Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:29

Ажылыктан айныткан фатва, аңдыган Кытай


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-8-июль, 2019-жыл).

Британияда чыккан «The Guardian» жана «Financial Times» басылмалары Кытай кантип санариптик технологияны тыңчылыкка колдонуп жатканы тууралуу макалаларды жарыялашты. «The Guardian» гезити Кытайдын чек арачы офицерлери туристтердин телефондоруна тыңшоочу тиркемелерди орнотуп жатканын баяндап: «Мусулмандар жашаган аймактар катуу көзөмөлгө алынып, адамдын жүзүн аныктоочу камералар көчөлөргө, мечиттерге коюлду. Ошондой эле алардын телефондоруна мамлекеттик органдар уруксат берген гана тиркемени орнотууга болот. Чек арачылар Кыргызстандан кирип-чыккан туристтердин телефондоруна жашыруун тиркемелерди киргизип, жеке маалыматтарды топтоп жатышат.

Бул багытта Германиянын «Süddeutsche Zeitung» жана «New York Times» гезиттери журналисттик иликтөө жүргүзүп, Эркечтам өткөрмө бекетинде туристтердин телефондору катуу текшерүүгө алынганын аныкташкан. Кибер коопсуздук боюнча талдоочулар Кытайдын тыңчылык программалары диний экстремизмге байланыштуу англис, араб тилиндеги маалыматтарды издей турганын билдиришти. Шиңжанга бир жылда 100 миллиондой адам турист болуп барат. Алардын көбү тарыхый Жибек Жолундагы Эркечтам чек ара бекети аркылуу өтөт. Чек арадагы текшерүү бир нече этаптан турат. Кыргызстанга өтүп жаткан айрым туристтерден сураганыбызда: «Туристтик компания биздин телефондорго GPS аныктоочуну орнотту го деп ойлогонбуз», - деген жооп алдык», - деп жазат. Ал эми «Financial Times» Кытайдын ичинде бийлик элдин смартфондоруна тыңшоочу программаны киргизип жатканын баяндайт. «MF Socket» деп аталган тиркеме адамдын кайда экенин, ким менен сүйлөшкөнүн, СМСтерди, «Телеграм» сыяктуу байланыш каналдарын толук көзөмөлдөй алат.

Динаятчылардан ажылыкка барбоого чакырышы

«Foreign Policy» журналы айрым динаятчылар Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы менен бул мамлекеттин Жакынкы Чыгыштагы агрессиялык саясатынан улам Меккеге зыярат кылууну токтотууга чакырып жатышканын жазды. Йемендеги Саудиянын кандуу бомбалоосу, журналист Жамал Хашогжинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, Эр-Рияддын Иран кризисине карата өкүмзордук мамилеси суннит мусулмандардын арасындагы ынтымакты ыдыратууда.

Ливиянын атактуу динаятчысы, муфтий Садик ал-Гариани ушул жылдын апрель айында бардык мусулмандарды ажылыкка барбоого чакырып: «Меккеге баргандар парзын аткарбай эле күнөөгө батат. Себеби, алар Сауд Арабиясынын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатышат. Бул өз кезегинде Эр-Рияддын куралдануусун чыңдап, Йемендеги, Сириядагы, Ливиядагы, Тунистеги, Судандагы, Алжирдеги мусулмандардын канын төгүүгө колдонулуп жатат. Ажылыкка жумшалган инвестиция - мусулман бир боорлорубузга каршы жасалган кылмыш», - деген. Сауд Арабиясындагы белгилүү динаятчы, аскердик сынчы Юсуф ал-Карадави 2018-жылы август айында ажылыкка барбоо тууралуу фатва чыгарып: «Ачкаларды тойгузган, сыркоону айыктырган, үйү жокторго башпаанек берген мусулмандар ажыга барып, акчасын сапыргандарга салыштырмалуу Аллага жакыныраак болот», - деп айткан.

Мухаммед пайгамбардын мекени Мекке менен Медина орун алган Сауд Арабиясы дүйнөдөгү мусулмандардын зыярат жайына айланган. Ажылыкка жылына 2,3 миллион адам барат, дагы ушунча адам кичи ажылыкка жөнөйт. Сауд Арабиясынын авторитардык бийлиги, аскердик иш-аракеттери жана курал-жарак сатууга аралашканы Гариани сыяктуу бир катар динаятчылардын сын пикирин жаратууда.

«Матраимов: көлөкөдөгү көмүскө башкаруучу»

«Eurasinet» басылмасына баяндамачы Крис Риклтон менен Бекполот Ибраимов Райымбек Матраимовду талдаган макала жарыялады. «Матраимовдун акчасы өлкөдөгү жогорку бийликте турган аткаминерлердин тагдырын калчоодо. Ал туулуп өскөн кыштактагылар Райымбекти «баатыр» катары сыйлашат.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

48 жаштагы Матраимов Мамлекеттик бажы кызматына 1997-жылы катардагы инспектор болуп кирген. 2015-жылга чейин мекеменин жетекчилигине чейин жетти. Эки жылдан кийин иштен алынып, бирок сот аркылуу кызматына кайра барууга жол ачылды. Анын өмүр баянында кызыктуу эч нерсе деле жок, бирок Матраимов көшөгөдөн чыккысы келбейт. Ал туулган Агартуу айылындагы аксакалдар Райымбек кичинекейинен эле өзү теңдүүлөрдөн айырмаланып турганын эскеришет. Досу Салимбек Ормонов: «Велосипеди бар эле, башка балдарга мингизчү. Абдан мээримдүү, камкор болгондуктан, балдардын баары аны ээрчип алчу», - деп эскерет. Анын оппоненттери Матраимов ошол бала кезиндегидей эле айланасындагыларга жардам берүү менен элге алынганын айтышат. Экс-депутат Ширин Айтматова биздин басылмага өлкөдө «капчыктуулар саясаттын ташын калчап жатканын» билдирди.​

Мурдагы «капчыктууларга» салыштырмалуу азыр Матраимовдор өзүн жашырбай эле, ал тургай видео кайрылуу таратканга чейин батынууда. Алты бир тууган Матраимовдор байлыгын элден түк жашырган жок. Анын уулу «Инстаграм» баракчасына кымбат баалуу мүлкүн, бапыраган бай турмушун тартынбай эле жарыялап жүрөт. Коомчулуктун кысымынан улам Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Матраимовдордун каржы булагын иликтөөнү баштаганына жарым жыл өтсө да Финансы полициясы эч нерсе таба элек.

Бул мекемеде жооптуу кызматта турган Исламбек Матраимов май айында араң жумуштан кетти. Азыркы тапта Матраимовдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка душманы жок. Бирок дал ошол Атамбаев башкарып турган алты жылда Матраимов капчыгын толтурганы жашыруун эмес», - деген журналисттер Кара-Суудагы «Ысмайыл-Ата» фондунун ишмердигин да баяндашкан. Ошондой эле Райымбек Матраимовго байланышкан маалымат каражаттарынын маатериалдарына токтолуп, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүн да мисал келтирген. Авторлордун маалыматына караганда, «кыргыз саясатчылары коомчулуктун каарына калганда кичи мекенинен колдоо издегенди салтка айлантышкан. Маселен, азыр Атамбаев Бишкектин четиндеги резиденциясына жакын айылдардын элин топтоп, аларга таянып жатат. Ал эми Агартуу айылы баш болгон бир нече кыштак кирген айыл өкмөтүнүн жетекчиси Жылдызбек Тиллабаев Матраимовго деле жергиликтүү эл колдоо көрсөтөрүн баса белгилеп: «Биздин көчөдөгү ар бир бала Матраимовго окшош болгусу келет. Жылына ал айылына келип, миңдеген адамдардын көйгөйүн угуп чечип берет», - деди».

Шиңжанда балдар ата-энесинен ажыратылууда

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын жаңы иликтөөсүндө Шиңжандагы мусулман балдарды Кытай бийлиги ата-энесинен бөлүп, өзүнчө лагерлерге жайгаштырып жатканы маалым болду. Жүз миңдеген адам кайра тарбиялоочу жайларда жашап жатканы баяндалат.

Шиңжандагы кайра тарбиялоочу лагерлер.
Шиңжандагы кайра тарбиялоочу лагерлер.

Ачык документтерди карап чыгып, жүздөгөн үй-бүлөнү сурамжылагандан кийин Би-Би-Синин кабарчылары аймактагы балдар кыйын акыбалда деген тыянак чыгарышты. Кайра тарбиялоо иштери башталгандан бери мусулман үй-бүлөлөрдүн 400дөй баласынын дайыны чыкпай жатат. Расмий бийлик муну «борбодук камкордук» деп атоодо. Стамбулда ондогон ата-эне чогулуп, дайынсыз балдарынын сүрөттөрүн бири-бирине көрсөтүшүүдө. Би-Би-Си алтымыш адамды маекке тарткан. Дарексиз балдардын бардыгы уйгурлар. Германиялык окумуштуу Адриан Ценз Шиңжандагы мектептерге кошумча жатаканалар салынып, балдар 24 саат бою чыкпай окуп жатканын далилдеген документтерди көрсөттү. 2017-жылдан бери бала бакчага барган мусулман балдардын саны жарым миллионго көбөйүп, бала бакчаларды салууга бийлик 1,2 миллиард доллар жумшаган. Ценз бул жайлардын көбү лагерь катары колдонулуп жатат деп божомолдойт. Би-Би-Си Кытайдын расмий бийлигинен мындай жайлардын максатын сурап кайрылганда: «Биз аларга тамак-аш, кийим-кече берип жатабыз. Тийиштүү камкордук көрүлүп, билим алышууда. Лагерь эмес, интернат десек туура болот», - деген жооп алды. Стамбулдагы энелердин бири Би-Би-Сиге: «Миңдеген жазыксыз жаш балдарды ата-энесинен ажыратып коюшту. Эмнеге дүйнө муну билсе да унчукпай олтурат?», - дейт көз жашын сүртүп.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG