Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Канткенде ойгонобуз?


Иллюстрация

«Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форумда бир катар аткаминерлер уйкусурап отурганына, айрымдарынын уктап эле калганына күлгөндөр көп.

Күлүш керек, уйкучуларды шылдыңдаш да керек. Бирок бул бир эле ушул жыйында болгон кокус көрүнүш эмес экенин эске алып, мындай осол адаттан арылыштын жолун да издеп көрбөйлүбү?

Чаалыгуу жана чарчоо

Жыйындагы уйкунун үч себебин айтып жатышат:

  1. Уюштуруу иштерине чуркап жүрүп катуу чарчашкан.
  2. Форумдун идеясы катышуучуларга түшүнүксүз болду.
  3. Жыйын эски форматта уюштурулду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакованын «Фейсбукта» жазганына караганда, президент сөз сүйлөгөн форумду уюштуруу түйшүгү биздин «чоңдорду» чындап эле суй жыккан окшойт:

«Бул эл аралык масштабдуу иш-чара болгон үчүн мамлекеттик кызматкерлер дээрлик бир ай бою тикеден тик туруп кызмат кылышты. Күч органдары күнү-түнү тынбай күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Мэрия, обладминстрация… иши кылып, электриктен баштап тазалык, архитектура, жол башкармалыгы, журналисттер, ырчы-чоорчулардын эмгеги менен ушул иш-чара өттү. Жасап койгонду видеодон же жөн эле келип көрүп коюш оңой. Бирок канча мээнет бар, анын сыртында. Жаш болуп биз катуу чарчадык…»

Райкан Абдразакованын "Фейсбукка" жазган пикири.
Райкан Абдразакованын "Фейсбукка" жазган пикири.

Акчалай чыгымдан тышкары эле ушунчалык күч-аракет жумшалган форум көздөгөн максатка жеттиби (жетеби)? Эгер чечүүчү учурга келгенде уктап калбай, эң орчундуу максат-милдеттерди тактап алып, жаңы дем, жаңы күч менен шымалана иштей башташса - албетте, баары башкача болмок.

Түшүнгүсү келбегенден түңүл

Азыркы аткаминерлердин арасында санариптештирүүнү түшүнбөгөндөр эле эмес, дегеле түшүнгүсү да келбегендер толтура. Бирок түшүнүп, жаман көргөндөр да арбын. Анткени эгер бул идея утурумдук уу-дуу менен чектелбей, толук ишке ашса, паракорлордун бюрократиялык акыры бош калары анык эмеспи.

Демек, ишти кечеңдеткен, өнүгүүгө кедерги болгон бюрократияга, коррупцияга каршы чындап күрөшөлү десек, анда биринчи кезекте түшүнгүсү келбегендерден жана атайылап бут тоскондордон арылыш керек. Иштин көзүн билген жаштарды ачык (онлайн чагылдырылып туруучу) конкурс аркылуу тандап алуу зарыл.

Монологдон диалогго

Эми болору болду. Анын үстүнө мындай көрүнүш буга чейин да боло келген. Саясатчылар уюштурган жыйындарды мындай кой, илимий конференциялар, маданий иш-чаралар да көбүнчө ушундай зериктирме форматтын алкагында калат.

Эл алдына чыгып алып алтын шилекейин чачыратканды жакшы көргөндөр ошол узундан узун созулган сөзүн тыңшаган киши барбы деп ойлобойт. Мындай жагдайда айтылган эң эле маанилүү сөз да кулактын кырынан кетет, анткени жалпы маанай ушундай болуп, сапырылган саман-топондун ичинен кызылдай данын иргеп алышка эч кимдин мойну жар бербей калат. Ал тургай баштан-аяк жалаң орчундуу кеп айтылган жыйында деле монолог басымдуулук кылса, түшүнүү, кабылдоо баары бир өтө начар болору далай ирет далилденген. Ошондуктан чоң жыйында жалпыга айтылуучу маалыматтын көлөмүн, убактысын чектеп, сөздүн сезимге тийгизчү таасирине айрыкча көңүл буруу зарыл.

Чындыгында көпчүлүк топтолгон жер сергек, терең ойлонууга, эмес, эстетикалык ырахат алууга (мисалы, жакшы концерт көрүүгө), чогуу шаңданууга же кайгырууга көбүрөөк ыңгайлуу. Демек, катышуучулар орчундуу чечимди чын ыкластан дилгирлене кабыл алышы үчүн жалпы жыйынга чейин адистердин жардамында чындап иштин кызыкчылыгын ойлогон кызматкерлер менен тренингдер, ачык талкуулар, курч талаш-тартыштар уюштурулуп, орток пикирге келүүгө шарт түзүлүшү кажет.

Айрыкча азыркы маалымат технологиялары бешиктен бели чыгып-чыга электерге да жеткиликтүү болуп калган заманда жыйындардын форматын диктатура кезиндегидей өзгөртүүсүз калтырган такыр жарабайт. Диктатуранын табиятына диктант, монолог шайкеш келчү – өйдө жактан айтылган ар бир сөз аткарылбай калбас буйруктай кабылданчу. Азыр бизде диктатура жок, бирок анын каршысы, альтернативасы дегидей кадыресе демократия да орной элек. Орнотуш үчүн баарыбыз ар бир иште чын ыкластуулукка умтулушубуз зарыл.

Чубалжыган баяндамага камтылуучу негизги маалыматтарды катышуучулар жыйынга келгенге чейин талкуулап, беш колдой билип алса болот. Бул үчүн интернет-сайттардагы, социалдык желелердеги форумдарды да ыгы менен пайдаланыш керек. Албетте, көпчүлүктүн «акыл чабуулунда» (брейнсторминг) ач кыйкырык, куу сүрөөн же дилетантизм басымдуулук кылбашы үчүн талкууну алып баргандар кылдат иштеп, эң кызыктуу ойлорду улам иргеп, ийине жеткириш үчүн кайрадан ортого салып турушу зарыл.

Ошондо мамлекет башчы эл алдына чыкканга чейин эле анын сунуштары жыйынга чакырылгандардын акыл элегинен өткөрүлүп, кабыл алына турган чечим же анын негизги варианттары көпчүлүккө кыйла түшүнүктүү болуп калмак.

Чын ыкластуулук – чаалыгуунун дарысы

«Мындай көрүнүш жапан маданиятында инэмури аталат. Абдан көп иштеген кишинин уктаганга да убактысы калбагандыгын билдирет. Сындалбайт, тескерисинче кубатталат», - дейт белгилүү IT адис Чоробек Сааданбек какшыгын жумшак жылмаюусуна жашырып. Ырас, өнүмдүү иштеп чарчаган бир башка да, бөөдө убара чегүүдөн тажап, чаалыккан такыр башка. Чарчагандан кийинки эс алуу жагымдуу, пайдалуу болот. Чаалыгуунун изи аң-сезимдин тереңинде сакталып кала берет, адамды ичкериден эзип…

Иштебей эле, ойлонбой эле, изденбей эле иштегендей, ойлонгондой, изденгендей түр көрсөткөн жосун, расмий жыйындагы эле эмес, майрамдагы, аш-тойдогу формалдуулук, жасалмалуулук, калп мактоо, жалган наам, беймаани шаан-шөкөттөр ж.б.у.с. баары – убакытты уурдап, өмүрдү текке кетирген, күч-аракетти, жигерди бөөдө короткон алдамчылык, алдануу.

ХХ кылымдын улуу ойчулдарынын бири Эрих Фромм кишинин шаабайы сууган, эч нерсе кылгысы келбей, убактысын беймаани нерселерге короткон маанайынын башкы себеби деп чын ыкластуулуктун жоктугун көрсөткөн. Бул чыгаан психолог жана философ «калп эле күлүмсүрөгөн кишиге чындап жылмая жооп берсеңиз, ооз учунан айтылган формалдуу сөзүн чындап улап, кызыктуу ойду айта баштасаңыз, маектешиңиз уялып, аргасыздан чын ыкластуу мамиле кыла баштайт» деп кеңеш берген экен.

Эгер биз досторубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз менен болгон жекече мамилелерибизден тартып мамлекеттик иштерге (мисалы, шайлоого) чейинки иштерде чын ыкластуу боло алсак, «оюн эрежеси» бара-бара өзгөрөт. Өзүбүзгө талапты катуу коюп, башкаларга да, өкмөткө да ушундай талап коё билсек, башкаруудагы бири-бирин бир нече эсе кайталаган түзүмдөр кыскартылып, калпычылар баркталбай, уурулук да тыйылып, коомубуз тазара берет. Ошондо «уран казабыз» деп оолуккандар тынчыйт, буга чейин жеп-ичип келген мителер жазасын алат.

Уйку-соонун арасында талмоорсубай, сергек бололу, кара курсактын бир жолку кампайганын эмес, эртеңки жашоону, балдарыбыздын келечегин ойлойлу.

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (30)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG