Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Президенттин жоопкерчилиги жана эскертүүсү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп, кырдаал курчуган шартта президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузгандар жана андан каза болгондордун саны азая элек.

Салтка айланган эртең мененки брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова “9-июлга карата өлкөдө коронавирустан төрт, өпкө кагынынан 42 адам каза болду” деп маалымат берди.

Ушуну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынан каза болгондор 116га, ал эми өпкө кагынынан каза болгондордун саны 310 адамга жетти.

Илдет 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 3053 бейтап айыкты.

Дал ушундай өлкө үчүн оор кырдаалда президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жолдоду. Анда өлкө башчы Кыргызстан өз тарыхындагы кыйын учурду башынан өткөрүп жатканын белгиледи.

Кырдаал үчүн бийликтин жоопкерчилиги бар экенин моюнуна алып, аны жакшы түшүнөрүн айтты:

“Адам өмүрү - баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы - мамлекеттик мааниге ээ. Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө. Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке талабы күчөп жатат. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда. Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракеттер көрүлөт жана милдеттер аткарылат!”.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков эл арасында жүрүп жаткан четтен алган жардамдын максатсыз пайдаланылышы боюнча сөздөргө да жооп кайтарды.

“Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири - чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер "жеп койду" деген сөз. Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берип жатат. Бизде ачык коом. Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз”.

Президент Жээнбеков азыркы кырдаалды биримдик жана жоопкерчилик менен гана жеңүүгө болорун эскертип, оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Соңку апталарда, кырдаал начарлаган учурда "президент элге кайрылуу менен чыкпайбы?" деген пикирлер да айтылган.

Негизи эле Сооронбай Жээнбеков ачыктык, медицина тармагына шарттарды түзүү боюнча билдирүүлөрдү буга чейин да жасап келген.

Акыркы жолу Бишкекте жарандарга медициналык жардам көрсөтчү убактылуу стационарга барган учурда борбор калаада жана аймактарда заманбап клиника куруларын айтты. Бирок президент бул аныкталган план же кырдаалга жараша айтылган жөн гана ниет экенин тактаган жок.

Буга чейин өкмөт оорукана куруу боюнча планын ачык айткан эмес. Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсү менен таанышкан жарандык активист Динара Ошурахунова президент кемчиликтерди ачык айтканы менен кризистен кантип чыгуунун жол-жобосун айтпаганын белгиледи:

Динара Ошурханова
Динара Ошурханова

“Мен көрүп атам, түшүнүп атам деген сөздөрдү ар бир киши айтса болот. Мисалы, мен да айта алам. Бирок менин колумда бийлик жок. Эгер колуңда бийлик турса, эмне үчүн конкреттүү чечимдер болгон жок? "Коопсуздук кеңеши карап атат, жыйын өтүп жатат” деп билдиришет. Бирок эмне үчүн кырдаалды жөнгө салчу конкреттүү чечимдер жок? Тескерисинче, көзөмөлдү күчөтүп, маселе боюнча ачык айткан адамдардын оозун жапканга буга чейин аракет болбодубу. Азыркы абал ошонун жыйынтыгы”.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутат​ы Каныбек Иманалиев президенттин азыркыдай учурда элге кайрылганына оң баа берди. Иманалиев коронавирус менен күрөштөгү буга чейинки өкмөттүн каталарын оңдоо кыйынга туруп жатат деген пикирде:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Президент кайрылуусунда элди биримдикке, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бүгүнкү кемчиликтер жөнүндө ачык айтты. Бирок апрель-май айларында Жогорку Кеңеште суроо берсек “жасалма дем алдырчу аппараттан 325 бар, анын 50гө жакыны иштебейт” деп маалымат беришкен. Эки айдан ашуун убакыт өттү, ошол эле 325 аппарат менен отуруптур. Анын баасы 700 доллардай эле экен. Кырсык баскан 10 күн ичинде 500дөйүн сатып алышты. Балким убагында алып койгондо жүздөгөн өмүрдү сактап калат беле? Мына өкмөттүн кенебестиги ушул кырдаалга алып келди”.

Депутат мындан ары абал оор болушу мүмкүн экенин эскертип, айрым аймактарга чектөө киргизүүгө туура келерин кошумчалады.

Кыргызстанда соңку учурда кырдаалдын начарлашына байланыштуу аймактарда карантин киргизүү демилгелери көтөрүлүп жатат. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков азырынча катуу карантин киргизүүгө муктаждык жок деген пикирин билдирген.

Былтыр декабрда башталган СOVID-19 инфекциясын дүйнөдө 12 миллиондон ашык адам жугузуп алды. 543 миңден ашыгы каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG