Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Кечирим чыры: Дарыгер Апышев элге өз алдынча жардам бере баштады


Бектур Апышев.
Бектур Апышев.

“Твиттердеги” билдирүүсү үчүн кечирим сураган жаш дарыгер Бектур Апышев коронавирус шартында жардамга муктаж болуп жаткандарга өз алдынча онлайн кеңеш бере баштады. 29-июнда ал Бишкек мэриясынын “Фейсбуктагы” расмий баракчасы аркылуу жүздөн ашуун адамдын суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары Апышев “Твиттердеги” жеке баракчасы аркылуу да кайрылуу таратып, “118/103 жооп бербей жатса мага “Ватсапка” жазгыла. Колумдан келген жардамымды берем. Коронавирус жана башка оорулар сиздерден алыс болсун” деп жазды.

Кайрылуулар көп болуп жатканын, бирок түнү менен болсо да ар бирине жооп берерин билдирди.

Чүйдүн Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген Бектур Апышев коомчулукка быйыл жазында коронавирус эпидемиясы жаңы башталганда таанылган. Ал «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараганы Интернетте кызуу талкуу жараткан.

Бул үчүн жана башка “кечирим суратуулар” үчүн коомчулук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптаган.

УКМК мындай билдирүүлөрдү «...өзүнө жеңил пиар кылууга аракет»​ деп атаган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна «алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан» деп билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги «медицина кызматкерин ишиндеги кыйынчылыктарды айтып чыкканы үчүн “кечирим суратуу туура эмес”​деген көз карашын билдирген.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кечирим сураган медицина кызматкерлери тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган. Бирок кайра аны териштирбей эле коюуну суранган жана буга Бектур Апышевди, анын жетекчилерин күч органдары кайра-кайра суракка чакырып жатышканы себеп экенин "Азаттыкка" билдирген.

Жалпысынан 18-марттан 30-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт "Теза жардам" кызматы бардык кайрылууларга жетишпей жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG