Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Трибунадагы ката көйгөйдүн жүзүн көргөздү


Форумдагы ката жазылган трибуна. 27-март, 2019-жыл.
Форумдагы ката жазылган трибуна. 27-март, 2019-жыл.

Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун трибунасындагы 13 сөздөн турган ураандагы ката коомчулуктун сынына кабылды.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чаралардагы баннерлерде жана документтерде кеткен одоно каталар боюнча маселени кайрадан козгоду. Иш кагаздарында, ураандарда байма-бай жолугуп аткан бул өңдүү көрүнүштөрдү адистер туташ сабатсыздык катары баалап, мамлекеттик кызматкерлер жооп бериши керек экенин айтып жатышат.

Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору катышкан форумду президент Сооронбай Жээнбеков өзү ачып, заманбап билим берүүнүн жолдору жана бул тармакты реформа кылуу тууралуу билдирүү жасаган.

Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

​Жыйындагы президент баш болгон мамлекеттик коомдук ишмерлер, ректорлор чыгып сүйлөгөн трибунада жазылган орус тилиндеги ураанда Орусия менен Кыргызстан деген жазуудагы «и» байламтасы Орусия деген сөзгө жабышып калган. Андан тышкары «Форум» деген сөз баш тамга менен жазылган.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул каталарды басмаканага оодарып, эки тамга үчүн чуу чыгарбоого чакырды:

«Билим берүү системасы үчүн мааниси чоң иш-чара болду. Бир топ маанилүү долбоорлор, ар кандай программалар, ар кандай маселелер талкууланды. Анан ушунун ичинен ошол эки эле тамга боюнча маселени көтөрүү туура эмес болду».

Бирок социалдык тармактарда министрдин маалымат каражаттарындагы ушундай маанидеги жообуна ичи чыкпагандар да чыкты.

«Илим жана билим берүүнүн өнүгүшү - келечекке инвестиция» деген аталыш менен өткөн ректорлордун форумундагы катадан кийин коомчулукта форумдун уюштуруучулары менен билим берүү жана илим министринин жоопкерчилигин кароо демилгеси көтөрүлдү. Академик Жамин Акималиев президент катышкан чоң иш-чарага министр гана эмес, президенттин аппараты да жооптуу деген пикирде.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

«Бул жогорку деңгээлдеги жыйын болуп жаткандан кийин буга биринчи кезекте билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жооп берет. Кетирилген ката министрдин балким сабатсыздыгы, кайдыгерлиги деп эсептейм, - деди ал. - Форум Орусиянын президентинин Кыргызстандагы сапарынын алдында өткөрүлгөндүктөн муну президенттин аппаратты да сөзсүз карашы керек болчу. Ушундай майда катачылыктар эле жалпы ишке көлөкө түшүрөт».

Президенттин аппараты азырынча комментарий бере элек. Буга чейин көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардагы каталар боюнча маселе маал-маалы менен көтөрүлүп келсе, жакын арадан бери мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда илинген баннерлер менен документтерде байма-бай катталып жаткан одоно каталар талкууга түшүүдө.

Марттын башында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун премьер-министрге жиберген толгон-токой катасы бар каты Интернетке тарап кеткен. Анда эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелер сакталган эмес. Бул катка байланыштуу төраганын иш кагаздарына жооптуу кызматкери Алмазбек Сабырбеков кызматынан алынган.

Тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматов аткаминерлердин иш кагаздарынан кетирген одоно каталары мамлекеттик кызматта иштеген кадрлардын билим деңгээлинен кабар берерин айтты:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Убагында «сабатсыз тил сапатсыз кызматты аныктайт» деп жазгам. Ушул биздин аткаминерлердин тил жагынан сабаты ачыла элек экенин айгинелеп койду. Азыр жалаң эле тил эмес, башка жагынан да чабал кызматкерлер иштеп жатпайбы. Укуктук жактан, экономикалык жактан сабаты төмөн, дүйнө таанымы тар экени көрүнүп атат. Кемчиликтер көзгө сайып көрсөтпөсө деле кылган ишинен, баскан кадамынан эле көрүнүүдө».

Буга чейин Бишкекте 8-мартта аялдарды майрамы менен куттуктаган баннердеги ката да талкууга түшкөн. Анда «Майрамыңыздар менен, урматуу айымдар!» деп жазылып, «урматтуу» деген сөздө бир «т» тамгасы жазылбай калган.

Дипломат, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тилектеш Ишемкулов документтерден тартып ар кандай иш-чараларга чейин илинген баннерлерде байма-бай каталар боюнча өз оюн айтты:

«Бул маселе мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлге чейин өсүп жетилди. Бул жөнөкөй эле көчөдө эки киши пикир алыша турган көйгөй эмес. Бул саясий, идеологиялык маселе. Бир нерсе болсо эле «эми ушундай болуп калыптыр. Биз Асанбаевге айтканбыз, ал Үсөнбаевге айтыптыр. Ушуну байкабай калыптырбыз» деп эле алакан жайып, кечирим сурап кутулуп кетип атышат».

Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму 27-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алдында болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG