Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Интернеттин жаатташтырган күчү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-30-сентябрь, 2019-жыл).

«Eurasinet» басылмасына Крис Риклтон Интернет Кыргызстандагы түндүк-түштүк ажырымын ырбатып жатканын жазды. Риклтон: «Кыргызстандагы саясий олку-солку кырдаалды аймактык ажырым такай коштойт. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун тирешүүсү да мындан куру калган жок. Коомдо чыңалуу кызып, адам өмүрү кыйылып жаткан учурда аймактык жаатташуунун оту алоолоп турду. Атамбаев кармалгандан бир нече күн өтпөй, анын тарапташы Фархад Баабиев менен Аман аттуу адамга таандык деген телефон сүйлөшүүнүн жазуусу чыгып, анда «оштуктарга каршы туруу» идеясы козголгон. Бул аудиону «YouTobe» аркылуу 100 миңден ашуун киши угуп, социалдык медиада бир топ нааразылыкты жаратты. Баабиевге «аймактык кастыкты козутту» деген айып коюлуп, кылмыш иши ачылды.

Быйыл июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык түйүндөрдө аймактык ажырымга жол ачкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен. Бир нече күн өтпөй УКМК бишкектик дизайнер Никита Тарасенкону суракка чакырды. Буга анын «Фейсбуктагы» баракчасына Сооронбай Жээнбеков ага-инилери менен түштүктүк белгилүү «байлардын» жанында отурган коллажды жарыялаганы себеп болду. Тарасенко сүрөткө «оштук уюшкан кылмыштуу топ» деген тамашалуу ат койгон.

Аймакка бөлүнүү - улутчулдук саясаттын тамырына барып такалып, СССР учурунан бери келе жаткан көрүнүш. Кыргызстандын саясатына сереп салган Вашингтон университетинин доценти Скотт Радниц советтик бийлик жаатташууну атайын кызытып, элди бөлүп башкарып турчу деген ойдо. Жарандык активист Нурсултан Акылбек аймакка бөлүнүүнү социалдык желедеги дымактуу саясатчылар каржылаган «троллдордун фабрикасы» өз максатына колдонуп жатканын белгилейт. Активист «Азаттык» радиосунун Райымбек Матраимовдун миллиондору тууралуу иликтөөсүнөн кийин Матраимов дал ушул онлайн-троллдорду жалдап, өзүн актоо аракетинде деген ойдо. Анткен менен, айрым эксперттердин пикиринде, Интернетте түндүк-түштүккө бөлүнүү курч маселе болгону менен келе жаткан шайлоодо жердешчилик өтө деле олуттуу роль ойнобой калары айтылат. Себеби, бир топ жылдан берки тынымсыз кагылышуулардан тажаган өлкөнүн саясий олигархтары эми бакубат жашагысы келет», - деп баяндаган.

Хоргос Кытайдын калпына айланууда

«The Diplomat» журналы Казакстан менен Кытайдын чегиндеги «Хоргос» эркин экономикалык зонасынын азыркы акыбалына сереп салган. «Кытай баштаган «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алгачкы кадамы, Евразия материгиндеги эң ири соода порту болот деп кеп болгон Хоргос үмүттү актадыбы?» деген суроого АКШдагы Принстон университетинин окумуштуусу Генри Руел жооп издеди.

Хоргос.
Хоргос.

«Кытай «Бир алкак – бир жол» долбооруна 1 триллион доллар жумшарын билдирген, бирок азыркыга чейин бул суммасын канчасы, кайда сарпталганын тактоо кыйын. Хоргос порту жаңы ачылганда «Евразиянын Дубайы», «казак менен кытайдын Роттердамы» болору айтылган. Кургак материктеги эң алыскы соода порту Кытайдын товарларын Европага темир жол менен ташымак. Бирок азыр Хоргостон мындай потенциалды көрө албай жатабыз. Хоргос аркылуу өткөн кытай товарынын 80 пайызы Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнө гана жетип, Кытай Европага товарын мурдагыдай эле деңиз менен ташууда. Карнеги эл аралык фонду кытай бийлиги Хоргос аркылуу товар ташыган ишкерлерине 40 пайыздык субсидияны сунуш кылганы менен Борбор Азияда темир жол менен товар ташуунун экономикалык кирешеси жок болуп жатканын белгилейт. «Бир алкак – бир жол» долбоорундагы башка курулуштардан айырмаланып, Хоргосту казак бийлиги өз акчасына салдырган, Кытайдан насыя алган эмес. Ушундан улам Кытай ага беш колун толук сала албайт. Хоргостон миңдеген чакырым алыстагы Бишкек ЖЭБинде чыккан кытай насыясына байланыштуу коррупциялык чыр-чатак «Бир алкак – бир жолдун» ишке ашпаган долбоорлорунун айкын мисалы боло алат. Учурунда «Кытай менен Казакстан дүйнөгө дал ушул Хоргос аркылуу товарын жеткирет» деген убадалар эми жокко чыгып жатат», - деген ойдо Хоргоско барып келген окумуштуу Генри Руел.

Сауд Арабиясы аял туристтерге эркиндик берет

Сауд Арабиясы 49 өлкөнүн туристтерине жеңилдик берип, визаны оңой алчу программаны кабыл алды. «Newsweek» журналынын маалыматына караганда, эми падышалыктагы ЮНЕСКОнун мурастарын көрүүгө барган аялдар бети-башын ачып жүрө алышат.

Сауд Арабиясы.
Сауд Арабиясы.

«Буга чейин шарияттын эрежесин бекем туткан бул өлкөдө жумуш кылууга, окууга, диний зыяратка жана ал жактагы жакындарын көрүүгө гана уруксат берген виза ачылчу. Мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман өлкөнү эл аралык коомчулукта заманбап көрсөтүү максатында бир катар мыйзамдарды өзгөртүүдө. Азыркы тапта Сауд Арабиясында тарыхый жайлардан тышкары кымбат баалуу кийимдер, буюм-тайым сатылган дүйнөлүк бренддердин дүкөндөрү көп ачылып, чет элдик туристтерди өзүнө тартууда» деп жазат басылма.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG