Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Бразилияда президент «коронавируска каршы чара көрбөйт» деген сынга кабылды


Бразилия. Февраль, 2020-жыл.
Бразилия. Февраль, 2020-жыл.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро жана Сан-Паулу шаарларынын тургундары президент Жаир Болсонаруну «коронавируска каршы чара көрбөй жатат» деп сындап, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Жүздөгөн адам шаршембинин кечинде нааразылык иретинде балкондоруна чыгып, чака-чайнек, мискейлерин көпкө чейин каккылап турду. Бул бир жыл мурун ишке киришкен Болсонарунун өкмөтүнө каршы эң чоң нааразылык болуп калды.

Бразилияда COVID-19 вирусуна чалдыккандар 500 кишиден ашты. Алардын арасында өкмөттөгү эки министр бар. Төрт киши өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумду.

Буга чейин президент Болсонару коронавирусту «ойдон чыгарылган илдет» деп мүнөздөгөн. Анын мындай мамилеси коомчулуктун кескин сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG