Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кытай Борбор Азияны курал менен жабдыйт


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-16-сентябрь).

"The Diplomat" журналы Кытайдын Азиядагы аскерий дымагы чөлкөмдөгү АКШ же Индия сыяктуу ири күчтөр менен тең салмактуулукту сактоого багытталгандай каралып келип, Орусияга улагалаш жайгашкан Борбор Азияга болгон Бээжиндин аскерий кызыгуусу улам өрчүп баратканы тууралуу макала жарыялады.

"Кытайдын аскерий техникасы улам өнүгүп жаткан чакта Орусия бул багыттагы өндүрүштү жаңылоого өтө ашыкпай келет. Дал ушул кырдаалды Кытай арзан курал-жарак чыгаруу менен өз максатына пайдаланууда. Кытайдын чөлкөмгө курал сатуусу таасир талаштын бир бөлүгү болушу ыктымал. Бирок Советтер Союзу урагандан кийин Кытай Борбор Азиядан аскерий курал-жаракты сатып алып келген. Маселен 1998-жылы Казакстандан 40 торпедону алган. Андан бери доор өзгөрүп, азыр Кытай арзан курал чыгарууну мыкты өздөштүрдү. Негизги үлгүсү советтик куралдарга окшош бардык техника чыгууда. 2018-жылы Казакстан Кытайдан Y-8 аскерий учагын сатып алды, ал "Антонов АН-12" учагынын көчүрмөсү. Түркмөнстан да куралдануудан артта калбай, "HQ-9" коргонуу системасы алган. Бул Орусиянын "S-300" системасына окшош. 2010-жылдын башында Кытай Тажикстандын полициясына 600 миң доллардык курал-жаракты жардам катары берген. 2014-жылы Кытай Кыргызстанга да курал-жарактан көмөктөшкөн. Өзбекстан менен Түркмөнстан Кытайдын аскерий жабдыктарын газга айырбаштап жатат. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында көп жылдардан бери чөлкөмөдө террорчулукка, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы туруу максатында бир катар аскерий ири машыгуулар да болду. Бээжин курал-жаракты белекке берип, же сатууда дал ушул Шиңжаңдагы коопсуздук маселесин бетке кармоодо", - деген ойдо Гонконг университетинин бүтүрүүчүсү, ЕККУнун Бишкектеги академиясынын изилдөөчүсү Йо Ци Ян.

Латынга өтүү оңой эмес

"Eurasinet" басылмасы журналист Крис Риклтондун Кыргызстандагы латын арибине өтүү боюнча кызуу талкууга арналган макаласын чыгарды.

"Арипти алмаштыруу геосаясий жана капчыкты каңтарган чоң чечим болуп саналат. Кыргызстандын жаңы дайындалган билим берүү министринин латынга өтөбүз дегени коомдо кызуу талкууга жем таштады.

11-сентябрда Каныбек Исаков кирилл арибинен латынга өтүү зарылдыгын айткан. Социалдык медианын колдонуучулары бул сөздөн улам экиге бөлүнүштү. Казакстан 2025-жылга чейин латынга толук өтүүнү пландап жатат. Өзбекстан латын арибине 1993-жылдан тарта эле өтө баштаганы менен бул процесс азыр жарымдап гана калды. Көчөлөрдөгү жарнак, көрнөктөр латынча болгону менен өзбекче китеп, веб сайттар дагы деле кириллицадан оолактай элек. Президент Сооронбай Жээнбеков өз бийлик мөөнөтүндө латынга өтүү ишке ашпай турганын айтканы бар. Андан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев латындаштыруу түрк тилдүү элдерди "бөлүп-жарат" деп, Евразиядагы бирдиктүү маданиятты кириллица камсыз кылууда деген эле. Эки президент тең Орусияга ымаласы ысык экенин далилдеп, Казакстандагы латындашууну өлкөнүн ички иши катары баалашкан.

Москвадагы Стратегиялык маданият фондунун веб сайты 2019-жылдын башында Борбор Азияны латындаштыруу "АКШнын геосаясий куралы" катары баалаган макала чыгарган.

"Бул жерде башкы максат адамдарды экиге бөлүп, шайлоо алдында өзүнө упай топтоо болуп жатат", - деген бааны Москвадагы маалымат-аналитикалык борборунун адиси Сергей Масаулов берди. Кандай болгон күндө да кыргыз тили кирилл арибин тез эле чанып, жапырт латынга өтүүсү узак убакытты талап кылары шексиз", - деп жазат Риклтон.

Казакстандагы Кытайга каршы маанай

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бээжин сапарын утурлай өлкөдө Кытайга каршы маанай курчуп кеткенин бир нече чет элдик басылмалар жазды. Жапониянын "Asia Nikkei Review" журналы бир нече эксперттин көз карашын жарыялады.


"Алматыдагы Саясат таануу жана эл аралык мамилелерди иликтөө борборунун директору Айдар Амребаев каршылык акцияларынын артында "Токаевди жактырбаган саясий топтор турушу мүмкүн" деген пикирде. Дагы бир саясатчы Расул Жумалы Казакстандагы "синофобиянын" артуусуна өлкөдө экономикалык жана саясий таасирин улам жоготуп бараткан Орусия кызыкдар деген ойдо. Буга кошумча Расул Жумалы Кытай компаниялары менен эки тараптуу келишимдер, чек араны тактоо, кытайлык компаниялардын Казакстандын мунай, газ секторуна кирүүсү элден жашыруун болгондуктан да ушундай карама-каршы көз караштар келип чыгып жатканын билдирди. Казакстандыктардын антикытайлык маанайын ири долбоорлордогу жемкорлук да курчутууда", - деп жазат басылма.

"Jamestown Foundation" сайты да Казакстандагы Кытайга каршы акцияларга кайрылып, алар улам күчөп баратканын баяндаган. "Эки өлкө ортосунда миңдеген жумушчу орундарын камсыз кылчу завод, фабрикалар ачылат деген келишим болгонуна карабай, Кытай убадасын аткарбай жатканына жергиликтүү эл капа болууда", - деп баяндайт басылма.

Декретке чыга албаган аталар жетекчилерин сотко беришти

Жапонияда жаш балалуу ата-энелердин декреттик эс алуусуна байланыштуу мыйзамдар мыкты болгонуна карабай, андай мүмкүнчүлүктөн куру калган аталар көбөйүүдө. Дал ушундай абалда калган аталар жетекчилерин сотко берип жатканын "The Independent" гезити жазды.

Алгачкы соттук иш 12-сентябрда Токиодо болду. Жапониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Шинжиро Коизуми келинчеги, белгилүү алып баруучу Кристел Такигава төрөгөндө декреттик өргүүгө чыгууну суранган. Министр өкмөттөн терс жооп алгандан кийин сотко кайрылып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

"Митсубиши" компаниясында иштеген америкалык атуул да жапониялык иш берүүчүлөрүн декреттик эс алууга чыгарбай койгону үчүн сотко берди. Анын арызы октябрда каралмакчы.

Жапон социалдык медиасынын колдонуучулары азыр эки жаатка бөлүнүп, декретке аялдар эле чыгышы керекпи же аталарга да жубайына жардам берүү үчүн мүмкүнчүлүк берилиши керекпи деп кызуу талкууга түштү.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG