Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

«Аткаруучу» атка конгон алтынчы чакырылыш


Жогорку Кеңеш.

11-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары 34 мыйзам жана келишимди карап, кабыл алды.

Алардын айрымдарын дароо эле үч окууда жактырууга жетишти. Көңүл бура турган жагдай, дээрлик көпчүлүк мыйзамдар парламент жыйынына катышты деген 109 депутаттын "макул" деген добушу менен кабыл алынды.

Маселен, бул күнү Жогорку Кеңештин күн тартибинде "Прокуратура" жөнүндө, Салык, Административдик, Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр, Канттагы Орусиянын аскердик базасы боюнча, Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу бир нече келишимдер бар эле.

Булардын ичинен үч мыйзамга гана бирин-экин каршы добуш берилгени болбосо, талкууланган 30дан ашуун мыйзам жана келишимдер бир добуштан жактырылды.

Дастан Бекешев 11-июндагы жыйынга башынан аягына чейин катышкан депутаттардын бири. Ал бул күнү мыйзамдардын жапырт кабыл алынышын буга чейин макулдашуулар болгону менен түшүндүрдү:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

«Көпчүлүк мыйзамдар Конституциялык палатанын чечими менен болду. Ошон үчүн дароо үч окуудан кабыл алынды. Аны баары бир өзгөртө алмак эмеспиз. Экинчиден, макулдашуулар каралды. Ошондуктан, андай деле принципиалдуу каршылыктар болгон жок деп ойлойм».

Албетте, мыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу парламенттин негизги милдети. Өлкө үчүн зарыл мыйзам менен келишимдерди көпкө создуктурбай кабыл алууну пандемия маалында түшүнсө да болот.

Бирок соңку кырдаал кабыл алынган мыйзамдардын сапаты жана парламенттеги плюрализмдин жоктугу боюнча маселени козгоду.

Ишенбай Кадырбеков - Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон. Ал парламенттин соңку иш-аракеттерин жоопкерсиздик катары сыпаттады:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

«30 мыйзамды бир күндө дароо кабыл алгандын өзү таңкалычтуу. Бул ишке болгон кайдыгер мамиле. Мыйзамда жазылган ар бир сөз, үтүргө чейин текшерүүдөн өтүшү керек. Азыр кайсы бир жактан буйрук түшсө керек. Тилекке каршы, азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кандай буйрук болбосун илгиртпей аткарууга өтүп алды. Чечүүчү эмес, добуш берүүчү парламентке айланды. Чечкиндүү парламент болсо, ар бир мыйзам дыкат каралып, түркүн талдоодон өтмөк. Азыр 30 эмес, 100 мыйзамды деле бир күндө кабыл ала беришет».

Негизи кыргыз парламентинде күн тартибине бир нече мыйзамды киргизип, топ-тобу менен кабыл алган учурлар көп эле болот. Маселен, 2019-жылы өлкөнүн укуктук жааттагы беш кодекси күчүнө кирген.

Бул мыйзамдар жетиштүү деңгээлде талкууланбаганы кийин ачыкка чыгып, абдан көп талаш-тартышка жол ачкан. Мындан улам депутаттар аталган кодекстердеги айрым нормаларды кайра карап, өзгөртүүгө мажбур болгон.

Саясий маселелер боюнча эксперт, экс-депутат Алишер Мамасалиев парламенттеги плюрализмдин жоктугунун кесепети өлкөдөгү абалга терс таасир этерин эскертүүдө:

Алишер Мамасалиев
Алишер Мамасалиев

«Мисалы, былтыр Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси ишке киргенде канчалаган кемчиликтер кеткени белгилүү болбодубу. Азыркы күнгө чейин прокуратура, ИИМ, Жаза аткаруу кызматында бул кемчиликтерди жоюу боюнча экспертизалар жүрүп жатат. Мындай көңүлкош мамиледен канча адам жабыр тартты. Бул көрүнүш өлкөнүн башкаруу системасына, ар бир жаранга зыяндуу».

Ошол эле кезде бир өңчөй чечимдердин "сырын" жыйынга катышкан депутаттын бир нече эл өкүлү үчүн добуш бергени менен да түшүндүрүүгө болот. Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнүн бул жосуну далай жолу сынга да кабылган.

Депутат Дастан Бекешев акыркы жолу да ушундай көрүнүш болгонун танган жок.

"Бирөөнүн ордуна башкасы добуш бергендерди сындап койсом, коллегаларымдын арасында түшүнбөгөндөр чыкты. "Сен кыйынсыңбы?" деп айткандар да бар. Мен кыйын эмесмин, бирок добуш берүүгө катышуу депутаттын милдети да. Эгер катышпаса, таптакыр добуш бербеши керек".

Кыргыз парламенти алтынчы чакырылышы негизинен көз карандысыз саясат жүргүзө албаганы, депутаттардын орунсуз билдирүүлөрү, ката артынан ката кетиргени менен атагы чыкты.

Конституция боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу деп жарыяланганы менен иш жүзүндө президент жана анын аппараты негизги чечимдерди кабыл алат деген пикирлер арбын. Муну депутаттар деле моюнуна алып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG