Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Тилек Мамытов «Forbes» тизмесинде


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-26-август, 2019-жыл).

Балага упчу эмизген спикер

Узаган жумада Жаңы Зеландиянын парламентинин төрагасы жыйын маалында ымыркайга упчу менен сүт эмизип жаткан видеосу дүйнөлүк басылмаларда эң көп окулуп, талкууланган тема болду. «Newsweek» журналынын окурмандары да бул жаңылыкты абдан жылуу кабыл алышты.

Тревор Маллард.
Тревор Маллард.

Депутат Тамати Коффий декреттик эс алууда отурганына карабай, парламентке ымыркайын көтөрүп барган. Отурум учурунда спикер Тревор Маллард депутаттын уулун колуна алып, бөтөлкөдөн сүтүн берип, алдейлеп жаткан видеосу социалдык тармактарда тараган. Спикер Маллард «Твиттер» баракчасына: «Адатта спикердин креслосу отурумдарга жетекчилик кылыш үчүн эле колдонулчу. Бул ирет кызматташым Тимдин уулу экөөбүз отурдук», деп жазган. Жүз миңдеген окурмандар анын кыскача видеосун бөлүшүп, Жаңы Зеландия чакан мамлекет болгону менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн өлкөгө айланып баратканын белгилешти. Зеландиянын парламентинин депутаттары отурумдарга балдарын тартынбай эле көтөрүп келгенди адатка айландырган. 2018-жылы өлкөнүн өкмөт башчысы Жасинда Ардерн алгач ирет бооруна көтөргөн наристесин парламент жыйынына алып кирген дүйнө лидери катары тарыхта калган.

Кыргызстандык Тилек Мамытов «Forbes» тизмесинде

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө мыкты баштапкы бизнес-долбоорлорду турмушка ашырган дүйнөдөгү 174 жаш ишкердин тизмеси чыкты. Алардын арасында «Outtalent» аттуу түйүндүн негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргызстандык Тилек Мамытов да бар. «Forbes» журналы Мамытов Кыргызстанда программист болуп жылына 4 миң доллар эле каражат таап келгенин, бирок чет жактан таланттуу, тил билген жана программалоого кызыккан жаштарга жумуш табуучу онлайн система иштеп чыккандан кийин «Google» компаниясы ага 140 миң доллар маяналуу жумуш сунуш кылганын маалымдайт. Эми Мамытов иштеп чыккан программа аркылуу дүйнөнүн чар тарабындагы программалоого кызыккан жаштар чет жактан жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мамытовдон тышкары 174 жаш ишкердин катарында кыймылсыз мүлк соодасы, ижарага берүү, атактуу бренддеги кийимдерди арзан алып сатуу аркылуу жумуш табууга шарт түзгөн программаларды иштеп чыккандар да бар. «Азыр заманбап компаниялардын бардыгы кааласа-каалабаса да онлайн-технологияны колдонушу керек. Ушундан улам «Google» сыяктуу ири ишканалар майда баштапкы бизнес-долбоорлорду колдоп, алардын киреше табышына шарт түзүүдө», деп жазат журнал.

Түркиядагы уйгурлар бычактын мизинде

«Financial Times» гезити Түркиядагы уйгурлар Анкаранын Бээжинге карата саясаты улам жумшарып, түрк бийлигинин экономикалык кызыкчылыкты өйдө коюп жатканына кабатыр экенин маалымдайт.

Шинжадагы «тарбия лагерлеринин» бири, чет элдиктер барган учур. 5-январь, 2019-жыл.
Шинжадагы «тарбия лагерлеринин» бири, чет элдиктер барган учур. 5-январь, 2019-жыл.

«Шиңжаңдагы түзөтүүчү лагерлердин иши башталганда башка мусулман өлкөлөрдөй унчукпай отуруп бербей, Түркия ачык каршылыгын билдирген. Азыркы тапта Түркияда 30 миңдей шиңжаңдык уйгур жашайт. Бирок кийинки убакта алар Анкара менен Бээжиндин соода-экономикалык байланышы арткан сайын жеке коопсуздугу менен эркиндигине кабатыр. 2018-жылы түрк бийлиги Кытайдан 3,6 миллиард доллар карыз сураган. «Bloomberg» агенттиги бул карыздын биринчи траншы - 1 миллиард доллары быйыл июнда Түркияга жеткенин маалымдайт. Түркиядагы Чыгыш Түркстан улуттук ассамблеясынын жетекчиси Сейит Түмтүрк: «Уйгурлар азыр бычактын мизинде жашап жатат, Кытай Түркияга экономикалык басым кылып жатканын билебиз», - деди. Жорж Вашингтон университетинин Эллиот эл аралык мамилелер институтунун жетекчиси Шон Робертс АКШ менен тил табыша албай жаткан түрк бийлиги азыр Кытайга болушунча ыктап жатканын белгилейт. «Азыркы тапта жүздөгөн уйгурлар Түркияда камакка алынган, алардын кырктайын депортациялоо маселеси турат. Түрк бийлиги дагы канча уйгурду бутага алары белгисиз», деген басылма макалада бир нече каармандын айткандарына таянып, Тажикстан аркылуу уйгурлар Кытайга депортациялана баштаганын мисал келтирген. Анкара буга чейин Бээжиндин уйгурларга кылган катаал мамилесин кескин сындап келген эле. Акыркы кезде андай маанай улам солгундап бара жатат.

ЕАЭБдин пенсияга байланышкан баш оорусу

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) түзүлгөндө Москва ага кирген өлкөлөрдүн мигранттарынын баарына тегиз пенсия төлөнөрүн жарыялаган. «Eurasinet» басылмасы муну жүзөгө ашыруунун акыркы стадиясына жеткенде көмүскө экономикада иштеген эмгек көчмөндөрүнүн дээрлик баары сызга отуруп калмай болгонун жазат. «Биримдиктин курамындагы Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Армениянын жана Кыргызстандын пенсиялык системасы бир тартипке кирип, саламаттыкты жана карылыкты камсыздоо башталмак. Орусиянын эмгек министри Максим Топилин 2020-жылдан тартып төлөмдөр ишке ашарын билдирди. Азыркы тапта аймактагы пенсия төлөө 1992-жылдагы мамлекеттин жаран улгайганда социалдык жактан камсыздоо укуктарына ылайык ишке ашып келет. ЕАЭБдин жаңы тартибине ылайык мигранттар Орусиянын Пенсиялык фондуна акча төгүшү зарыл. Бул үчүн аларда расмий эмгек келишими болууга тийиш. Орусияда ЕАЭБден барган жүз миңдеген эмгек мигранттары келишимсиз, көмүскө экономикада иштеп жүргөнү белгилүү. Мындай шартта пенсияга чыгуу мүмкүн эмес. Маселен, 2018-жылы Кыргызстандан барган 27 жаштагы Бермет Москвадагы ашканалардын биринде официант болуп иштеп, эмгек келишими бар. Бирок анын расмий маянасын иш берүүчүлөр салыктан качыш үчүн бир нече эсе аз жаздырат. Мындай шартта анын пенсиялык төлөмдөрү чектелүү болгондуктан, Берметтей мигранттардын көмүскө кирешеси эсептелмейинче толук пенсияга чыгышы мүмкүн эмес», деп жазат «Eurasinet».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG