Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Министрлик: Дарыгерди кечирим суратуу туура эмес


Сүрөтчү Нурбек Насыранбековдун карикатурасы.
Сүрөтчү Нурбек Насыранбековдун карикатурасы.

Медицина кызматкерин ишиндеги кыйынчылыктарды айтып чыкканы үчүн кечирим суратуу туура эмес. Бул тууралуу 13-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Координаторлор, жетекчилер менен тыгыз жумуш жүргүзүүдөбүз. «Иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жанагыдай үстүнөн кысым көрсөтпөө боюнча иш жүргүзгүлө» деп айтып жатабыз. Алар кандайдыр бир маселени айтышы мүмкүн. Эртеси күнү телевизорго же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратуу негизи туура эмес», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы адам 18-мартта катталган. 13-апрелге карата бул көрсөткүч 419га жетсе, алардын 79у медицина кызматкери.

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Мындан бир аз мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тарады. Ушул тапта соцтармактарда «Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду» деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду. (RK)

#БекТур - кечирим сураган дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

XS
SM
MD
LG