Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

ДССУ: COVID-19 аба аркылуу жугушу мүмкүн


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жугарын көрсөткөн далилдерди четке какпай турганын, бирок акыркы тыянак чыга электигин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өпкөнү сезгенткен коронавирус көбүнчө оорулуу адам дем алганда, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө чыккан майда тамчылар аркылуу жайыларын билдирип келген.

Ошондой эле бул башка вирустарга салыштырмалуу оор болгону үчүн абада көп кармалбай, кыска убакыт ичинде жерге түшөрү маалымдалган.

Бирок 7-июлда уюмдун өкүлдөрү коронавирус аба жана абада калкып жүргөн майда бөлүкчөлөр аркылуу мурда айтылгандан көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Ошондой эле вирус өзгөчө эл көп топтолгон жерлерде, жабык же жакшы желдетилбеген жайларда аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин ишара кылды.

"COVID-19 вирусуна жана пандемияга байланыштуу бардык чөйрөлөр сыяктуу эле бул тармакта да далилдер чыгып жатканын кабыл алабыз. Андыктан биз бул далилге ачык болушубуз керек. Вирустун жайылуу жолдорун жана кандай чараларды көрүү керек экенин түшүнүбүз абзел", - деп билдирди Женевадагы маалымат жыйынында уюмдун инфекциянын алдын-алуу тармагын тескеген адиси Бенедетта Аллегранзи.

Бишкектеги күндүзгү стационар.
Бишкектеги күндүзгү стационар.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азырынча мындай тыянак расмий ырастала электигин, кошумча изилдөөлөр зарылдыгын белгиледи.

Өткөн дем алышта 32 өлкөдөн чыккан 239 илимпоз дүйнөлүк уюмду "коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүндүгүн көрсөткөн далилдерди көз жаздымда калтырып жатат" деп айыпташкан. Илимпоздордун уюмга жолдогон ачык катында вирус жабык жайда 1,5 метрлик бийиктиктен жерге түшкөнгө чейин аба аркылуу ондогон метр аралыкка жетери белгиленген.

Эгер бул айтылгандар расмий ырасталса, анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамдар ортосундагы 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо сыяктуу бир катар эрежелерди жаңылашы мүмкүн. Ошондой эле адистер коомдук жайларда, транспорттордо беткап тагынууга мурдагыдан да катуу талап коюлушу мүмкүндүгүн айтып жатышат.

АКШнын башкы инфекционисти коронавирустун буга чейинки түрлөрү да аба аркылуу жукканын эске салды.

"COVID-19дун жайылышына абадагы бөлүкчөлөр кандай таасирин тийгизерин так көрсөткөн көп далил жок. Бирок бизде башка мисалдар бар. Буга окшош SARS вирусу абадагы бөлүкчөлөр аркылуу жайыларын так көрсөткөн мисалдар болгон. Андыктан биз муну коронавирустун жайылышындагы негизги себеп дебесек да, аны толугу менен четке кага албайбыз", - деп билдирген АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи.

Кантсе да Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун жайылуу жолдору тууралуу илимий изилдөөлөрдүн топтомун жакын арада жарыяламай болду.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, 19-апрель 2020-жыл.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, 19-апрель 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 11 миллион 840 миңден ашты. Былтыр декабрь айында Кытайдан башталган бул илдеттен баш-аягы 545 миңдей адам кайтыш болду.

7-июлга карата бир сутка ичинде АКШда 60 209 кишиден коронавирус табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө акыркы бир күн ичинде 1114 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Кошмо Штаттарда вирус жуккан адамдардын жалпы саны 3 миллионго чукулдаса, илдеттен каза тапкандардын саны 130 миңден ашты.

7-июлда Калифорния менен Техас штаттарында 10 миңден ашуун адамдын аназилинен коронавирус чыкты. Бул эки штат үчүн бир күн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Бразилияда 1 миллион 670 миңдей адам илдетти жугузуп алса, алардын 67 миңдейи кайтыш болду. COVID-19 илдетин сасык тумоого салыштырып жүргөн Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирусту жугузуп алганы ырасталды.

Коронавирус пандемиясын алдын-ала албаганы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун айыптап келе жаткан АКШ бир жылдан кийин бул уюмдагы мүчөлүгүн токтоторун 6-июлда расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна билдирди.

Кошмо Штаттар дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсү мүчө болгон бул уюмду каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун жылдык бюджетинин 15 пайызы АКШдан келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG