Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Министрлик: "Тез жардамга" чалуулар аябай көп болуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны аябай көп болуп жатат. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өпкөсүнөн кагынгандарды (пневмония) тейлөө үчүн кошумча автомашиналар берилди жана мындай бейтаптар мурда обсерватор болгон жайларга жаткырылууда:

"Кийинки 2-3 күндө кыйынчылыктар болду. Анткени кайрылуулар аябай көп болуп жатат. Эгерде температура 38ден жогору болуп, дем алуу кыстыгып, дем жетишпей жатса 103, 118 номурларына кайрылуу керек. Биз ооруканага жаткырганга аракет кылабыз".

Үсөнбаевдин айтымында, “Тез жардам” кызматына бүгүнтөн баштап 20дай машина кошулду.

Министрликтин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшүү алгоритми өзгөртүлүп, эми анализи бул вирустан таза чыккан, бирок өпкөсүнөн кагынгандардын баары COVID-19 үчүн даярдалган жайларга жайгаштырыла баштады.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG