Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Миңдеген якут-кыргызды тынчыткан мэр


Сардана Авксентьева.
Сардана Авксентьева.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-август - 2-сентябрь, 2019-жыл).

«New York Times» гезити Якутиянын борбору Якутск шаарынын башчысы Сардана Авксентьева тууралуу макала чыгарды. «Талдоочулар Сардана мэрликке Орусияда сейрек кездешкен калыс шайлоо менен барганын айтышат. Алгач ирет шайланган аял мэр ар дайым учакта эконом-класс менен учуп, мамлекеттик бюджетти максатсыз пайдаланган аткаминерлерди иштен айдап, мэрияга таандык кымбат баалуу «Тойота» машинесин сатып ийип, жөнөкөй эле автоунаага отуруп, бийликтегилерге өрнөк болуп жатканы социалдык медиада кызуу талкууланып жатат», дейт макаланын автору Нил Макфаркуар. Автор советтик доордон бери эле келе жаткан аял-эркек теңдиги деген үгүттөргө карабай, Орусия дагы эле эркек үстөмдүк кылган коом экенин, кара костюм-шым кийгендердин арасынан аялдарды сейрек эле учуратса болорун жазат. «Авксентьева алгач шайлоого жөн салды эле катышып, жасалма талапкердей көрүнгөн. Бийликтеги партиянын кысымы күчөгөн сайын ал улам чыйралып, эч кандай тоскоолдуктарга карабай, эл арасында чогулуштарды өткөрүп, жарнамаларын жөнөкөй жүк машинелердин үстүнө жайгаштырган. Натыйжада шаар башчылыкка ал атаандашынан 8% озуп чыгып шайланган. Кызматка келери менен эле улут аралык кагылышууну токтотуу милдети жүктөлдү. «Кыргызстандык мигранттар якутиялык келинди зордуктады» деп жергиликтүү эл көтөрүлүп, мигранттарды сабап кирген. Миңдеген адамды тынчтандырыш үчүн Сардана Борбор Азиядан агылган миграцияны чектей турганын билдирип, кагылышууну улут аралык эмес, экономикалык деп мүнөздөп, жаалданган топторду таркаткан», деп баяндайт «New York Times».

Кыргыз саясатынын айланма эшиги

«Eurasianet» басылмасы айрым саясатчылар түрмөгө түшүп, артынан эле кээси андан чыгып, айтор шайлоого жакындаган сайын Кыргызстанда саясий кырдаал улам кызып баратканына токтолот.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев.
Саясатчы Өмүрбек Текебаев.

«Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралып, алар үй камагына чыгышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда камалган Текебаев: «Өч алууну көздөбөйбүз. Адам катары мен баарын кечирдим, бирок бизде укуктук негиз деген болушу керек. Буйрук бергендер жоопкерчилигин тартышы зарыл», - деди. Аны каматкан мурдагы президент Атамбаев азыр темир тор артында олтурат. Саясат талдоочу Марс Сариев «Eurasianet» журналына бийлик азыркы саясий кырдаалды жөнгө салышы керек экенин, Атамбаев камалгандан кийин өлкөдөгү аймактык ажырым курчуп кетип, чыңалуу күчөгөндүктөн, Текебаевди бошотуп бийлик элдин маанайын өзгөртө алганын айтты. Бирок эксперт азыр Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп кетпей, саясий аренада оппозициялык маанайды жаратат деген оюн кошумчалайт. Ошондой эле 2017-жылдан бери четте жүргөн Өмүрбек Бабановдун да кайтып келиши саясий атмосфераны жандантууда», деп жазат басылма.

Кыргызстанда үчүнчү ыңкылап болбойт

«Global Risk Insight» басылмасы Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларды талдап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин өлкөнү 2005, 2010-жылдагыдай ыңкылап күткөн жокпу деген суроого жооп издеген.

Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйү.
Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйү.

«Кыргызстандын саясаты азыр олку-солку болуп турат. Путин-Медведев схемасын пландаган Атамбаевдин ою ишке ашпай, анын мураскери кайра өзүн камады. Ал арада 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон, кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов кайтып келди. Атамбаевдин камалышындагы кагылышуу дагы бир революция кырдан көрүнүп калгандай жоромолдорго жол ачкан. Анан калса «өлкөдө аймактык ажырым бар» дегендер четтен чыгат. Бирок бул ажырым саясий чөйрөдө гана бар», деген басылма Атамбаевди колдогондор кескин азайып калганын билдирет. Эл аралык деңгээлде да аны колдогондор азайган. Маселен, Кремль Атамбаевди жактабай, азыркы бийликке ымаласын билдирүүдө. Онлайн журнал буга Атамбаевдин Владимир Путин менен кезиккенден көп өтпөй эле кармалышын мисал келтирет. «Путин азыр «Жээнбеков менен иштешүү пайдалуу» деген саясат нугунда. Себеби мурдагы советтик өлкөлөрдөгү авторитардык бийликтин сүрү Кремлдин күч-кубатын арттырат. Атамбаев менен Жээнбековдун тарапташтары канчалык тирешсе да өлкөдө үчүнчү ыңкылап болушу күмөн. Путин азыркы бийликти жок дегенде 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чейин колдой берет. Ал арада Бабановго карата олуттуу кылмыш иштери козголгон. Саясий карьерасын улантары бүдөмүк болгону менен анын «Республика» партиясынын мүчөлөрү азыр бийликтин маанилүү бутактарында отурушат. Балким Бабанов камакка алынса өлкөдө кайра тынчтык бузулушу ыктымал. Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши Кыргызстанды «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деген мүнөздөмөдөн алыстатты. Кокус бийлик эми Бабановго билек түрсө, өлкө демократиянын сынагынан дагы бир ирет өтөрү шексиз», деген жыйынтыкка келген «Global Risk Insight» басылмасынын талдоочулары.

50 жылда дүйнө кандай өзгөрөт?

«Daily Mail» гезити 50 жылдан кийин дүйнөдө боло турган 10 өзгөрүүнүн тизмесин жарыялады.

«Биринчиси - суу алдындагы жолдор, анда Британия менен Европаны, Скандиванияны туташтырган деңиз алдындагы жолдор курулат. Катуу зилзалага туруштук бере алчу жер алдындагы мунара үйлөр салынат. Өзүн-өзү тазалаган «акылдуу» үйлөр көбөйөт, бир эле кнопканы басуу менен үйдү тазалоого мүмкүн болот. Космосто мейманканалар курулуп, адамдар Айга эс алганы барышат. Адамдын органдары үч мерчемдүү принтерден чыгып калат. Көчөдө сатылган тамак-аштын көбү курт-кумурскалардан жасалат. Саламаттыкты текшерип, сүйлөгөн сөздү каалаган тилге которо алган, денеге чапталчу чиптер чыгат. Учкан такси, автобустар сапарга чыгып, адамдар дрон-коптерлерди минишет. Интерактивдүү кино тасмалар тартылат, адамдар кино көргөндө анын ичинде жүргөндөй болушат», деген божомолдорду келтирет «Samsung» компаниясы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG