Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Убайымдуу бейтаптар, убактылуу ооруканалар

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.

Мындай күндүзгү убактылуу ооруканалар Бишкек шаарынын төрт районундагы спорттук залдарда ачылды. Ушундай эле ооруканалар Ош жана Жалал-Абад, Чолпон-Ата шаарларында да ачылды. Борборлор сасык тумоо, пневмония, респиратордук вирустук инфекция жугузуп алган адамдарды кабыл алууда. Бишкек мэриясы уюштурган убактылуу стационарлар ачылган күнү эле аталган борборлордо бир күндө үч адам каза болду.

18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирустан 99 бейтап кайтыш болсо, пневмониядан каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.



16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG