Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 03:24

Балдарды наадан «тарбиядан» коргойлу


Иллюстрациялык сүрөт.

Перзентинин бактылуу болушун ким каалабайт? Баласын ашыкча эркелеткендер да, катуу кармап кагып-силкип тургандар да аны жаман болсун дебейт, эч кимден кем калбай бактылуу болушун каалайт эмеспи.

Бирок бакыт дегенди ар ким өзүнүн жан дүйнөсүнө, рухий жетилиш деңгээлине жараша ар кандай түшүнөт. Ошондуктан жакшы эле ниет менен жасаган аракеттери баласын бактысыз кылып коюшу мүмкүн экендигин билбегендер көп.

Тирүүлөй жетимдиктен арачала

Биз балдарды тескери «тарбиядан» – эркин мокотуп, өз баркын билүүдөн калтырып, оома, жалтак, ээрчиме, демилгесиз кылып чоңойтуудан кантип коргойбуз?

Балдарды ички түрмөдөн – жалтактыктан, дүйнө таанымдын чектелишинен, мүдөөнүн тардыгынан, байлыкка, бийликке кул болуп калуудан кантип сактап калабыз?

Маңкурттуктан – динге каршы да, динге жамынган да экстремизмден, наадандыктан, күпүлдөп кооз бирдемелерди айтып, элдин башын айланткандарды пир тутуучулуктан, ээрчимеликтен кантип куткарабыз?..

Жетимдиктен… Капилет өлүмдөн кудай сактасын. Бирок өзүбүз да сактаналы, айрыкча балдарды тирүүлөй жетимдиктен сактоо адамдардын колунан келе тургандай эле иш эмеспи. Тилекке каршы, эмгек миграциясы миңдеген үй-бүлөлөрдү убактылуу же кээде биротоло ажыратып салууда.

Жумушуна байланыштуу көбүнчө алыста турган киши үйүнө жарым ай, бир айда бир келип турчу экен. Бул арада Интернет оюндарга баш-оту менен кирип кеткен баласын сактап калыш үчүн адегенде спорт секциясына бериптир. Бирок кара күчү толуп-ташый баштаган боз бала тез эле ар кандай жаатташкан мушташтарга тартылат. Кезектеги келишинде баласын опуртал топтон эптеп ажыратып, медресеге алып барат. Бирок боз улан эми дааватчы болуп, үйүнө айлап-жылдап келбей калат...

«Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» өстүрүү үчүн баланын ата-энеси жанында болсун деп тилейбиз баарыбыз. Бирок атасы да, энеси да чогуу жашагандай көрүнгөн балдардын канчасы рухий жетим экендигин билебизби?..

Жеткинчектин, өспүрүмдүн тынчын алган суроолоруна чогуу жооп издешкенге убакыт таппагандар же дегеле муну ойлоп койбогондор арабызда толуп жатат. Таалим берүү парзын такыр аткарбай, уул, кызынын бош убактысын бүт бойдон телефонго (социалдык желе ж.б.у.с.) алаксуу менен өткөрүп жатканына кол шилтеп салган ата-энелер көп.

Албетте, тарбия-таалим иши мектепке да тиешелүү, бирок негизинен билим берүү түйшүгүн аркалаган мугалимдердин бүгүн ар бир баланы тарбиялаганга убактысы да, устаттык камылгасы да жетишпей жатат. Айрыкча маалымат сели каптаган азыркы доордо мугалим илгеркидей «талашсыз чындыктын ээси» боло албай калганы да чындык. Бүгүнкү мугалим жана мектеп кандай болууга тийиш экени тууралуу кийинчерээк (жаңы окуу жылына карата) атайын кеп кылабыз. Бул ирет жаштардын үй-бүлөнү курууга даярдыгы, таалим ишиндеги жоопкерчилиги жөнүндө сүйлөшөлү.

Ата болуу, эне болуу оңойбу?

Тарбиячы өзү тарбиялуу болушу керектигин уул үйлөп, кыз бергендер эртерээк ойлонуп, аларга туура таалим бериш үчүн өз алдынча билим алышы зарыл. Ата-энеси бири-бирин жакшы көргөн, сыйлаган, оюндагысын айттырбай билген санаалаш болсо, балдар жакшы өрнөк алып, адеп-ахлагы мыкты, акылдуу, психикалык жактан саламат болуп өсөт дешет окумуштуулар.

Бирок апасы ажаан же атасы зөөкүр, кеп жебес немелер болсочу? Тарбияны жалаң гана жазалоо, тыюу, чектөө деңгээлинде «түшүнүп» чоңойгондор өз кезегинде балдарына кандай «таалим» берет? Укумдан тукумга уланган мындай «салтты» кантип токтотуп, үйдөгү маанайды инсандын эркин өсүп жетилишине ылайыктайбыз?

Баарынан да балдарды үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргош кыйын. Баланы машинеге байлап сүйрөткөн, сабап жатып майып кылып же өлтүрүп алгандар чыгууда.

Балдарды ташбоордуктан эле эмес, ашыкча эркелетип, эмгекке үйрөтпөй, башка адамдар менен аң-сезимдүү, акыл-эстүү, жоопкерчиликтүү инсан катары өспөй калышына себепкер болгон обужок «жакшы көрүүдөн» арачалай алабызбы? Өспүрүмдүн тынчын алган ой-санаасын түшүнгүбүз келбесе, бала менен сырдаш болууга умтулбасак, өткөөл курактагы адамдын жандүйнөсүндөгү көмүскө окуялар опурталдуу нукка бурулуп кетиши ыктымал. Диний же саясий экстремизмге, баңгиликке, ар кандай кылмыштуу топтордун таасирине оп тартылып кетпеши үчүн балдардын рухий изденүүлөрүн колдоп, коштоп, балдарыбыз менен чогуу изденип, сырдашуубуз кажет.

Атасы менен акылдаша албаган уул, кыз кеп-кеңешти көчөдөгү теңтуштарынан, Интернеттен сурайт. Акылы тунук, ички туюму сергек бала ааламды алаканга салып бергендей азыркы маалымат технологияларын өтө жакшы пайдаланып, мектепти аяктаганга чейин эле башкалар университеттен ала албаган ажайып билимге ээ болуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан баланын колунан телефонду жулуп алууга, компьютерди колдонуусуна тыюу салууга да ашыкпаш керек.

Тыюу салынган нерсенин азгырыгы ого бетер күчөйт. Андан көрө билбегенибизди балдарыбыздан сурай жүргөнүбүз оң. Ошентсек, ата-энесине маалымат таап бериш жагынан да пайдасы тийип жатканын сезген бала өзүнө бекемирээк ишенип, жоопкерчилиги арта баштайт.

Билгенден биле элегибиз дайыма көп

Малайзияда үй-бүлө куруу үчүн жаштар атайын курстан өтүп, сынак тапшыргандан кийин гана уруксат алат экен деди эле педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун Америкада жана Чыгыш өлкөлөрүндө окуп келген студент кызы Гүлсара.

Кыргызстандагы эң четки облустун эң четки районундагы эң четки айылда Гапыр агай негиздеп, жетектеп келаткан №3 эксперименталдык гимназиянын окуучулары республикалык олимпиадаларда Бишкектеги эң мыкты делген лицей, гимназиялар менен теңтайлашып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Бүтүрүүчүлөрүнүн баары мыкты ЖОЖдорго өз күчү менен өтүп, ары жагы Америка менен Европада, бери жагы Жапония, Түштүк Корея, Малайзия ж.б. өлкөлөрдө билим алуусун улантып, кесипкөй адис болууда.

Бул мектептин ийгилигинин негизги сырларынын бири дал ушул үй-бүлөлүк таалим-тарбияга өзгөчө маани берилгенинде экен. Баласын бул гимназияга бергиси келгендер июнь айында мектепте уюштурула турган 40 күндүк энелер мектебинен акысыз окутулат. Үй-бүлөдөгү берекенин куту аялзатынын мээримине, маанайына, акылына көз каранды болгондуктан энелерге көбүрөөк жардам беребиз дейт «Ата-энелер, сиздер үчүн» китебинин автору Гапыр агай.

Чогуу ойлонолу

Албетте, «Балдарды өзүбүздүн наадандыгыбыздан кантип коргойбуз?» деген татаал суроого бир эле маканын чегинде толук жооп бериш мүмкүн эмес. Ошондуктан ар ким өз ой-пикирин ортого салат деп үмүттөнөм.

Бишкекте 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата өнөрлүү балдардын фестивалы өттү.

Таланттуу балдардын фестивалы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG