Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Олигархтардын шайлоого жакын таманы кызыды


Жогорку Кеңештеги бир партиянын лидеринин күтүлбөгөн жерден депутат болуп келиши күздө болчу шайлоого даярдык катары бааланууда.

Партиялардын аракеттери кандай болуп жатат? Саясий күчтөр биригип жатабы? Шайлоо босогосу канчалык маанилүү? Бийликке жаңы күчтөр келип, канткенде парламент көз каранды эмес институт боло алат?

«Арай көз чарай» талкуусуна саясий серепчилер Алмазбек Акматалиев, Чолпонбек Сыдыкбаев жана Нурлан Шакиев катышты.

«Азаттык»: - Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан эки депутаты күтүлбөгөн жерден мандатын тапшырып, алардын ордуна партия лидери өзү, Кыргызстандагы байманалуу адамдардын бири жана партиялашы депутат болуп келишти. Бул көрүнүштү кандай кабыл алып, кандай баалап жатасыңар? Күзүндө парламенттин депутаттарын шайлоо менен байланышкан жүрүш десек болобу?

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: - Эки депутаттын Жогорку Кеңешке келиши мыйзамдуу ченемдүү эле нерсе. Учурда парламенттик шайлоого болгон аракеттер негизги бөлүгүнө өтүүдө. Шайлоо кандай шартта, кандай эрежелер менен болот - бул өтө маанилүү.

Маанилүү болгон үчүн депутаттар шайлоодогу босогонун пайыздык көрсөткүчүн карап жатышат. Ким ким менен биригет, ал боюнча да сөз жүрүүдө. «Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү, башкы демөөрчүсү депутат болуп келиши - бул партиянын келерки шайлоого катышарынын, ага даярдык көрүп жатканынын белгиси.

Эң негизгиси - шайлоо өз убактысында өтүш керек, бийлик өз убагында куралып, демократиялык принциптер бекемделиши керек. Албетте, кийинки келген бийлик бутагы мурункусунун ишин токтотпой улап кетиши керек.

Чолпонбек Сыдыкбаев.
Чолпонбек Сыдыкбаев.

Чолпонбек Сыдыкбаев: - «Кыргызстан» партиясы келерки шайлоого даярдыгы шайма-шай экендигин көрсөткүсү келип жатат. Негиздөөчүсүнүн депутат болуп келишин ири алдыда партиянын ичиндеги туруктуулукту сактоо, бекемдөө максаты менен байланыштуу карасак болот.

Ал аркылуу парламенттеги таасирин арттырууга да аракеттер болушу мүмкүн. Бирок башка фракциялардын ишине кийлигишип, Жогорку Кеңештеги олуттуу өзгөртүүлөргө таасир берет деп айтуу кыйын. Негизи Шаршенбек Абдыкеримовдун орду, таасири саясатта, парламентте эмес, ишкерчиликте, өндүрүштө, экономиканы көтөрүүдө чоң болмок, таасири ошол тарапта күчтүү болмок.

«Азаттык»: - Башка партиялардын аракеттери жөнүндө эмне айтсак болот? Коронавирус илдетине карабай шайлоочулардын көңүлүн алып, жардам көрсөтүп, үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар чыгып жатат...

Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

Нурлан Шакиев: - Азыр белгилүү олигархтар шайлоого даярдык көрүп, тизмелерин түзүп жатышат. Учурдагы депутаттардын, сырттагы саясатчылардын базары кызып жаткан маал. Шаршенбек мырза ошол базарды сыртынан карап турбай, эми ичине кирди, эми соодалашып, тыгыз иштей баштайт.

Башка партиялар да коронавируска карабай ар кандай жол менен үгүт, башка уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышат, бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Шайлоого беш айга жетпеген убакыт калды, бул өтө аз. Баары ушундай апаатка карабай элдин көңүлүн алганга ашыгып жатышат. Парламент шайлоонун босого ченин аныктаса, оюн эрежеси анык болот. Ошондон кийин катуу иштер уланат.

«Азаттык»: - Учурда партиялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, шайлоого бирдиктүү блоктор менен чыга тургандай аракеттерди көрүп жатышканы айтылууда. Азыркы Жогорку Кеңештеги партиялар өз алдынча парламентке келе алышпайт десек болобу?

Алмазбек Акматалиев: - Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш олигархтардын парламенти болорунда менин шегим жок. Акча, байлык өзүнүн ролун ойноп келген, ойноп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – тизменин сапаты, анын түзүлүшү, ким канчанчы орунда жазылат, ошол жөнүндө болот.

Эгерде депутат Алтынбек Сулайманов сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору боюнча тизменин ачык болушуна жетише алсак, анда абал өзгөрүшү мүмкүн. Ошондо «Чоң казат» сыяктуу күчтөрдүн идея-сунуштары алдыга чыгып, акчасы көп партиялардын шайын оодарып коюшу мүмкүн.

Бизде акыркы 10 жылда бир да партия өзүнүн идеологиясы, программасы менен элди ынандырып, добуш алган эмес. Кыргызстандагы партиялар – «акционердик коомдор», акча топтошот, орундарды бөлүштүрөт, шайлоого аттанышат.

Чолпонбек Сыдыкбаев: - Шайлоо алдында партиялар идеологиялары, программалары аркылуу бириксе идеалдуу болмок. Коом үчүн, мамлекет үчүн, эң негизгиси тандоого да жакшы болмок. Буга биздеги партиялардын, лидерлердин дымагы жол бербейт. Баары эле «бириксек биздин партиянын алдында баш кошолу» деп ар ким өзүнө тартат.

Коомдо азыркы олигархиялык парламентке, андагы фракцияларга нааразылык маанай күчтүү. Эл жаңы күчтөрдүн келишин күтүп жатат. Келаткан шайлоодо акчалуу партиялар менен акчасы жок жаңы күчтөрдүн ортосунда күрөш жүрчүдөй болуп турат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз партиялары - «акционерлик коомдор»
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:45 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG