Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Сабатсыздарды шайлоо - өзүбүзгө кыянаттык


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына карата президент Сооронбай Жээнбековдун куттук сөзүн сынга алгандар өткөн кылымдын орто ченинде болгон согуш төрт эмес, беш жылга созулган деп чыгышты.

Албетте, жарыя айтылган ар кандай маалымат боюнча ар ким өз пикирин ачык билдиргенге укуктуу. Бирок сындоо менен сын тагууну да айырмалай билсек, сөзүбүз менен ишибиздин ажырымы азаят эмеспи.

Ак үйдөн Ата Бейитке чейин жеткен сабатсыздык

Төбөсү көрүнгөндөрдүн көпчүлүгү сабатсыз болуп жаткан чакта, президенттин сөзүнөн кынтык издегендерге таарынбай эле коюш керек. Айрыкча Жогорку Кеӊештин төрагасы баш болгон бир катар депутаттарыбыздын одоно каталары коомчулукту иренжитип бүтпөдүбү.

Окуу китептердеги жамыраган каталар шаардагы жарнамаларга, мамлекеттик мекемелердин көрнөктөрүнө, депутаттык төш белгиге, жогорку даражадагы кызмат адамдарынын расмий каттарына чейин сиркедей жайылып жетти.

Боло берет дегендей, мунун баарына көп жылдар бою эч ким көӊүл бурбай калгандыктанбы, мурдагы билим министрибиз эл аралык деӊгээлдеги иш-чарада илинген баннердин эки катасына маани бербей коюп, коомчулуктун сынына кабылды.

Баарынан да Ата Бейиттеги стела бетине Чыӊгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан алынган цитатанын минтип жазылганы көзгө сайылган тикендей эле болуп турат:

Мында “мал-мүлктү” – тире эмес, дефис коюлушу, “эс-үчүн” эмес, “эс-учун”, “шундукту” эмес, “шумдукту”, “араӊ” эмес, “арам”, “кыяматчылык” эмес, “кыянатчылык” деп жазылышы керек эле. Менимче, муну ушул жазуунун тууралыгына көз салууга милдеттүү болгондордун эсебинен оңдоттуруу зарыл. Балким, баары туурабы деп эч кимден сурашкан да эместир – андай болсо, ишке кайдыгер, шалаакы карагандар жазаланышы кажет.

Ата-Бейиттеги жазуу.
Ата-Бейиттеги жазуу.

"Бул Ата-Бейит, Кыргызстандын мамлекеттик протоколунда чет элдик расмий конокторду, президенттерди алып бара турган жер. Бул кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, эл агартуучулары жаткан жер, бул улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жаткан жер. Ушул жерде Айтматовдун чыгармасынан төрт сүйлөм үзүндү төрт ката менен жазылган.

2016-жылы "Үркүндүн" 100 жылдыгына карата стела тургузулуп, кытайлык кыргыздардын Бээжин тааныган чоң окумуштуусу Мамбеттурду Мамбетакундун "Биз" деген ырынан үзүндү жазылды.

"Ааламга ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз", - деген жакшынакай ырдын биринчи сөзүн “аалам” эмес, “дүйнө” деп, акыркы сабын "чачылдык биз" деп жазып коюшуптур" , -деп жазды "Фейсбук" колдонуучусу Марат Тагаев.

Ата-Бейиттеги жазуу.
Ата-Бейиттеги жазуу.

«Алтын» баштуулардын «ай-күйүсү»

Орустарда сары чачтууларды (блондинкаларды) баёо деп күлкүгө алган тамаша кептер көп айтылат эмеспи. Ошолордун бирин окуп, анан өзүбүздүн капкара чачтуу билермандардын IQсуна (интеллектуалдык коэффициентине – акыл-эстүүлүк деӊгээлине) өтөлү.

“Сары чачтуу кызга мындай суроолорду жооп варианттары менен беришиптир:

1. Жүз жылдык согуш канча жылга созулган? а) 116; б) 99; в) 100; г) 150.

2. Панама атуу баш кийимди кайсы өлкөдө ойлоп табышкан? а) Бразилия; б) Чили; в) Панама; г) Эквадор.

3. Октябрь революциясы кайсы айда болгон? а) Январь; б) Сентябрь; в) Октябрь; г) Ноябрь.

4. Георг VI деген королдун аты ким?
а) Альберт; б) Георг; в) Мануэль.

5. Канар аралдарынын аталышы кайсы жаныбарга байланышкан? а) Канарейка; б) Кенгуру; в) Тюлень; г) Келемиш.

Сары чач кыз булардын бирине да жооп бере албаптыр.

Өзүн акылдуу деп ойлоп, сары чач кызга күлгөндөр, жоопторду текшерип көргүлө:

1. Жүз жылдык согуш 116 жылга – 1337-ден 1453-жылга – чейин созулган.
2. Панаманы Эквадордо ойлоп табышкан.
3. Октябрь революциясы 7-ноябрда болгон (эски календарь боюнча – 25-октябрда).
4. Король Георгдун чыныгы аты — Альберт. Ал ысымын 1936-жылы алмаштырган.
5. Канар аралдарынын аталышы тюленге тиешелүү. Бул аралдардын латынча аталышы - Insukaria Canaria, «тюлендер аралы» дегенди билдирет”.

Эми бизде былтыр кызуу талкууланган бир осол окуяны эске түшүрөлү. Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттан “жөнүндөгү” сөзү “жөнүӊдөгү” деп жазылып (“д” менен жанаша турган “ӊ” тамгасынын куйругу байкалбай) калганын "Фейсбукта" бир айга жакын талкуулашты. Баарынан кызыгы, биринен сала бири кайталаган сынчылардын эч кимиси ошол эле документте дагы он-он бештей оркойгон ката бар экенин көргөн жок! (Аларды тизмелеп, билим берүү жана илим министринин орун басарына кат жазгам, ар бирин чечмелеп бергем).

Албетте, бир тамганын куйругу ашыкча болгону эчтеке эмес дегендерге кошулбайм. Бирок сындаганга жараша жакшыраак көӊүл буруп, берки алда канча олуттуу каталарды да таап чыгышса, жакшы болмок. Ошентип, ызы-чуу басаӊдап калган кезде гана көпчүлүктүн арасынан бир киши аттестаттын башка дагы 3-4 катасын таап чыкты.

Ырас, Президент Сооронбай Жээнбековдун деле анча орунсуз сүйлөп ийген учурлары болгон. Бирок кечээки “катасы “ эч кандай ката эмес экендигин калыстык үчүн айтып коюу керек. Биринчиден, фашизмдин жеӊилиши менен аяктаган согуш иш жүзүндө 1941-жылы 22-июнда эмес, 1939-жылы 23-августта СССР менен Германия бири-бирине кол салбоо жөнүндө келишимге кол койгондон кийин башталган: 1-сентябрда гитлерчилер Польшанын чегине бастырып киришкен. (Аталган келишимге кошумча түзүлгөн купуя протоколдо эки өлкөнүн Европадагы кызыкчылык чектери белгиленген). Ошол жылы 30-ноябрда Советтер Союзу Финляндияга кол салган.

Бул алаамат согуш 1945-жылдын сентябрына чейин, демек, алты жылга созулган. Бирок согуштун Советтер Союзу менен Германиянын ортосундагы бөлүгү жөнүндө деле расмий сөздөрдө “беш жылдык согуш” деп айтылып келгени белгилүү. Айы-күнүнө чейин тактап отурбай эле тегеректеп “санаган” салт тарыхта эзелтен боло келгендиги жообун сары чач кыз билбей калган Жүз жылдык согуш тууралуу суроодон да көрүнүп турат.

Сабат кантип жоюлат?

“Сабатсыздыкты жоюу” менен катар, ошол эле мааниде “кат-сабатын жоюу” деген, түптүз кабылдаганда тескери мааниде түшүнүлгүдөй, сөз айкашы колдонулган кездер болгон. Кантсе да, эл туура эле түшүнүп, билим алууга, дүйнө таанууга дайыма умтулуп келген. Мугалимдердин айлыгы чоӊ, жашоо-шарты жакшы, ошого жараша жоопкерчилиги да бийик болчу.

Ырас, Германияны жеӊген СССРдин көзгө комсоо, көӊүл оорутар кемчиликтери да болгон. Бирок ошол доордо чыныгы билимдүүлөрдүн кадыр-баркы бийик эле.

Мамлекеттик жооптуу кызматтарга мыктылардын мыктысы, кесиптик такшалуу жолунан өткөн, шык-жөндөмүн, намыстуулугун даана көрсөткөн кесипкөй адистер тандалчу. Ырааттуу жүргүзүлгөн иштердин акыбети менен кат тааныбаган калайык кыска мезгил аралыгында сабаттуу элге айланган.

Азыр биздин спикердин жана башка “жакшылардын” билим деӊгээлин эске алганда, өзүбүзгө өзүбүз кастык кылгандай эӊ сабатсыздарды шайлап келгенибизди көрөбүз. Тилинен эле эмес, ишинен да кадам сайын мүдүргөн, эч бир маселе чечкенге жарамсыз, эч нерсеге жооп бербеген кайдыгер, шалаакы “азаматтар” менен каякка барабыз?

Чек арабыз бекемделбей, кендерибиз талоонго учурап, миллиондой мигрантыбыз азап-тозокко салынып, карызга белчебизден батканыбызга биринчи кезекте ушул билгисиз (компетентсиз), жоопкерчиликсиз, шалаакы, кайдыгер “кадЫрлар” күнөөлүү эмеспи?

Буга чейинкиси болору болуп, боёосу канып келди. Мындан арычы?

Же сөзмө-сөз маанидеги “сабат жоюу” (барган сайын сабатсыз боло берүү) жолунан кайтканга эркибиз жетпей, дипломдуу наадандардын катарын калыӊдаткан караӊгылыкка карай кете беребизби артка?..

(Автордун пикири «Азаттыктын» позициясын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (61)

XS
SM
MD
LG