Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Укук коргоочу: Кечирим сураган дарыгер кайра-кайра суракка чакыртылып жатыптыр


Сүрөтчү Нурбек Насыранбековдун Бектур Апышевдин окуясынан кийин тарткан карикатурасы.
Сүрөтчү Нурбек Насыранбековдун Бектур Апышевдин окуясынан кийин тарткан карикатурасы.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кечирим сураган медицина кызматкерлери тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусу боюнча териштирүүнү токтотууну суранды. Бул тууралуу ал 4-майда «Азаттыкка» айтып берип, кайрылуусунда сөз болгон дарыгерлер кайра-кайра суракка чакырылып, убара тартып жатканы маалым болгонун, калыс териштирүү жүрөрүнөн күмөн санап калганын билдирди:

«Бектур Апышев бир нече жолу суракка чакырылыптыр. Жалаң эле ал эмес, жетекчилери да чакырылган экен. Бүгүн түштөн кийин менин кайрылуум боюнча кайра чакырышат экен. Тергөөчүгө бир дооматым жок. Бирок аябай кайгырып чыктым. Себеби, жөнөтөрүн жөнөтүп алып ортодо медицина кызматкерлерин кысым алдына калтырып коюптурмун. Андай тергөөнү жүргүзбөй эле коё беришсин, андан көрө. Баары бир Дастан Бекешевге жооп бергендей «эч нерсе табылган жок» деген жооп келет. Андан көрө аларды деле кыйнабай койсун, деп бүгүн ушундай кайрылуу жасадым».

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова 12-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына мамлекет башчы Жээнбековго жана Башкы прокуратурага кайрылган постун жарыялап, коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлери көйгөй тууралуу айтып, көп өтпөй кайра ошол сөзү үчүн кечирим сураган учурларга укуктук баа берүүнү өтүнгөн. Кечирим суратууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тиешеси болушу ыктымал деген оюн айткан.

Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. Үй-бүлөлүк дарыгер Бектур Апышев «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараганы Интернетте кызуу талкуу жараткан.

УКМК мындай билдирүүлөрдү «...өзүнө жеңил пиар кылууга аракет»​ деп атаган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна «алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан» деп билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги «медицина кызматкерин ишиндеги кыйынчылыктарды айтып чыкканы үчүн кечирим суратуу туура эмес»​деген көз карашын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG