Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Мэрия уюштурган убактылуу стационарларда үч адам каза болду


Бишкектеги Спорт ордосунда уюштурулган стационар
Бишкектеги Спорт ордосунда уюштурулган стационар

Бишкек мэриясы уюштурган убактылуу стационарларда бир күндө үч адам каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мэрия шаардыктарды үйдөн чыкпоого, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты так сактоого чакырды. Маркумдар кайсы стационарда каза болгону тактала элек.

Буга чейин Бишкек мэриясы борбор калаада төрт убактылуу стационар уюштурган. Ар бири 200 орунга эсептелген жайларда тумоолоп, өпкөсү кагынып, абалы жеңил жана орто жарандар күндүз медициналык жардам алары айтылган болчу.

Акыркы күндөрү ден соолугу начарлап ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандарга шаардагы ооруканаларда орун жетпей калган учурлар көп болууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG