Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:20

Элге илинген карыз жана «элирген» жетекчилер


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-июнь, 2019-жыл).

«Economist» журналы бийлик элдин атынан карыз алууну токтотушу керек экенин жазды. 2016-жылы Мозамбиктин бийлиги ар түрдүү компаниялардан элге айтпай 1,4 миллиард доллар карыз алган. Бул өлкөнүн экономикасы сазга батары менен чет элдик инвесторлор кетип калып, карыздын кесепети элге катуу тийген. Эки жыл бою эл медициналык тейлөөсүз, дары-дармексиз калган. Америкалык компаниялар жана жарандар аралашкан бул ишке байланышы бар, чет жакта арам акчаны адалдаган үч мурдагы банкир, финансы министри баш болгон сегиз кишиге АКШнын прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Мозамбиктин мисалы азыр көп өлкөлөрдө кезигет. Ал тургай Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кытай баштаган өлкөлөрдөн карыз алууда өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди этият болууга чакырып келет. Эл аралык каржы институту жана дүйнөлүк банкирлер биримдиги, ошондой «Чоң жыйырмага» кирген өлкөлөр Жапонияда өткөн жыйында дал ушул карыз маселесин талкуулашты. Жакыр өлкөлөргө карыз берүүнү автоматташтырып, маалыматтардын кампасын түзүү боюнча сунуш түштү. Ага ылайык ЭВФ карызга байланыштуу ар бир документти терең изилдеп, талдай алмакчы. Азыркы тапта кедей мамлекеттердин 44% карызга батканы аныкталган.

АКШ Азиядагы таасирин жоготууда

Борбор Азиядагы кош саммит Вашингтондун чөлкөмдөгү таасирин жоготуп баратканын көрсөттү. Израилдин «The Jerusalem Post» гезити ушундай жыйынтыкка келди. Бишкек менен Дүйшөмбүдөгү Кытайдын, Орусиянын, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин чогулушун бул басылма АКШнын таасир талашта артта калышы катары жоруду.

«Бул кош саммит отуз өлкө лидеринин башын бириктирди. Анда кол коюлган «Бишкек резолюциясында» Владимир Путин, Си Цзиньпиң баштаган лидерлер аймакта баш көтөргөн үч желмогуз күчкө - экстремизмге, жикчилдикке, террорчулукка каршы бирге күрөшүү тууралуу чечим кабыл алышты.

​Мындан тышкары алар «эл аралык кылмыштарды» токтотуу жана «көп уюлдуу глобалдык түзүлүшкө» байланыштуу маселелердин үстүндө иштешүүнү макулдашты. Шанхай Кызматташтук Уюму (ШКУ) 19 жылдан бери АКШ жеңе албаган Ооганстандагы жарандык согушту токтотуучу күчкө ээ. Кытай менен Орусияга таянган Иран ШКУнун саммитине катышып, Кошмо Штаттарга каршы упай топтоду. Анда сөз сүйлөгөн Хасан Роухани «АКШ экономикалык, аскер ресрустарын колдонуп, эл аралык эрежелерди бузуп, чөлкөмдөгү тынчтыкка коркунуч келтирип жатканын» айтты. Роухани бул билдирүүсүн Вашингтон Иранды «эки деңиз танкерине кол салды» деп айыптагандан бир күн өтпөй жасаганын Тегеран дүйнөнүн башка кубаттуу күчтөрүнөн колдоо издегени менен түшүндүрсө болот. Бишкек менен Дүйшөмбүдөгу жолугушуулардан улам АКШнын аймактагы таасири Кытайга, Түркияга, Орусияга жана Иранга жеңилип баратканын көрсө болот», - деп жазат басылма.

Өрттөнгөн дүйнөнү өзүбүз сактайлы

Келаткан жылдары адам баласы напсисин тыйганды үйрөнбөсө табияттын каарына калып, планетада кырсыктар көбөйө берерин «The Guardian» гезитине блогер Сюзанна Растин жазды. 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшүнө каршы Рио-де-Жанейро протоколун кабыл алгандан бери бул мүшкүл азайбай эле улам күчөп баратат. 30 жылга чукул убакыттын ичинде абага бөлүнүп чыккан уулуу газдар 37,1 миллиард тоннага жетти. Деңиз деңгээли көтөрүлүшүнөн жана аба ырайынын ар түрдүү кырсыктарынан улам 10 миллион киши жер которду. Планетадагы биологиялык ар түрдүүлүк барган сайын кедерине кетип барат. Бирок акыркы жылдары Европанын саясий чөйрөсүндө табиятты сактап калууга чоң кадамдар жасалууда. Маселен, Европарламенттин 10% Жашылдар партиясы ээледи.

Кытайда желим шише чогулткан адам.
Кытайда желим шише чогулткан адам.

Экономист Йозеф Стиглиц «климаттын өзгөрүшүн адамзат үчүнчү дүйнөлүк согуш катары кабылдашы керек» деген оюн айткан. Бирок согуштун соңу болот, ал эми климаттын өзгөрүшүнүн чеги жок. Согушта душман тарап бар. Табиятты оңдоодо адамзаттан башка душман жок. Ушундан улам дүйнөнү сактап калыш үчүн бардык саясий чөйрөдө «жашылдарды» көбөйтүш керек. Адам баласы ансыз да бул глобалдык мүшкүлгө каршы жашоо образын өзгөртүүдө. Маселен, эттен баш тарткандар, учак менен учпай калгандар Европада көбөйүп баратат. Автор мындай майда кадамдар маанилүү болгону менен кызыкчылыкты көздөгөн саясаттын нугун дүйнөнү, жаратылышты сактоого бурмайын иш оңолбой турганын белгилейт.

Бийликтеги «жинди» жетекчилер

2019-жылдын май айында «Дүйнөнү түзгөн лидерлердин психикалык саламаттыгы» аттуу китеп чыгып, анда Александр Македонский, Людовик XIV, Гитлерден тартып Дональд Трампка чейинки 19 лидердин портрети аркылуу алардын саламаттыгы чагылдырылган. Китеп тууралуу Швейцариянын «Le Temps» гезити атайын макала жарыялады.

«Дүйнөнүн нугун бурган Адольф Гитлер, Сталин жана Робеспьерлер жырткыч болушкан. Алардын дээрлик баары өзүн ашыкча сүйгөн психикалык оору менен жабыркашкан. Бийлик - эң күчтүү баңгизаттай. Лидерлердин көбү, анын ичинде Александр Македонский, Уинстон Черчилл, Екатерина II алкоголь менен чылымга көз каранды эле. Гитлер, Сталин менен Робеспьер айланасындагыларга өмүр бою ишенбей, таарыныч менен жашап, бул сезимдери улам өрчүп отуруп, дүйнөнү талкалашкан. Уинстон Черчилл катуу депрессиядан жабыркап, адамдардан жатыркачу. Наполеондун уйкусу бузулуп, кыйналчу», - дейт китептин автору психиатр Патрик Лемуан. Макаланын автору Дональд Трамп тууралуу АКШдагы кызуу талкууларды эске салып, Трампта «нарциссттик көз караштагы эгоизм» бар экенин, бирок бул психикалык ооруга кирбей турганын жазган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG