Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Өпкө кагынын COVID-19га кошпогон өлкөлөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кеңири жайылып жаткан пневмонияны коронавирус инфекциясы козгогону айтылганы менен бийлик бул эки ооруну кошпой, эки башка статистика жүргүзүп жатат. Мындай көрүнүш дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде катталууда. 

Көп мамлекеттерде калк жапырт тест тапшырбагандыктан пандемиянын масштабы канчалык чоң экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Кээ бир мамлекеттердин бийликтери коронавирустун жайылуу масштабын төмөндөтүү максатында сандарды жашырып же бардык симптомдор COVID-19 илдетине окшош болсо да «анализинен коронавирус чыкпады» деген шылтоо менен «пневмония» катары каттап коюшууда.

Маселен, Кошмо Штаттар Кытайды коронавирус менен ооругандардын санын алда канча азайтып, реалдуу масштабды жашырып койгону үчүн айыптап келет. Илдет алгач тутанган Кытайда вирусту 84 миңдей адам жуктуруп, төрт миңден ашууну каза тапкан.

Вашингтон белгилегендей, Бээжин учурунда кырдаалды жашырбай, илдет канчалык коркунучтуу экенин убагында билдирсе, башка мамлекеттер ага кечикпей даяр болмок.

Эл аралык коомчулук коронавирустан катуу жабыркаган Иранды да ушул себептен улам айыптап жатат. Ооругандардын санын жасалма түрдө азайтты деп сынга кабылган өлкөлөрдүн арасында Орусия да бар.

Бул мамлекетте да оорунун белгилери коронавирустукуна окшош экенине карабастан, анализинен инфекция чыкпагандардын баарын "пневмония" катары каттаган учурлар кездешет. Жалпы Орусияда ушул тапта 700 миңден ашуун киши бул илдетке кабылган.

Дагестан Орусиядагы коронавирус катуу жайылган аймактардын бири. Ал жакта май айынын орто ченинде COVID-19 илдетинен 27, пневмониядан 650 киши ажал тапкан.

Орусия азыр дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки эле төртүнчү орунда турат. Анткен менен байкоочулар ооругандардын чыныгы саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин жоромолдошот. Орусиядагы жүздөгөн кыргызстандык мигранттар тест тапшырбай эле үйдөн ооруп, айыкканын айтып келишет. Айрымдары догдурга жете албай каза тапканын биз буга чейин кабарлаган элек.

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн жерге берип жатышат. Санкт-Петербург. 30-июнь, 2020-жыл.
Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн жерге берип жатышат. Санкт-Петербург. 30-июнь, 2020-жыл.

Кошуна Казакстанда өткөн жумада пневмониядан 415 киши көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги Саламаттык сактоо министрлигине таянып жазды. Ушул эле убакыт ичинде коронавирустан 76 адам каза тапты.

Июндун соңунан бери «пневмонияга» кабылгандардын саны 32 миңден ашты. Казак бийлиги Кыргызстандагыдай эле пневмония жана коронавирус менен ооругандарды эки башка каттап жатат. Саламаттык сактоо министри Алексей Цой мекеменин сайтында пневмония менен ооругандардын саны расмий жарыялана баштарын билдирген, бирок азырынча андай статистика жок.

Министрлик пневмония жана COVID-19га кабылгандарды бир протокол менен дарылап жатышканын билдирген.

Тажикстандын бийлиги апрель айынын соңуна чейин өлкөдө коронавируска кабылгандар бар экенин танып келген. Ага чейин, март айында «пневмонияга» кабылгандардын саны кескин көбөйгөн. Расмий Дүйшөмбү каза болгондордун санын жашырып, так айтпай келет. Ошол себептүү жарандык коом түзгөн «өлгөндөрдүн альтернативдүү тизмеси» пайда болгон.

Бул мамлекетте коронавирустан каза болгондордун расмий жана бейрасмий тизмесиндеги сандар он эсе айырмаланат.

Алматы шаарында жарандардан тест алып жаткан медкызматкер. 8-июль, 2020-жыл.
Алматы шаарында жарандардан тест алып жаткан медкызматкер. 8-июль, 2020-жыл.

Тажик бийлиги COVID-19 илдетинен 54 гана киши өлгөнүн жарыялаган. Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы иликтөө жүргүзүп, каза болгондордун аты-жөнүн өз алдынча топтогон.

Маркумдардын жакындары, медкызматкерлер, жарандык активисттер жана күбөлөрдүн жардамы менен түзүлгөн ал тизмеде коронавирустан өлгөндөрдүн саны 150 дөн ашат, ал эми коронавирустукуна окшош симптомдордон каза болгондордун саны 435тен көп.

Тажикстанда баарынан көп медкызматкерлер көз жумган, андан кийинки орунда билим берүү жаатында иштегендер турат. Коронавирустан өлгөндөрдүн арасында күч түзүмдөрүндө иштегендер дагы көп.

Аягында кошумчалай кетели, Кошмо Штаттар, Европа мамлекеттери коронавирус жана анын айынан пневмонияга чалдыккан адамдарды бөлбөй чогуу эсептеп келатат. Эл аралык адистер оорунун жайылуу деңгээлин туура көргөзүү эпидемияны ооздуктоо үчүн өтө маанилүү экенин белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG