Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:37

Кадырова: Чындыкты айткан медиктерди тыйбаш керек


Убактылуу стационарлардагы дарыгерлер. 6-июль, 2020-жыл, Бишкек

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп турган кез. Эмне себептен ушундай абал түзүлдү? Пневомнияга чалдыккандарды коронавирустун статистикасына кошуу эмне үчүн маанилүү?

"Азаттыктын" суроолоруна саламаттык сактоо боюнча эл аралык эксперт, Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси Нинель Кадырова жооп берди.

- Эмне үчүн расмий статистикада коронавирусту жугузуп алгандар менен өпкөсү кагынгандарды бөлүп көрсөтүп келатышат? Эпидемилогиялык абалды түшүнүү үчүн пневмония болгондорду статистикага кошуу канчалык маанилүү?

- Пневмонияга кабылган бейтаптарды билүү илдетти жугузуп алгандардын реалдуу санын аныктоого мүмкүндүк берет. Буга чейин COVID-19 же эмеспи деп жаап-жашырып келишти.

Эми мына Cаламаттык сактоо министрлиги канча киши пневмония болгонун расмий жарыялады. Жылдын бул мезгили үчүн мындай сан мүнөздүү эмес. Макул, бул жөнөкөй пневмония экен, анда илдетти эмне козгогонун аныктагыла дедик. Себеби, дарыгерлер элди кантип, эмне менен дарылоо керектигин билиши керек да. Ооруну эмне козутканын билсеңер, анда тиешелүү дары-дармек атагыла, дарылоо схемасын айтып бергиле.

Эки илдеттин клиникасы окшош болуп атса, пневмониядан COVID-19га караганда алда канча көп киши өлүп жатса, бул COVID-19 же ал эмеспи деп кайталап отура бербей, чара көрүш керек.


Кыргызстанда кургак учук же ВИЧке байланышкан маалыматтын ачык жарыяланышына жетишкенбиз. Ошол сыңары азыр да статистиканы, сандарды жаап-жашырбаш керек. Ооба, башында эл паника болбосун деп балким бир аз чындыкты айтуудан чочулашкан. Ошол эле маалда чек араларды өз маалында жабышты, карантин да өз убагында киргизилген. Бирок эл карантинде отурган ошол эки-үч айды саламаттык сактоо системасын бейтаптардын кескин көбөйүшүнө жакшылап даярдоо үчүн пайдаланыш керек эле да.

Бизде болсо эртеңкини ойлобой эле бүгүнкү кырдаалга жараша гана иш алып барышууда. Канчалаган медиктер ооруп калды, аларга абдан чоң күч келүүдө, суй жыгылчудай абалда иштеп жатышат. Система эпидемиянын күчөшүнө даяр эмес, медкызматкерлер тартыш болуп турган маалда бейтаптар күндөн күнгө көбөйүүдө. Бул эң коркунучтуу абал.

Оорунун жайылышына "коронавируска ишенбейбиз" деген кишилердин көп болгону да таасир этти окшойт. Ошол эле маалда чыныгы абал жөнүндө айткан догдурларды тыйып, кечирим суратканга чейин барып жатышты...

Мен өзүм үчүн, бардык медицина кызматкерлери үчүн аябай ызаландым. Дарыгерлер корголбогону аз келгенсип, коргоочу каражаттары, беткап тартыштыгына карабай алардын оозун да жаап жатышты. Эгер алар чындыкты айтып чыгышса, кечирим суратышты.

Билесизби, Борбор Азия мамлекеттеринде адамды башка адамдын алдында кемсинтип жатса, мындай учурда эч качан жагымдуу абал түзүлбөйт. Менимче адамдар азыр арып-азып калышты жана бул кезектеги социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Анткени биздин адамдарды кемсинткенге болбойт. Анткени биздин ар-намысыбыз эле калды. Эч кимди эч качан кемсинтпеш керек.


- COVID-19га каршы күрөшкө түшкөн акчаны биринчи кезекте эмнелерге жумшаш керек деп ойлойсуз?

- Ушул жерден биздин Саламаттык сактоо министрлигинин жаңыланууга, оорунун жайылышын ооздуктоого, дарылоого шарт түзүүгө саясий эрки болушу керек. Донорлордон келген каражат медициналык кызмат көрсөтүүнүн өзүн жакшыртууга жумшалышы керек. Бул жерден дарыгерлерден көз каранды болбогон бир топ жагдайлар бар.

Дарыгерлер медициналык кызмат көрсөтүп, кеңеш гана бере алат. Жергиликтүү бийлик негизи өзүн жакшы көрсөттү. Өзгөндө, мисалы, оору жайылганда, дезинфекциялап, кандайдыр бир аракеттерди көрүштү. Азыр консолидация керек. Мисалы “фейк” маалыматтар тууралуу мыйзамдарды кабыл алуу ордуна саламаттык сактоо тармагына каражат бөлүп беришсе болмок.

Пандемия маалында эл ооруканаларга, бейтапканаларга келүүдөн чочулап жатышат. Бирок ооруканага же үй-бүлөлүк дарыгерлерге, бейтапканаларга баары бир барууга туура келет да. Дарыгерлерге да, адамдарга да оору жукпашы үчүн, ошол эле учурда медициналык жардам көрсөтүлүшү үчүн шарт түзүлүшү керек.

- Мына азыркы абалда карантин киргизүүнүн кереги барбы? Вирусту ооздуктоо үчүн эмне кылуу керек?

- Азыркы күндө вирусту жугузуп алуунун чынжырын үзүш керек. Себеби, элдин бири-бири менен көп аралашуусу бүгүнкү оор абалга жеткирди. Мисалы, коомдук транспорт, базарларды эле карасаңар. Бирок экинчи жагынан азыр түшүм жыйноо башталды, бирөөлөр продукциясын сатыш керек, экинчилери жан сакташ үчүн азык-түлүк сатып алыш керек.

Экономикалык абал оор болгондуктан баланс табуу зарыл. Же болбосо ошол эле базарда адамдар ортосунда социалдык аралыктын сакталышын, транспорттун дезинфекцияланышын камсыздагыла. Кыскасы, калк менен иш жүргүзүш керек. Жөн эле саат жетиден кечки жетиге чейин же бешке чейин чектөө болот дебестен, эл көп топтолбошу үчүн шарт түзгүлө, антисептик менен камсыздагыла, беткап тагынууга милдеттендиргиле. Ушул эрежелер бузулбашы керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG