Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Оору мыктыларды аябай турганын көрсөттү


Бишкектеги убактылуу стационар. 6-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу стационар. 6-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан 57 бейтап каза болду. Бул бир сутка ичинде илдеттен каза болгондордун саны боюнча өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директорунун мурдагы орун басары Даир Токобаев 7-июлда 34 жашында кайтыш болду. Токобаев бир жумадан бери эки өпкөсү кагынып (пневмония) ооруканада жаткан. Акыркы күндөрү абалы оорлоп кеткени белгилүү болду. Анын санаалаштарынын бири, кесиптеши Мурат Соорбеков маркум тууралуу буларды билдирди:

«Бүгүн Даир байкени анын жакындары, достору акыркы сапарга узатып жатабыз. Артында балдары калды. Адамдык сапаттары бийик, элге кылган мамилеси менен айырмаланган, интеллектуал адамдын ушундай жаш курагында өтүп кеткенине кейип отурабыз. Ушунчалык жашоону сүйгөн адам болчу. Эгер оору алып кетпегенде дагы көп иш жасайм деген ойлору бар эле. Жакында эле сүйлөшкөндө пландарын айтып, кубанган болчу. Эми минтип жоктоп отурабыз».

Даир Токобаев.
Даир Токобаев.

Даир Токобаев 1986-жылдын 23-июнунда Бишкекте туулган. Ал өлкөдөгү бир нече саясий партияларда жана президенттик шайлоолордо саясий технолог катары иштеп, «Манас» эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча мурдагы вице-президенти болгон.

Ал ортодо Кыргызстанда 8-июлда бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 57 бейтап каза болду. Бул бир күндө илдеттен каза болгондордун саны боюнча өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Илдеттен улам көз жумган 57 адамдын 35и Бишкек шаарында, калганы Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында катталды.

Ошентип, коронавирус менен пневмониядан март айынан бери каза болгондордун жалпы саны 378 кишиге жетти. Адистер «адатта жылдын бул мезгилинде пневмония дээрлик катталчу эмес, азыр денеси ысып, жөтөлүп, деми кыстыккандардын баары коронавирус» деп жатышат.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова мындан ары кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатканын билдирди. Ал 20-июндан бери өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) көбөйгөнүн, мурда коронавирус тастыкталган бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин, эми мындай диагноз коюлганга чейин эле бардык муктаждарга жардам берилерин айтты:

«Ооба, COVID-19 катталган алгачкы күндөрдөн тартып республика аймагында пневмония болгондор бирин-серин гана катталып жаткан. Биздин адистер коронавирус деген диагнозду ПЧР анализдин жыйынтыгына карап гана коюшчу. Азыр пневмония болгондор көбөйгөндүктөн ПЧР анализди күтпөстөн тез жардам берүү зарылчылыгы пайда болуп жатат. 20-июндан бери пневмония болгондор көбөйдү. Ошондуктан азыр эки статистиканы бириктирүү жагы каралып жатат».

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 345 адамга коюлду, дарыланып жаткан 67 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Ооруга чалдыккандардын 183ү Бишкек шаарында, калган 162 адам өлкөнүн башка аймактарынын тургундары.

7-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш калаанын тургундарын аймактарга каттабай коё турууга чакырды:

«Аймактардагы жарандарыбызга айткым келет - Бишкек шаарына зарыл жумушуңуздар болбосо келбей туруңуздар! Бүгүнкү күндө Бишкекте абал башка аймактарга караганда бир топ оор. Бишкек шаарынан да ооруну алып, аймактарга жайылтпаш үчүн барбай турууну суранам. Буга чейин «барба, келбе, эшикке чыкпа» десе болбой жаткан жарандарыбыз жок дегенде бул жолкусунда түшүнүү менен кабыл алып, айтылган шарттарды бир аз чыдап аткарып турса жакшы болот эле деп ойлойм».

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө борбор шаарда жана Чүйдө аймактардан келген 106 кызматкер иштеп жатат. Министрлик 8-июлда аларды тартуу жөнүндө чечим ар бир облустагы муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынганын жана аймактарда дарыгерлерге болгон муктаждык өтө курч эмес экенин билдирди.

Өмүр сакчыларына таазим
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:24 0:00

Антсе да баш калаа менен Чүйдөн тышкары облустардагы ооруканаларда орун жана медициналык каражаттары жетишсиз экени байкала баштады.

Ысык-Көл облусунда илдетке чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, ооруканалардан тышкары жерлерде да бейтаптар үчүн орундар даярдалууда. Туристтик аймак болуп саналган Ысык-Көл аймагынан 258 адамдан коронавирус табылып, анын 30у азыр медиктердин көзөмөлүндө. Түп районунун тургуну Асел өзү жана жакындары ооруп жатканын айтып, облустагы абалга кооптонуп турганын белгиледи:

«Биздин айылдарда «Караколдо орун жетишсиз жана бейтап көп» деген сөз желдей тарады. Коңшу айылда кечээ бейтаптар менен иштеген медайым каза болгонун угуп, кыйла чочуп калдык. Мисалы, ата-энем, жакындарым ооруп жатат. Ооруканага жеткенче эле үй шартында өзүбүздү карап жатабыз. Бирок бейкапар, беткапсыз жүргөн тургундар да арбын. Азыр эми менде «Эгер абал курчуп кетсе, аны жөнгө салууга облустун күчү жетеби?» деген суроо болуп жатат».

Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа районунун активисттери бир күн мурун күндүзгү стационарды ачышкан. Бул райондо коронавирус жана пневмония менен ооруп жаткан 60 адам катталган. «Акталаа биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы, активист Кубаныч Баялинов соңку кырдаалды мындайча сүрөттөдү:

Кубанычбек Баялинов.
Кубанычбек Баялинов.

«Биз бир мечиттин медресесин күндүзгү кабыл алуучу жайга айланттык. Бул жакка бир күндүн ичинде эле 40ка жакын адам кайрылган. Көрсө, үйүндө дене табы көтөрүлүп же сасык тумоо гана болдум деп жаткан бейтаптар көп эле экен. Район боюнча үч эле ИВЛ аппараты бар. Азыр ишкерлерге кайрылып, оорунун алдын алуу жана коргонуу чаралары үчүн дары-дармек, дем алдыруучу апараттарды алып коёлу деп жатабыз. Дагы бир өкүнүчтүү жаңылык - бүгүн райондун жалгыз хирургу Кубанычбек Карагуловду жерге бердик. «Пневмониядан көзү өттү» деп жатышат. Ал биздин райондогу жалгыз хирург болчу».

Өлкөдөгү коронавирус илдети эң аз 82 учур катталган Талас облусунда да соңку күндөрү абал өзгөрө баштаган. Талас облусундагы жеке менчик борбордун дарыгери Рысбек Осмонкулов пневмония диагнозу менен кайрылган бейтаптар көбөйгөнүн айтууда:

Рысбек Осмонкулов.
Рысбек Осмонкулов.

«Бир жума ичинде томографияга түшкөн адамдардын 39у өпкөсүнөн кагынган экен. Бүгүн эле алты бейтаптан пневмония табылды. Талас облусунда азыркы учурда менимче, вирус тездик менен жайылып атат. Чакан облуска бир нече күндө эле ушундай көрсөткүч көптүк кылат».

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду.

Алардын арасында дарыгерлер, таанымал адамдар да бар. 6-июлда түнгө маал пневмониядан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Акун уулу Турсунбеков каза болду.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова коронавирус илдетинен көз жумду.

5-июлда «Азаттыктын» чыгаан журналисти, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ошондой эле каза тапкандардын арасында Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Оштогу фтизиатр-дарыгер Альберт Исмаилов, 70 жаш курагында жан берген Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова, Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов жана башкалар бар. Буга чейин Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы төрөгасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев да ушул илдеттен каза тапкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG