Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 19:39

Жетинчи чакырылышка камынган депутаттар


Жогорку Кеңештин депутаттары.

Жогорку Кеңештин азыркы курамын түзгөн алты партиянын бешөө кезектеги шайлоого катышкысы келерин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кат жиберип, күзүндөгү парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген партиялардын арасынан «Ата Мекен», «Республика», «Кыргызстан», «Бир Бол» партияларын жана Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин бөлүнгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) да көрүүгө болот. Бир гана «Өнүгүү-Прогресс» БШКга кайрыла элек. Партиянын кийинки кадамдары боюнча комментарий алганга мүмкүн болгон жок. Бирок «Өнүгүү-Прогресстин» кээ бир депутаттары башка партиялар менен шайлоого бара турганы белгилүү болду.

Дастан Бекешев - күзгө белгиленген шайлоого барар-барбасын ойлонуп жаткан депутаттардын бири. Ал кызматташтарынын көпчүлүгү кайра мандат алууга белсенип турганын айтты:

«Ар бир депутат мандат алуунун жолун өз алдынча издеп жатат. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, азыркы 120 депутаттын баары кайра шайлана албайт. Ашып кетсе 30-40 адам мандатка ээ болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин калганы жаңы келген адамдардан куралат».

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы алты фракциядан куралган. Алар 2015-жылы парламенттик шайлоодо жарышка катышкан 14 партиянын арасынан суурулуп чыккан. «Политмер» интернет-сайты депутаттардын шайлоо алдындагы убадаларына беш жыл бою талдоо жүргүзгөн.

Редакциянын жетекчиси Наргиза Нанакееванын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы жакшы эмес, депутаттар берген убадасынын жарымынан көбүн унутуптур.

Наргиза Нанакеева.
Наргиза Нанакеева.

«Алтынчы чакырылыштын депутаттары жалпы жонунан 500дөн ашуун убада беришкен, - дейт ал. - Алардын көбү унутта калып, 30% гана аткарылды. Шайлоо алдында куру сөздөр көп айтылып, ишке ашпай турган убадалар берилген. Популисттик убдалары көп болгон фракциялардын сап башында «Кыргызстан» менен «Өнүгүү-Прогресс» турат. Андан кийин КСДП, төртүнчү орунда «Ата Мекен» келе жатат. Арасында «азык-түлүктү базар баасынан 30% арзан саткан дүкөн салабыз. Коомдук транспорт бекер болот. Мугалимдерге 400 доллардан айлык беребиз» деген сыяктуу убадалар абдан көп».

Жарандык активист Азият Жекшеев бийликке бир нече талап койгон «#REакция» акциясынын башында туруп, үч жолу президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чыкты. Митингдердин ар биринде бийликке жана Жогорку Кеңештин дарегине сын-пикир көп айтылган. Акыркы жолу 29-июндагы нааразылык акциясынын катышуучулары Жогорку Кеңештин таркашын да талап кылышкан. Азият Жекшеев алдыдагы шайлоону тазаланууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк катары көрүп жатат.

29-июндагы «#RЕакция 3.0» акциясынын катышуучулары.
29-июндагы «#RЕакция 3.0» акциясынын катышуучулары.

«Азыр кандай гана сурамжылоо жүрбөсүн, мурда-кийин саясатта жүргөн адамдарды көргүсү келбей калды. Эл жаңы жүздөргө суусап турат. Алардын эл алдына барууга моралдык укугу болбогону менен шайлоого катышууга юридикалык угугу бар. Үгүт учурунда эскилердин ишке ашпай турган кезектеги убадаларына алданбай, аткарылбаган сөздөрүнө жооп сураш керек. Эл акыркы беш жыл үчүн отчёт алса болот. Ушундай жол менен гана жаман-жакшысын айырмалай алабыз», - деди Азият Жекшеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, 1-июлдан баштап эки айлык каникулга тарап кеткен. Саясий серепчи Бекбосун Бөрүшбашев кырдаал күн-күнгө курчуп турган учурда Жогорку Кеңештин эс алууга кетишин түшүнбөй турат.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Эгерде сен мамлекеттик бийликтин башында турсаң, өлкө ушинтип апаатка учурап турган маалда кайсы бетиң менен эс аласың? - деп суроо салды ал. - Жогорку Кеңеш тарап кеткенге чейин сөз эркиндигине каршы келген мыйзамды кабыл алып, элдин кыжырына тийип туруп алды. Анын ордуна элдин экономикалык абалын көтөрө турган, калкты медициналык жактан колдоону, улуттун коопсуздугун эске алган чечимдерди кабыл алса болот эле. Акыркы беш жыл ичинде деле көзгө толумдуу иш кылган жок. Эми шайлоого камынып жатышканына таң калып турам. Элдин алдына эмне деп барат?»

Бул парламенттин депутаттарынын 73% кандайдыр бир ишкерлик менен байланышы бар экени да аныкталган. Мындай статистика «Жогорку Кеңештин VI чакырылышы олигарх-ишкерлерден турат» деген сөздүн чыгышына себеп болууда.

Легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Ашыралиев ишкерлердин саясатка келиши мандатты коммерцияга айлантканын айтып жатат. Анын пикиринде, соңку беш жылда депутат болгондордун көпчүлүгү акчанын жардамы менен кайра эле Жогорку Кеңештин босогосун атташы толук мүмкүн.

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

«Азыркы партиялар кайра эле Жогорку Кеңешти эңсеп турат. Алар «бизге эл ишенет, алдыңкы орундарга турабыз» деген ойдо болуп турушат. Алар бул шайлоого сөзсүз катышат, анын үстүнө бардыгында акча бар. Партиялар акчасы көп адамды тизменин алгачкы бештигине каттап, кийинкисине чоң кызматтар боюнча убада берип жатпайбы. Шайлоо убагында акча короткондор депутат, өлдүм дегенде аким, губернатор, ылайыгы келсе министр болуп жатат. Ушундай коммерциялык жол менен бийликти бөлүп алышпады беле?» - деди ал.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалган. Күзүндө боло турган шайлоого катышууну каалаган партиялар 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин БШКга жөнөтүп, партиянын жыйынын өткөрүшү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG