкөнүн үлүшүнө дүйнөнүн көмүргө муктаждыгынын 85%, ал эми Кытайга анын 50% жакыны туура келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG