Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:47

Кыргыз тили жардыбы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Эсил кайран Дооронбек Садырбаев бир ирет элдин кайдыгерлигинеби, ашкере жооштугу менен ээрчимелигинеби, катуу кейигенде «кыргыз тилинде орустун «порядочность» деген түшүнүгүн туюндургудай сөз жок» деп чыккан эле.

Биздин тилибиз чын эле ушундай бечел, жардыбы? Же бүдөмүк түшүнүктөр – рухий бечелдиктин белгисиби?

Биздин тилдин дарамети орус тилинен кем эмес

1994-жылы Американын бир журналынан Чыңгыз Айтматовдун көлөмдүү макаласын көрүп калып, адегенде орусчага, анан кыргызчага которгом. (Ал чийки котормо ошондо «Кыргыз руху» гезитине жарыяланган эле. 2017-жылы текстти кайра редакциялап, жазуучунун акыркы 10 томдугуна бергем. Бир келкиси «Азаттыктын» сайтында чыккан:

Өтө машакаттуу ишти баштарын баштап алып, таштап салгым келбей, Мюллердин англисче-орусча сөздүгүн далай барактап убараланып жүргөм.

Ошондо орустун кээ бир сөздөрүнүн он чакты синонимине англисче бир эле лексикалык бирдик туура келерин көргөндө, Шекспир чыгармаларын жараткан бул дүйнөлүк тил кыйла жарды окшойт деп ойлоп калган элем. Кийинчерээк мунун себеби өзүмдүн бул тилдеги сөз байлыгым өтө чектелүү болгондугу экенин түшүндүм.

Котормонун теориясы жана практикасы боюнча студенттик дептеримди барактап отуруп, окутуучубуздун «бир тилдеги өзгөчө түшүнүктү билдирген сөз башка тилден табылбаган же ар кыл контексттерде ачыла турган маанилери такыр дал келбеген учурлар көп кездешет» деп айтканын таап алдым. Андай кубулушту орус жана кыргыз тилдериндеги айтымдарды салыштырганда байкадым.

Кезинде Айтматов өзү биздин тилди жарды дегендерге каяша иретинде мындай мисал келтириптир: кыргыз тилинде канаттуу конот, киши атка минет, орундукка отурат. Орус тилинде бул үч башка этиш бир гана сөз менен айтылат: птица села на ветку, человек сел на коня, сел на стул.

Дагы бир-эки мисал келтирели. Кыргызчада тегиз, жалпак нерсени калың же жука, жумуру нерсе болсо жоон же ичке дейт. Орусчада экөөндө тең бир гана «толстый/тонкий» антонимдик жуп сын атооч колдонулат. Шар же топ сымал нерсени тоголок, тегиз, жалпак формадагысын тегерек, калыңыраагын төгөрөк дейт. Орусчада «Земля круглая, диск круглый, труба круглая» деп айтылат. Мындай мисалдар атайылап издесе көп эле табылат. Бирок ушуларды эле карап, бир тилди башкасынан өйдө коюуга ашыкпаш керек.

Кароосуз калса, бак куурайт

«Тилди эл жаратат, аны сөз чеберлери иштеп чыгып, адабий тилге айлантат», - деген экен Максим Горький. Биздин адабий тилдин башаты өтө байыркы доорлордон башталат.

Жазма тилибиздин совет доорундагы өнүгүү жолундагы татаал жагдайлар жөнүндө бул макаланын этегинде сөз кылбай коё туралы. Азыр сөз байлыгыбызды сарамжалдуу, кылдат, жоопкерчилик менен колдонуу зарылдыгын гана белгилей кетели. Сөздүн анык, так маанисин эске албай, кооз, дүңгүрөк, бирок мазмунсуз кеп кураш / текст түзүш үчүн эле туш келди уруна бергендер өтө көп. Мисалы, «болжол менен» дегенге маанилеш «дээрлик» сөзүн «бүт бойдон», «толук» же «көпчүлүк» дегендей туура эмес колдонушат.

Раматылык Салижан Жигитов биздин авторлорду «сөздүк менен иштебейт» деп кейип калчу эле. Ар бирибиз колдон келишинче Константин Юдахин, Жээнбай Мукамбаев, Хусейин Карасаев сыяктуу лексикографтар түзүп кеткен сөздүктөрдү окуп-үйрөнүп, тилибизди семантикалык чаржайыттыктан сакташыбыз керек. Тилдин лексикабыз дайыма толукталып, сөздөрдүн маанилик чеги улам такталып турушу зарыл. Азыр Интернетке чыгарылган «Эл сөздүктөй» эмгектерди эл көп колдонуп, лексикалык бирдиктердин түшүнүлүшүн, колдонулушун талкуулап турганы жакшы көрүнүш. Коомдогу тил маданиятына талапты күчөтүп, айрыкча аттуу-баштуу замандаштарыбыздын сөздөрдү бүдөмүк же бурмаланган мааниде колдонушун катуу сындай жүрүшүбүз керек.

(Келеркиде Д. Садырбаев мисал келтирген түшүнүк жөнүндө сөз кылабыз)

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (26)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG