Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:56

Жарандык аң-сезимге жарыбадык


Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку 30 жыл ичинде кыргыз коомунда жарандык аң-сезим канчалык өстү? Эмне үчүн элибиз ар кандай утурумдук уу-дуулардын күүсү менен гана толкуп, бирок өнүгүү жолуна чечкиндүү кадам таштабай, кайра дымып кала берүүдө? Же кептин баары улуттук лидер чыкпай жатканындабы?

«Ишенген кожоң сууга акса...» ​

«Кайдыгерлик
Катып турат,
Кара таштай
Үстүбүздөн басып турат!..»

Шайлообек Дүйшеев

Элдин жан маанайындагы бул абалдын эң башкы себеби – ишенимдин жоктугу. Сагынбек Момбеков гитарасы менен буркурап какшаган Союздун соңку арасат жылдарындагы элдин маанайы жөнүндө узун сабак сөз кылбай эле, эгемендик дооруна көз чаптыралы.

Кырмызы туубуз желбиреп, өз алдынча мамлекет деп таанылып, улуттук валютаны озунуп кабыл алып, «Манас» эпосунун миң жылдыгын дүңгүрөтө өткөрүп… Аскар Акаевдин биринчи мөөнөтүндөгү иштер негизинен дурус эле баалангыдай болду. Ырас, дал ошол жылдарда Насирдин Исановдун өлгөндүгүн (өлтүрүлгөн деген пикир да бар), Кыргызстанга инвестиция алып келмекчи болгон чет өлкөлүк ири компаниялардан биздикилер «шапке» сурап, кошуна республикаларга качырганын ж.б.у.с. да эстей жүрүш керек.

Балким, Аскар Акаевдин мөөнөтү жасалма түрдө узартылбаса, ордуна тыңыраак, тазараак иштегидей лидер келип, мыкты команда түзүп, өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна баштап кетет беле?.. Бирок болору болду, боёосу канды. Эки ирет кайталанган төңкөрүш ири насыяларды коромжу кылуу, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоноо, жеке менчикти тартып алуу сыяктуу жосундарды ого бетер күчөтүп, өнөкөт адатка айлантып салды. Жаңыланабыз, адилеттик орнойт, төгүлүп-чачыла бербей, мыйзам сыйлаган туруктуу мамлекет курабыз деген үмүттү революциянын толкуну менен бийликке жеткендер өчүрдү…

Ыйгарым укукка жараша жоопкерчилик

«Эркиндикти тартуулабайт бизге эч ким…»​

Пролетарлардын «Интернационал» гимнинен.

Ошентип, азыр коомдо кайрадан кайдыгерлик өкүм сүрө баштады. Болбосо, мисалы, эмне үчүн Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаев жалган жалаа менен камалганда аларды арачалап калууга эл толкуп чыккан жок? Алардын сотто дегеле айтылбаган башка жорук-жосундарын (мисалы, Текебаевдин саясий оюндарга ашкере берилип кеткендигин) жактырбагандыгы үчүнбү? Балким, өз алдынча акыл калчабай эле кооз ураандарга алданып, ар кимди ээрчий бергенден кийинки көңүл калуучулуктун натыйжасыдыр, бул?

Ырас, такыр эле эч ким колдобой, жактабай койгон жок. Айрыкча социалдык тармактарда соттордун карөзгөй чечимине наалат айткандар жетиштүү эле болду. Мисалы, Текебаевдин иши сотто каралган күндөрү пикеттер уюштурулду, сот залына журналисттер кире албаса да, андагы талаштарды угузуп турушту.

Эзелтен эле «мен» эмес, «биз» деп, жеке өзүнүн эмес, жалпы калайыктын камын көргөндөрдү гана намыстуу деп барктап, өз көмөчүнө күл тарткандарды жектеп келген кыргыздар эмне үчүн элдин эсебинен байыгандарды ээрчип, ого бетер кутуртуп жатат? Эмне үчүн элибиз ырыскысын төгүп-чачкан мителерди, ичкериден ириткен бузукуларды төбөсүнө чыгарып, кайдыгерликтин чидерине тушалып калды?

Бул жерде бири-бирин шарттаган эки себепти эске алышыбыз кажет. Бир жагынан, тескери тандоо жасаган – эң намыссыз, эң наадан, элге, мамлекетке зыян гана келтире турган немелерди жактап добуш берген шайлоочулар күнөөлүү. Эшегине жараша тушагы болууда. Экинчи жагынан, эл ичинен абийирдүү, сабаттуу, чыныгы мекенчил азаматтар суурулуп чыгышына ачык эле коммерциялашып кеткен шайлоо тутуму да алдын ала бөгөт коюуда.

Кеп «ушундан баш тартсак эле баары сонун болот» деп көпчүлүк айтып жаткан партиялык тутумда эле эмес. Анткени, биринчиден, добуш сатып алуу өнөкөтү парттизме дегенди бизде эч ким биле элек кезде эле башталган. «Акча таратышса ала бергиле, бирок кимди татыктуу деп эсептесеңер, ошону шайлагыла», - деген чакырык бийлик тарабынан 90-жылдарда эле жаңырган. Экинчиден, толук баалуу, жоопкерчиликтүү партиялар жаралса, алар жалпы улуттук биримдикти камсыздоо жагынан да баа жеткис кызмат өтөмөк - ар бир аймактан белгилүү пайыздан кем эмес добуш топтоо талабы дал ушул идеяга байланышкан. Үчүнчүдөн, парламенттик башкаруунун классикалык үлгүсүндө өкмөттүн курамын аныктаган, тийиштүү чечимдерди кабыл алган депутаттар да аткаруу бийлигинин орчундуу кадамдары үчүн түздөн-түз жооп берет.

Кооз ураандарга жамынгандар башкаруунун тышкы көрүнүшүн гана өзгөртүмүш болуп, ички маңызы боюнча ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ тутумга айлантып алууда.

Кесипкөйлөрдү келтире алабызбы?

«Ким күн сайын жан аябай салгылаша күрөшсө,

Бакыт менен эркиндикке ошол гана татыктуу»​.

И. В. Гёте.

Эгер бийлик башына кара күч менен капчыгына ишенген рухий кедейлер эмес, саясий чайкоочулар менен кумарчылар эмес, иш жүзүндө эл үчүн иштей турган кесипкөйлөр, таланттуу менежерлер командасы келсе, башкаруу тутуму ашка жүк, башка жүк, ишке тоскоол гана боло турган артыкбаш түзүмдөрдөн арылмак. Сот бийлиги өз алдынча жана калыс иштеши үчүн паракорлордон толугу менен тазаланмак. Мамлекетте мыйзамдуулук бекемделип, элдин жаратман даремети толук жүзөгө ашырылып, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшмөк. Президенттин аппараты менен өкмөттүн аппараты кошулуп, артыкбаш орундар, түзүмдөр кыскартылып, ар бир тармак боюнча бирден гана жооптуу мекеме калтырылып, чөйрөсү жакындары бириктирилип, ар бир кызматкердин, жетекчинин ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫна жараша ЖООПКЕРЧИЛИГИ аныкталмак.

Ошондо Кыргызстанда жашагандыгы, бул республиканын жараны болгондугу үчүн сыймыктангандар көбөйүп, мамлекеттин келечеги үчүн күрөшүүгө дайым даяр турган, добушун сатпаган намыстуулардын катары калыңдайт эле.

Ошондо эл саясий турмушка жигердүү катышып, авантюристтерди ээрчибей, өкмөттүн ар бир орчундуу чечимин эл өтө дилгирлик, билгилик менен талкуулап, алгылыктуу кадамдарды колдоп, мамлекетке зыян келтирер жосундарга чечкиндүү каршы турмак.

Ошондо ар ким өзүнүн медиа сабаттуулугун арттырууга умтулмак, б.а. күргүштөгөн маалымат агымынан чындыкка дал келгенин иргеп алуунун жолдорун үйрөнмөк. Акча үчүн акты кара, караны ак кылып көрсөтүүгө далбаса кылгандардын тизгини оңой эле тартылмак. Иликтөөчү журналисттерди эл өзү колдоп, аларды ар кандай кысымдан коргоо үчүн аянттарга толкуп чыкмак. Өнүккөн же өнүгүүгө чындап умтулган өлкөлөрдүн калкы ушул жагынан да дилгир болгондуктан ийгиликке жол чаап жатпайбы.

Бийлик пирамидасындагы бүгүнкү опурталдуу жагдай Шайлоо кодексин өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу тутумун чечкиндүү түрдө оптималдаштыруу зарылдыгын даана көрсөтүп турат. Эгер жогорку бийик ушул кадамды жасаганга батынса, Кыргызстандын өнүгүү жолунда тарыхый мааниси зор бурулуш болмок. Ушундай кадамды эл да талап кылууга тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG