Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:18

Күзгү жана кебете


Иллюстрациялык сүрөт

Бийлик менен эл кантип өз ара түшүнүшөт? Журналисттер коомдук пикирге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кандай пайдаланууда?

Кебетең «келишип» турса, күзгүдө не айып?

Орус макалы

Түсү ийгиден түңүлбө.

Кыргыз макалы

Төбөлдөргө «жаккан» жана «жакпаган» кабарчыларды эл канчалык барктайт?.. Чүй облусунун кызматтан кетирилген жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун тегерегинде козголгон ызы-чуудан улам ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.

Медиасабаттуулукту мектептен үйрөтөлү

Бизде мамлекеттик ЖМКлар бийлик башында тургандарды тейлеши керек дегендей жаңылыш көз караш калыптанган. Мисалы, Атамбаевдин тушунда ал кимге каарын салса, ошону акарат кылып, каралап, кимге жылмайса, ошону айга-күнгө теңегендер бүгүн Жээнбековун кабак-кашына карап калгансыйт. Мурдагы «мамлекеттик» аныктамасы аткаруу бийлигине тикелей көз каранды кылат деп ойлогондуктан, республиканын башкы телерадио каналы болгон КТРКнын «коомдук» макам алышы да ушуга байланыштуу эле. Көрсө, маалымат каражатын «абсолюттуу эркин» деп атап койсо эле, ал көз карандысыз, калыс иштеп кете албайт экен.

Ырас, бизде эч бир президент кадимки француз королу Людовик XIVнү туурап: «Мамлекет – бул менмин!» – дебептир (айрымдар муну ал эмес, Англиянын 16-кылымдагы королевасы Елизавета айткан дешет). Бирок авторитардык бийликтин коомго, элге каршы тургандай табияты бизде сакталып калгандыгы үчүн ушундай түшүнүк азыркыга чейин өкүм сүрүп жатат окшойт. Ошол себептүү өкмөттөн сыйлык-наам же там алган жазуучу, акын, окумуштуу ж.б. мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына туура келбеген чечим кабыл алынган учурларда өз пикирин ачык айтуудан тартынат.

Салык төлөөчүлөр эсебинен каржыланган өкмөттүк мекемелер, алардын ичинен өкмөттүк ЖМК мамлекет бир ууч төбөлдөрдүн эмес, жалпы коомдун, элдин кызматында турушу керектигин көңүлдө тутса кана! Анда ошол ЖМК журналисттери эч каякка кылчактабай, окуяларды, өзгөрүүлөрдү, жооптуу кызматкерлердин чечимдерин, кадамдарын жаап-жашырбай же көбүртүп-жабыртпай, болгонун болгондой чагылдырып турмак. Тилекке каршы, мамлекеттик бюджеттен алган айлыгы бийликтегилердин чөнтөгүнөн төлөнүп жаткансып, элге таратыла турган маалыматты дайыма «жогоркуларга» жаккыдай кылуу адатка айланган.

Жиндиканадагы «күлкү бөлмө»

Кыргыз фольклорунда (элдик оозеки чыгармачылыкта) «мактоо жана кордоо ырлары» деген кош жанр эң эле кеңири таралган. Эшик ырчылар байларды, бийлерди дайыма мактап, алардын каршылаштарын кордоп ырдачу экен. Ырас, хандан, бектен тартынбай, чыркыраган чындыкты айткандар да болуптур. Эми ошол ырчы-жарчылардын азыркы «урпактары» – журналисттер – кайра эле ошол оңой жанрларга ооп кетип жаткан жокпу?

Парламенттеги мандат аукционго коюлгандай соодаланып, мамлекеттик кызмат орундар акчага (парага) бааланып, соттун өкүмү сатылып калган учурлар арбын болгондуктан, тилекке каршы, «пиар» (PR – Public Relations, «коомчулук менен байланыш») деген түшүнүктүн биздеги мааниси да көбүнчө ушул тайкы мүдөө менен чектелип калууда. Сунуш менен талап бири-бирин шарттаган базар мамилеси Сөздү да товарга айлантып салдыбы?..

Алдамчынын алдамчылыгын, мамлекетке да, элге да эч жакшылык кылбасын билип туруп (билмексен болуп же билгиси да келбей) шайлоодо добушун саткандар мындай «кардарлардын» бардык иш-аракеттерине, кылмыштарына катышуучу катары да айыпталышы керек (бул пикирдин кыскача айтылышын Интернеттен окудум эле, азыр табылбай жатат). Ошондуктан чындыкты айтпайт, жазбайт деп дүңүнөн айыптагандын ордуна, ден соолугун, кээде өмүрүн тобокелге салган журналист иликтөөчүлөрдүн таза иштей алышы үчүн кол кабыш кылууну унутпашы кажет. Бирок «Ой, ушуну жазсаңар боло!» - деп кыйкыргандар диктофонго сүйлөп бериштен качат. Айрымдары экинчи тараптын да пикирин угалы десең эле жаман көрүп калат.

Медиасабат сабагын мектептен тарта элге жайылтпаса болбой калды – бул математика менен химиядан да зарыл экендигин түшүнүүгө убакыт келип жетти.

Сөз эркиндиги – коомдун жана бийликтин дайым каранып турушу зарыл болгон күзгүсү. Чачыбыз сексейип, бетибизге бирдеме жугуп, жакабыз кыйшайып, топчубуз чечилип калса, күзгүдөн байкап, оңдонуп-түзөнүп алышыбыз керек эмеспи. Дал ошондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарын «күлкү бөлмөсүндөгү» кишинин бой-келтебин бирде илмийген арык, бирде үйлөгөн чаначтай семиз кылган, бирде тыржыйтып, бирде мылжыйтып чагылдырган кыйшык айнектерге окшоштуруп албайлы. Ырас, атайылап өзүн же бирөөнү такыр башкача (акты кара, караны ак) көрсөткүсү келгендер көп, бирок журналисттердин баары андайлардын акчасына кызыгып эле «тейлей» берсе, коом жиндикана болуп кетпейби?..

Сындоо, сын угуу маданияты жана кошаматчылык

Сөз эркиндигине кыргыздар эзелтен өзгөчө маани берип келгендигин макалдардан билсек болот: «Бетке айткан сөздүн заары жок», «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат», «Керек сөздү келин айтат», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок». Ошол эле учурда мунун адеп жагы да унутта калбаптыр: «Жакшы сөз жанды эритет, жаман сөз зээнди кейитет», «Өтүгү жаман төр булгайт, оозу жаман эл булгайт». Шалпып сүйлөгөн жаман адат айрым расмий жетекчилерге да мүнөздүү экенин эл угуп-көрүп турат.

Кээ бир «чоңдор» кемчилигин сылап-сыйпап же жекече айткандарды деле түшүнбөйт. Демократияны, сөз эркиндигин жектегендер коомдогу чыныгы жагдайды, элдин маанайын каяктан сурап билет? Алардын эл аралап, баарын көрүп-билип турган калыс кеңешчилери болсо, ошолордун айтканына кулак салып иштесе бир жөн.

Бирок ачуу чындыктан таттуу калпты артык көргөн пенделер дайыма көптүк кылат эмеспи. Ошондуктан төбөлдөрдүн тегерегине кошаматчылар топтолуп, кыраакы, таза кишилер башкаруу чөйрөсүнөн четтетилет. Кошаматчылар чындыкты жаап-жашырып, калыс адамдарды куугунтуктап, ишиңиздин баары сонун дей берип, акыры падышаны аңга түртөт. Андерсендин жылаңач король жөнүндөгү жомогун ар бир жетекчи эстей жүрүшү зарыл.

«Кебетени» оңдойлу

Бийликтегилердин жана байлардын ишин чагылдырган журналисттер аларды укмуштай акылман, таза, мамлекетчил, элдик киши деп мактай алат, тескерисинче, татыктуу адамдарды каралашы мүмкүн – ушинтип жүргөндөр да көп. Бирок баары бир кимдин «кешпири» кандай экенин эл билбей калбайт.

Демек, «кебетени» сырткы боёк менен эмес, иш жүзүндө жакшыртууга умтулушубуз керек. «Жакшылар» калыс кепке кулак салып, кемчиликтерин жоюшка аракеттенсе, аларды ким жаман көрсүн? Аларды сөз кылган журналисттер да калыстыктан тайбаса, албетте, элге жакпай калбайт. (Бирок жаман адамдын жаман көргөнүнө таарынбай, мактаганына сүйүнбөй эле коюш керек. Анын пикири көбүнчө актын актыгын, каранын каралыгын тескерисинен далилдейт – ал каралаган адамды таза окшойт деп, ал мактаган адамга шектене караса болот).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG