Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:42

Пандемияда милдетин унуткан парламент


Дастан Жумабеков Бишкектеги дарыканалардын биринде.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарыканаларды кыдырганын  коомчулук сынга алды. Бир катар жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын тизмектеп, депутаттарды кезексиз жыйынга чогулууга чакырып жатышат. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 8-июлда колуна кагаз-калем алып, жансакчынын коштоосунда Бишкектин дарыканаларды кыдырып чыккан.

Жогорку Кеңештин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган видео тасмадан Дастан Жумабеков азыркы учурда табылбай жаткан дарыларды сурап, алардын баасын жазып алганын көрүүгө болот.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу төраганын дарыкана кыдырышын мындайча түшүндүрдү:

«Дастан Жумабековго жарандар кайрылып, дары-дармек кымбаттап кеткенин билдиришкен экен. Ал башка депутаттар менен бирге ачып жаткан күндүзгү стационарга баратып дарыканаларга да кире кеткен. Бул текшерүү же көзөмөлдөө эмес, болгону депутат катары маалымат алайын деген. Элдин арызданганы менен дарыканада төрага өзү көргөн баа бир аз окшошуп, дал келип жатат. Эми Дастан Жумабеков материалдарды чогултуп, тиешелүү органдарга кайрылмакчы».

Төрага катышкан видео тасмага түшүндүрмө берген маалыматта «Дастан Жумабеков дарыканада кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду» деп жазылган. Мындан тышкары Жумабековдун дары сатып алып жаткан жарандын ордуна 215 сом төлөп койгону да тартылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков төраганы күнүмдүк түйшүктөр менен алек болбой, келечектүү мыйзамдарды кабыл алууга чакырды:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Жогорку Кеңештин негизги ыйгарым укуктары Конституцияда жазылган. Аткаруу бийлигинин ишине кийлигишкидей алардын бир да укугу жок. Дарыкана, башка жерлерди кыдырганы - шайлоо алдындагы пиар-өнөктүк. Жогорку Кеңеш өлкөдө болуп жаткан окуяларды өзү шайлаган өкмөт аркылуу көзөмөлдөйт. Мындан тышкары депутаттар кырдаалга, шартка жараша мыйзамдарды кабыл алышат. Жогорку Кеңеш аптека кыдырбай, азыркы абалды курчутуп жиберген аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин караса жакшы болмок».

Баш мыйзамдын 70-беренесинде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары так көрсөтүлүп, «Жогорку Кеңеш – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдүк кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат» деп жазылган. Жөнөкөй тил менен айтканда, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарат жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Исхак Масалиев - мандаттын мааниси калбай калганын айтып, 25-майдан тартып Жогорку Кеңештеги ишмердигин өз эрки менен токтотуп койгон депутат. Ал парламенттин демилгени колдон чыгарганына көп болгонун айтууда:

«Азыркы Жогорку Кеңеш өз ордун, функциясын так билбей калды. Кыргызстан парламенттик-президенттик башкарууда жашап жаткандан кийин Жогорку Кеңеш эң бийик орган болушу керек. Бизде тескерисинче болуп жатат. 2017-жылдан бери депутаттарга расмий эки жолу кайрылып, «биз парламенттик өлкөбүз, ойгонолу» дедим, бул сунушум суу кечпей койду. Идеалдуу парламент болгондо коалициялык парламент күпүлдөп иштеп, оппозициялык азчылык аларды кызытып турушу керек эле. Төрага дарыкана кыдыргандан көрө Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырса туура болмок. Пандемияга байланыштуу мыйзамдар кабыл алынышы керек эле».

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын, милдеттерин жарандар да билбей турганы айтылып келет. Жарандар көп учурда эл өкүлдөрүнөн өкмөт аткара турган иштерди талап кылышат, ал эми депутаттыкка талапкерлер шайлоо алдында жол, мектеп, завод-фабрика салууга убада берет.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз эл өкүлүнүн иши мыйзам долбоорлору менен бааланышы керек экенин эске салды:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

«Көптөгөн депутаттар өзүнүн түздөн-түз милдетин кандайдыр бир кайрымдуулук иштери менен алмаштырып алган учурлар кездешет. Ошол эле учурда эл да өз жумушун аткарбай, башка иш менен алек болгон депутаттарды жакшы көрүп, кол чаап коштогон учурлар кездешет. Саясий таанып-билүү маданиятына жетүүгө көп жыл бар, азыр өсүү жолундабыз. Калыстык менен сүйлөй турган болсок, Жогорку Кеңештин негизги милдети - мыйзам чыгарып берүү».

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндан баштап эки айлык эс алууга кеткен. VI чакырылыш 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен алты саясий партиянын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Парламенттин азыркы курамын түзгөн алты партиянын бешөө кезектеги шайлоого катыша турганы белгилүү болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG