Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:59

Жогорку Кеңеш: Сапатына жараша салмагы


Жогорку Кеңеш.

4-июнь - Кыргызстанда Парламентаризм күнү. 

Эгемендиктин 30 жыл аралыгында парламенттик башкаруу калыптандыбы? Жогорку Кеңеш эмне үчүн өз алдынча бийлик бутагына айлана албай келатат? Өз алдынчалыкка жетиш үчүн эмне кылыш керек? Канткенде сапаттуу эл өкүлдөрүн шайлай алабыз? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө сөз кылдык.

Талкууга Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

«Азаттык»: - Урматтуу эксперттер, эгемен Кыргызстандын парламенти 30 жылдык тарыхты басып өттү. Артка кылчайып караганда Жогорку Кеңештин бул жылдар аралыгында өсүшү эмне болду, өксүгү эмне болду?

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Бекбосун Бөрүбашев: - Биздин мамлекеттин эгемендигине, анын парламентине 30 жыл толуп отурат. Кандай гана демократиялык мамлекет болбосун, парламент керек. Ал мамлекетттик органдардын ичинен өкүлчүлүктүү, б.а. мыйзам чыгаруучу орган катары өтө маанилүү. Кыргыз парламенти 30 жыл ичинде миңдеген мыйзамдарды кабыл алды, жакшылары болду, жамандары да болду. Акыркы жылдары парламентке биздин коомдун ичи чыкпай жатат. «Жогорку Кеңеш өз милдетин жакшы аткарбай жатат» деген сын көп. Мен да азыркы парламент өкүлчулүк орган катары өз миссиясын аткарбай жатат деп эсептейм. Бул оюмду тастыктап берүүгө аракет кылайын. Депутаттар шайлоо алдында элден наказ, тапшырма алышат. Алардын көбү социалдык-экономикалык маселелер, айрым саясий суроолор да бар. Алар парламентке келгенден кийин баягы шайлоочулардын алдында убада бергенин унутуп, элдин талаптарына ылайык мыйзамдарды жазбай жатышпайбы. Жогорку Кеңеште белгилүү бир топ бар, көпчүлүк мыйзамдар ошол саясий күчтүн кызыкчылыгына карап мыйзам чыгарып жаткандай сезилет. Ошондон улам элдин парламентке койгон баасы төмөн болуп, ар кандай жаман сөздөр айтылып кетип жатат. Парламент деген олигархтардын жана партиялык босстордун эмес, элдик Жогорку Кеңеш болушу керек. Парламент сапаттуу болушу үчүн шайлоо мыйзамын кайра кароо зарыл.

Чыныбай Турсунбеков: - Мындан 30 жыл мурдагы Жогорку Кеңеш мамлекеттин көз каранды эместигинин декларациясын, өлкөнүн башкы атрибуттарын, Конституцияны, ага негизделген көптөгөн мыйзамдарды кабыл алган. Биз ошол мыйзамдардын негизинде жашап келатабыз. Бирок биз парламенттик коомдо али жашай элекпиз - муну баса белгилеп айткым келет. Ар бир чакырылыштын депутаттары болгон шартына, мүмкүнчүлүгүнө, дараметине жараша иш алып барышты. Алар - кандай болсо да өз коомунун күзгүсү. «Биздин Жогорку Кеңеш базаркомдордун, бандиттердин жана олигархтардын парламенти болуп калды» деп сындап жүрүшөт. Коомдо алардын орду болуп жатканын ким танат? Азыркы коомдун жаш мууну юрист же дыйкан болгусу келбейт. Алар «көчө балдарындай» же бандиттей жашагысы келип турат. Бул да коомдун күзгүсү. Ошол коомдун өкүлдөрү парламентке келип жатканы да чын. Алар мыйзам деле жазышпайт. Өз түшүнүгүнө жараша мыйзамдарды колдоп турушат.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Дүйнөдө Конституциясы жок да өлкөлөр бар. Кыргызстандын Конституциясы боюнча биз толук парламенттик өлкө эмеспиз. Парламенттик өлкөнүн классикалык үлгүлөрү Европада бар, алардан үйрөнө алган жокпуз. Кыргызстанда президентти да, парламентти да эл шайлайт. Бизде президенттик-парламенттик, парламенттик-президенттик аралаш башкаруу болуп келатат. Биздин парламенттин камчысы жок. Европа өлкөлөрүндө шайлоодо жеңип чыккан партиянын лидери өкмөт башчы болот, өкмөт мүчөлөрүн ошол партия курайт, мамлекеттин жалпы жоопкерчилигин алат. Ошондо гана жогоруда Бекбосун агай айткан наказдар аткарылат, элдин мүдөөсүнө жооп берет. Ошондо депутаттардын элдин алдында аброю көтөрүлөт. Бизде андай болбой жатат.

«Азаттык»: - Бекбосун агай, саясат таануу илиминин теориясына кайрылсак парламент - өз алдынча мыйзам чыгаруучу бийлик. «Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өз алдынча бийлик бутагы боло алган жок» деген пикирлер көп айтылат. Анын себеби кайда? Конституция боюнча жетиштүү ыйгарым укуктар берилбей келатат десек болобу?

Бекбосун Бөрүбашев: - Биздин коомдун максаты - мамлекеттик башкаруу президенттик же парламенттик болушунда эмес. Биздин максат - бийлик элдин, коомдун кызыкчылыгын көздөгөндүгүндө, ошого жараша мыйзамдарды кабыл алып, аны аткарууда. Чыныбай мырза «коом бандит болсо, парламент да бандит болот» деп айтып жатат. Ал туура эмес. Биздин коомдун жашоо эрежесин парламент мыйзам жүзүндө кабыл алышы керек, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн да парламент болушу зарыл. Эгер мыйзамдар иштебей, жашоо эрежесинин башында акча турса, анда баары акчанын аркасынан чуркайт. Бизде шайлоо мыйзамын акчага байлап коюшкан. Баары акчага байланып калгандыктан Жогорку Кеңештин курамында жалаң базаркомдор, бандиттер, олигархтар болуп жатат. Ачык айтканда парламентте өзүнүн атын жаза албаган депутаттар да отурат. Алар дагы эле ал жерден кеткиси келбейт. Анткени алар үчүн акча менен келип алып бийликте отуруу аябай ыңгайлуу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG