Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Баланы машинеге сүйрөткөн «тарбия»


Жабыркаган бала.
Жабыркаган бала.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталды.

Учурда өспүрүм ооруканада. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда кылмышка шектүү соттун чечими менен камактан тилкат аркылуу бошотулду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда окуя 27-апрелде эртең мененки саат сегизге жакын болгон. Алтын-Казык жаңы конушунда 33 жаштагы киши 9 жаштагы баланы сабап, машинеге сүйрөткөнү аныкталган. Өспүрүм ошол замат шаардагы медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Өспүрүм дарыланып жаткан оорукана.
Өспүрүм дарыланып жаткан оорукана.

Учурда бала Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Оорукананын башкы дарыгери Данияр Шайбековдун айтымында, өспүрүмдүн абалы жакшы.

«Бала бизге 27-апрелде күндүзгү саат 12:45те түшкөн. Бизге келгенде денесинде сыйрылып калган жерлери бар экен. Анан мээси чайкалып калган. Учурда абалы жакшы. Өзү басып жүрөт».

Окуяны териштирүү учурунда баланын атасы жок экени, энеси Орусияда миграцияда жүргөнү аныкталды. Милиция кызматкерлеринин маалыматына ылайык, баланы анын бир тууган таякеси «үйдөн акча уурдадың» деп сабап, BMW үлгүсүндөгү автоунаасына байлап алып, 15-20 метрге чейин сүйрөгөн.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, айыпталып жаткан адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, жашаган жерин таштап кетпөө тууралуу талап менен сот залынан бошоткон.

Өспүрүмдү ур-токмокко алгандыгы айтылган адам менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Биринчи май райондук администрациясынын үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Бекитаев бала таенесинин колунда таякелери менен бир жылдан бери чогуу жашап жатканын билдирди. Ал кошумчалагандай, өспүрүмдүн атасы каза болуп калган, апасы былтыр Орусияга иштегени кеткен. Баланын башка бир туугандары жок.

«Балдарды коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова кыйноого кабылган баланын укуктарын коргоо боюнча аракеттер көрүлөрүн билдирди:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Балким бул биринчи жолу болуп жаткан эмес чыгар. Балким бул бала ар дайым таяк жеп келгендир. Биз сөзсүз түрдө ушул баланын тагдырын көзөмөлгө алабыз. Биз азыр толук маалыматтарды топтоп жатабыз. Эгерде баланы туугандары бага албаса, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган мамиле, кош көңүлдүк далилденсе ата-энелик укуктан ажыратуу маселесин коёбуз».

Машинеге сүйрөлгөн өспүрүмдүн окуясы мигранттын запкы көргөн балдарынын абалына коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу бурду. Кыргызстанда туугандары сабап, басмырлаган өспүрүмдөрдүн дээрлик басымдуу бөлүгүнүн ата-энеси миграцияда.

Өткөн жылдын этегинде Жети-Өгүздө таяк жеген наристе чарчап калган. Энеси миграцияда жүргөн бир жарым жаштагы ымыркайдын өлүмү үчүн анын таежеси камакка алынган. Андан бир күн мурун Нарында аялды жана анын неберелерин өлтүрүүгө шектүү адам кармалган. Бул балдардын ата-энеси да миграцияда жүргөн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мигранттардын балдарынын саны 29 миңдин тегерегинде. Бирок укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG