Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Миллиард долларды катуунун амалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-13-октябрь, 2019-жыл).

«Economist» журналы «Миллиард долларды кайда катса болот?» деген суроого жооп издеген. «Сиз миллиардды уурдап алдыңыз дейли, өлкөңүз жакыр, мыйзамдары иштебейт, полиция, соттор сатылат, анан эле сиз миллиард долларды ошол өлкөдөн уурдап алдыңыз, эми аны кайда катасыз? Себеби азыр дүйнө клептократтарды жек көрөт. Мурда өлкөсүн тоногондорго коомчулук маани берчү эмес. Маселен, Конго Демократиялык Республикасын Мобуту Сесе Секо башкарып турганда ал хан сарайында жылына 10 миң шише кызгылтым шампан ичип, жыргап-куунап жашап, өлкөсү экономикалык комада жаткан эле. Ага өз эли да, дүйнө коомчулугу да көңүл бурчу эмес. Ал тургай өлкөсүн тоногондорду Швейцариянын банктары кош колдоп тосуп алчу. Акыркы жылдары Батыш өлкөлөрү коррупция менен байыгандарга далысын салууда. Быйыл АКШнын Юстиция министрлиги Мозамбиктин мурдагы финансы министрине иш козгоп, анын Швейцариядагы 2 миллиард долларлык эсеби камакка коюлду. Американын прокурорлору мындай акча уурдагандардын сары изине сая түштү», - деген басылма эми чындап эле миллиард долларды кантип катса болот деген суроого бир нече кеңеш берген. «Биринчиден, социалдык медиага кымбат-баалуу кийим-кече же машине менен мактанып, сүрөт-видео койбош керек. Экинчиден, кымбат баалуу нерсени сатып алуудан оолак болуу абзел. Маселен, нигериялык ишкер Колаволе Аканни Алуко 80 миллион долларга яхта сатып алып, аны Жей Зет менен Бейонско аптасына 900 миң доллардан ижарага берип, иликтөөчүлөрдүн кылтагына илинген. Үчүнчүдөн, кыйын кезеңге деп накталай акча ала жүрүш керек. Экватордук Гвинеянын мурунку лидери Масиас Нгуэма өлкө казынасындагы акчаны бакчасындагы бамбук алачыкка сактачу. Жамгыр жаап, бамбукту суу каптап, акчасынан кол жууган. Дагы бир жолу кымырып алган байлыкты Батыштын бийлигине «мамлекеттик» деп кутулса болот же Свазиленддин падышасындай өлкөнүн болгон байлыгын өзүнө менчиктештирип, бийликти монархиялап алган оң», деп сунуш кылат басылма.

Европа Борбор Азияга акча салгандан чочуйт

Дүйнөлүк экономикалык кырдаалды талдаган «Euractiv» басылмасы эмнеге Еврошаркет Борбор Азияга чыгыштагы чоң коңшу Кытайдай ири инвестиция жумшабай жатканын талдады.

Казакстанда Кытайдын инвесторлоруна каршы митинг
Казакстанда Кытайдын инвесторлоруна каршы митинг

«Европа Комиссиясындагы Борбор Азия боюнча жооптуу өкүл Питер Буриан Берлиндеги Евразия клубу уюштурган жыйында сүйлөгөндө «Кытай эч ким баш тарта албаган акчаны чөлкөмгө салууда. Еврошаркеттин бул аймактан эмне каалаганын эч ким аңдай албайт», - деди. Борбор Азияга салынчу каражат Евробиримдиктин жакынкы жети жылдык бюджетине кирдиби деген маселе да талкууланды. Акча жетиштүү болгону менен Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын ар бирине өзүнчө каражат коротпой, аларга дүңүнөн каржы салса болот беле деген суроого адистер «аймактагы саясий кырдаал буга жол бербейт» деген жоопту айтышат. Евробиримдиктин өкүлдөрү «Кытай бул чөлкөмгө эбегейсиз ири суммадагы акчаны ар түрдүү долбоорлорго салып жатат. Мындай долбоорлор Кытайдын өзүнө кайра пайда алып келер-келбеси арсар. Ушундан улам Еврошаркет Кытай сыяктуу тобокелге сала албайт. Жакында эле Тажикстандагы кытай инвесторлору менен түзүлгөн оор кырдаал буга мыкты мисал», - дешти. «Schneider Group GmbH» компаниясынын директору Ульф Шайдер Европа эч качан Кытай менен Борбор Азияга салган каражат боюнча атаандаша албай турганын баса белгиледи», - деп баяндайт «Euractiv».

ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

Вашингтондо чыккан «Inside Highered» басылмасы 2019-жылдын январь айында Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде «окутуучу студентке жыныстык ыдык көрсөттү» деген чырдын ЮНЕСКО менен байланышын иликтеди. Аталган басылмага Арарат Осипиан деген лакап ат менен Жорж Мейсон университетинин окумуштуусу, профессор Александр Миртчев: «Жыныстык ыдык көрсөтүү - дүйнөдөгү чоң мүшкүл. ЮНЕСКО да ар дайым аны менен күрөшүү зарыл экенин белгилеп келет. Университеттерде бул мүшкүл көп болсо да, алардын жетекчилери кайдыгер мамиле кылган учурлар көп. ЮНЕСКО жыныстык ыдык көрсөтүүгө каршы уюмдардын башында тургандыктан, жогорку окуу жайларындагы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Кыргыз-Орус (Славян) университетинде теологиядан сабак берген окутуучу Денис Брусиловский 19 жаштагы студентине телефон аркылуу жыныстык ыдык көрсөткөнү тууралуу кабар 2019-жылдын башында тараган. Окуя боюнча териштирүү да башталган. Бирок диний экстремизм, толеранттуулук, диний туризм жана философия боюнча сабак берген Брусиловский студентин «жалган жалаа жаап жатат» деп чыккан.

Кыргызстандын жазык кодекси боюнча кимдир-бирөөгө ыдык көрсөткөн киши катуу жазага тартылат. Эгер айыбы далилденсе, кылмышкер 2,5 жылга кесилип, 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Бирок бул өлкөдө мындай кылмышты далилдеш өтө эле кыйын. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көпүрө саналган университет 2016-жылы студенттер менен окутуучулардын өз ара мамилесинин этикалык кодексин да иштеп чыккан. Анткен менен окуя кандай бүтүп, окутуучунун күнөөсү далилденип-далилденбегени азырынча белгисиз. Бул ишке ЮНЕСКОнун кандай тиешеси бар? Тиешеси ушул: «студентине ыдык көрсөттү» деп айыпталган Брусиловский иштеген Дүйнө маданияты менен диндери кафедрасы Кыргыз-Орус университетинде ЮНЕСКОнун көмөгү менен 1999-жылы ачылган. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму жыныстык зомбулукка каршы резолюция кабыл алды. Балким ЮНЕСКО студент менен окутуучунун ортосундагы чырды кылдат иликтөөнү талап кылса, бул иш ордунан жылышы ыктымал», - деген оюн жазат.

Орусиядагы мигранттардын түмөн түйшүгү

«The Diplomat» журналы Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Кэррис Шенктин Орусиядагы мигранттарга байланыштуу интервьюсун чыгарды.

Окумуштуу мигранттардын расмий органдар менен мамилеси, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн барган жумушчулар баштан кечирген кыйынчылыктар сыяктуу маселелерге кенен кайрылган. «Орусиядагы мигранттар бийликтин эрежелери менен мыйзамдарын көз жаздымдан чыгарбашы керек. Мындан тышкары, Орусиядагы мамлекеттик органдардын өз ара байланышы начар болгондуктан иш уруксаты же дагы башка расмий документтер эбегейсиз чоң тоскоолдуктар менен алынат. Бирок миграция саясаты жалаң эле Орусияда катаал эмес. 2015-жылда өзгөргөн орус мыйзамдарына ылайык Борбор Азиядан барчу мигранттардын санына чектөө коюлбайт. Миллиондогон мигранттар ай сайын Орусиядагы салык төлөө, анын дүмүрчөгүн чогултуу, каттоого туруу сыяктуу иштер менен кыйналышат. Бир эле дүмүрчөк табылбай калса, мигрантты депортациялаган учурлар көп. Евразия Экономикалык Биримдиги мигранттардын акыбалын жеңилдете алган жок. Ошентсе да, жергиликтүү мыйзамдарга үстөмдүк кылган учурлары бар. Биримдикке кирген кыргыз мигранттардын акыбалы өзбек, тажиктерден айырмаланып жеңилирээк. Ушундан улам Орусияга көп кыргызстандыктар агылууда. Бирок биримдик убада берген социалдык, медициналык камсыздоодон кыргыз мигранттары азырынча куру жалак калып жатышат. Жалпылап айтканда, Орусиянын мигранттарга карата саясаты өтө эле катаал», - деген профессор.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG