Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

COVID-19: Жашоо алгоритми


Дарыгер баатырлар. 2020.
Дарыгер баатырлар. 2020.

Таажы вирусунун COVID-19 илдети ар бир элге, анын ичинде кыргыз элине да эбегейсиз зор кайгы алып келди. Ошол эле учурда жаңыча чыйралуу кезеңи да келип турат. Тарыхчынын блогу.

Көрүнбөгөн жебесин улам бир тарапка мерездик менен жана таамай аткан ажал аңчысы адамзатка эбегейсиз зор алаамат алып келүүдө. Таажы вирусунун статистикалык маалыматындагы ачык айтылган жана айтылбаган ар бир сан –– ошол ажал аңчысы арабыздан жулуп алган ар бир кишинин тагдыры... Ачык айтылбаган дегенибиз –– Түркмөнстанда жана Тажикстанда кыйла убакытка чейин "бул оору бизде жок" деп танып келишти, Кыргызстанда болсо айрым маркумдарды өзүнүн башка оорусунан (өпкө кагыны ж.б.) эле кайтыш болду деп каттап койгон учурлар болду.

Бирок расмий катталабы, же жокпу, таажы вирусу алып тынган ар бир киши –– адамзат үчүн оор жоготуу. Саны чаканыраак болгон биздин элибиз үчүн бул жоготуулар ого бетер азаптуу болду. Канчалаган инсандардын, алардын жакындарынын кыялы кыйрады, канчалаган мыкты кесипкөй, нускалуу сөзү бар, көз карашы менен элге багыт берген, мээрим берген, үмүткө бөлөткөн жаркын кишилер, эл жүгүн аркалаган азаматтар арабыздан мезгилсиз кетти!.. Эми бул алааматтын чеги да коюла элек...

Дал ушул учурда элибизге, жалпы адамзатка үзүлгөндү улаган, чыйралткан, алдыга умтулууну жанданткан маанай өзгөчө керек болуп турат.

Ал маанай ЖАШОО АЛГОРИТМИНИН маанайы.

Ал маанай –– “Манас” эпосунда чагылдырылган кошок да кошулуп, өткөн кишилердин арбагын да татыктуу эскерип, ошол эле учурда белди бекем бууган учурдун маанайы.

Мындай учурлардын далайы жылнаамаларда эскерилген 3 миң жылдык тарыхыбызда далай ирет баштан кечирилгендир. Байыркы мамлекетибиз, орто кылымдардын эрте мезгилиндеги Энесай Кыргыз каганаты, дагы далай мамлекеттерибиз кулаган.

“Эл калаар, төрү калбас” деген таасын макалды XI кылымдагы бабабыз Махмуд Кашгари Барскани жазып калтырган. Бул макалдагы “эл” сөзү “мамлекет” дегенди туюнткан (аны арапча которгон терминге ылайык тастыктап жатам; ушундай эле маани бабаларыбыздын руна сымал жазмаларында да камтылат), “төрү” сөзү болсо –– мыйзам, каада-салт, үрп-адат маанисин берген. Демек, мамлекет туусу убактылуу жыгылганда да (“артта калганда”), элдин руханий байлыгы, үрп-адаты, каада-салты, элдин этностук мүнөзүн билдирген асыл-нарктары сакталып кала берген.

Биздин азыркы милдетибиз –– улутубузду да сактоо, уркубузду сактоо, ошондой эле, эгемен мамлекетибизди да көз карегиндей сактоо болуп саналат.

Бул –– атуул үчүн чоң жоопкерчилик.

Ушундай учурда жашоо алгоритми бизге ынтымак менен чачылганды жыйып, үзүлгөндү улоо жаатындагы тарыхый тажрыйбаны да, тарыхый зарылдыкты да эскертип турат.

Мүңкүрөп отуруп калбастан, аракетке өтөлү деп Кыргызстандагы атуулдук коом өкүлдөрү да, жана чет өлкөлөрдө жүргөн диаспора өкүлдөрү да жанданышууда. Эми калган элибиздин эсенчилигин тилейли деп улам жаңы азаматтар (алардын арасында жигердүү жана мээримдүү эже-карындаштар да арбын) кайрымдуулук иштерин арбытышууда.

Врач-инфекционист: Айып издебей, жардам бергиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:44 0:00

Өз өмүрүн тобокелген салуу менен иштеп жаткан ар бир дарыгер –– Манастын чоролорундай, дарыгер айымдарыбыз –– Жаңыл Мырза, кыз Сайкалдай эрдик кылууда. Аларга камкордукту күчөтүү маселеси козголуп жатканы –– жакшы жышаан.

Кыргыз өкмөтү жарандык коом менен биргеликте тоону томкоро алат деп ишеничтүү айта алам. Жарандык коомдун мекенчил демилгелерин колдоо абзел.

...Биз эгемен, демократиялуу мамлекетибизди да өз мурасыбыздан кем эмес сакташыбыз керек. Бул мамлекет да -- улуу мурас. 
Т.Чоротегин

Ал эми күз мезгилиндеги шайлоого келсек, аны учурунда өткөрүү аркылуу Жогорку Кеңешти сапаттык жактан жаңыртуу –– 1941-жылы 7-ноябрда Кызыл аянтта аскердик параддан өтөөр замат айбат менен гитлерчилерге каршы урушка кирген жоокер бабалардын жүрүшүндөй символдук мааниге гана ээ болбостон, жаңы, реформачыл сереге көтөрүлө алабыз жана жалпы мамлекетибиздин өксүктөрүн жаңы мыйзамдар аркылуу түздөй алабыз деген турмуштук чындык маанайын да камтыган иш-аракет.

Жакындарыбыз кетип, орду толгус оор жоготууга учурап турабыз, далай жакындарыбыз азыр да дарыланып жатышат.

Дал ушул учурда биздин ар бирибиз жалгыз пенде эмес экендигибизди эстейли.

Кыргызстан –– көп этносту ынтымакка бириктирген келечектүү, демократиялуу өлкө. Жогорудагы көөнө макалга түзөтүү кылсак -- биз эгемен, демократиялуу мамлекетибизди да өз мурасыбыздан кем эмес сакташыбыз керек. Бул мамлекет да –– улуу мурас.

Биз бул сыноодон татыктуу өтө алабыз, анткени тарыхый бай салттарыбыз бар, жалпы улутубуздун курамындагы этносторду бириктирген мол тажрыйбабыз бар. “Манас” эпосунда айтылган “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” айырмалуу учурлардын дагы бирин баштан кечирип жатабыз. Карантинден кийинки кырдаал биримдикти, учкул акыл-эсти, мээримди, айкөлдүктү жана демилгелерди ар бир атуулдан талап кылууда.

Бабалардын татыктуу урпактарынан, болочоктогу муундардын татыктуу ата-бабаларынан бололук.

Чыйралалык. Анда эмесе, кеттик!..

P.S.

Алгоритм––​ Батыш Европадагы орто кылымдардагы илимде борбордук азиялык чыгаан математик окумуштуу Мухаммед Хорезминин туулган жерине байланыштуу “ал-Хорезми” деп алган ныспасынан (шарттуу тегатынан) алынган илимий термин. Мухаммед Хорезми “нөл” (“жок”, “боштук”, арапча “ас-сыфр”) бирдиги да кирген ондук эсептөө системасын индиялык математиктердин санскрит тилиндеги китебинен окуп, жалпы мусулман дүйнөсүнө таркаткан. Бул сандык система Европада индиялык эмес, араптык сандап аталышы менен таркаган. Азыркы “цифра” жалпылама сөзү да арапча “ас-сыфр” (“нөл”) сөзүнө барып такалат. Мухаммед Хорезми жалаң гана мусулман маданияты менен чпектелбестен, өзүнө чейинки ар башка диндердеги илимий ачылыштарга жана саамалыктарга өз койнун ача алгандыгынын аркасында ири ачылыштар жасап, алгебра илимин негиздөөгө зор салым кошкон. “Алгебра” илимий тармагынын аталыш сөзү да бабабыз Мухаммед Хорезминин “ал-жабр ва-л-мукабал” («Кошуу жана алуу тууралуу китеп») деп аталган арапча эмгегинин аталышындагы алгачкы сөздөн жаралган. XI кылымдагы бабабыз Жусуп Баласагын да өзүнүн “Кут билим” дастанында “алгебраны окуп бил, бөлчөккө бөлүүнү, тамыр чыгарууну үйрөн” деген осуятын калтырган, б.а. Мухаммед Хорезминин алгебра жаатындагы эмгегин ошол доордогу кыргызстандыктар да мыкты өздөштүргөн.

Алгоритм ––​ тийешелүү математикалык жана башка тапшырмаларды толук чечүү үчүн тапшырма аткаруучунун аракеттеринин тартибин (ыраатын жана жолун) сыпаттаган эрежелердин (көрсөтмөлөрдүн) так жыйындысы. Алгоритмсиз азыркы илим-билимдин, маалымат технологиясынын деңгээлинин жаралышын элестетүүгө эч мүмкүн эмес.

Көркөм которгондо, алгоритмдин улам жаңы учугун жалпылап издөө ––​ бирден-бир туура, анык, келечектүү нукту жалпы элдик, жалпы жамааттык тандоо үчүн умтулуу деп аңдасак болот.

(Бул кыска маалыматты жаш муундар ар кыл цивилизация очокторунун берметтерин айкалыштырууда борбордук азиялыктар да өз салымын кошконун биле жүрсүн деп кошумчаладым).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG