Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы оорудан көз жумду


Шыкмаматов жубайы Жанара Турдакунова менен. Сүрөт 24.kg сайтынан алынды.
Шыкмаматов жубайы Жанара Турдакунова менен. Сүрөт 24.kg сайтынан алынды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова коронавирус илдетинен каза болду. Бул маалыматты «Бир Бол» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» тастыктады:

«Коронавируска чалдыгып, бир нече күндөн бери ооруканада эле. Абалы оор деп жаткан. Бүгүн үзүлүптүр».

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин депутаттыгынан кеткенден кийин «Ата Мекен» партиясынан чыгып, «Бир Бол» партиясына кирген. Учурда партиянын республикалык шайлоо штабын жетектейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG