Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ала-Арчада эл азайып, илбирс ылдый түштү


Ала-Арча жаратылыш паркын байырлаган илбирс.
Ала-Арча жаратылыш паркын байырлаган илбирс.

Кыргызстан - дүйнөдө сейрек кездешкен илбирстин мекени. Кызыл китепке кирген жаныбар өзгөчө коргоого алынган. Карантин убагында жапайы жаныбарлар ээн-эркин басып, айрымдары эл баскан аймактарга жакындады.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин убагында Алматынын сыртындагы тоолордо жүргөн илбирстин сүрөтү Интернетке чыгып, бир топ кызуу талкуу жаратты. «Илбирс» коомдук фондунун жетекчиси Зайырбек Кубанычбековго кайрылып, Кыргызстандын тоолорун мекендеген сейрек жаныбардын жашоосуна кызыктык.

- Зайырбек мырза, Бишкек да Алматы сымал тоо этегинде жайгашкан. Ала-Арча тарапка барсак, илбирске карп-күрп чыгып калбайбызбы? Деги эле карантин жан-жаныбарга кандай таасир этти?

- Карантин маалында эмнени байкаганыбызды айтсам, Бишкекте эле булбулдардын кээ бир түрлөрү сайрап, Чүй каналынын жээгинде кыргоолдор кадимкидей эле басып жүргөнүн көргөндөр сүйүнүп, жазып жатышты. Бишкектин четинен «бул канаттууну, бул жаныбарды көрдүк» деп жазып жатышты. Буга коронавирустун айынан эл тышта көп баспай калганы түрткү болду. Анткени кыймыл жок, адамдар көрүнгөн жок, жан-жаныбарлар кененирээк басып калды.

Алматы шаары да Бишкек шаарына окшоп тоого жакын эмеспи. Бишкектин так ортосунан биз илбирске фотокапкан койгон жерге чейин 43 эле чакырым. Биз мындан үч-төрт жыл мурун ошол жактан илбирсти тартканбыз.

- Азыр жагдай кандай?

- Азыр деле илбирс ошол эле жерде жүрөт. Жылда фотокапкан койгондо көрөбүз. Айрыкча карантинде адамдар жапайы жаныбарларга жолтоо болбой, алар кенен басып, ылдыйлады десек болот.

- Сиз айтып жаткан фотокапкан турган жерге, илбирстер ээн-эркин баскан аймакка Бишкектин тургундары жай турмушта барып, эс ала алышат да?

- Ооба, эл эс алып жүргөн убакта деле тартканбыз. Илбирс жылыга эле ылдый түшөт. Жаныбарга тийбесең эле көбөйө берет. Эң башкысы - аларга жолтоо болбош керек.

- «Табият койнунда жүргөн жан-жаныбарга тийбегиле» деп экологдор такай айтасыздар. Бирок мына жакында эле Нарында, ага чейин кыштын кап ортосунда февралда Таласта илбирсти табышмактуу жагдайда жергиликтүү тургундар кармап алышты. Же илбирс көбөйүп, жакага түшүп келе баштадыбы?

- Өтө көбөйүп кетип, айылга түшүп келип жатат дегенден алысмын. «Таласта илбирс айылдын ичиндеги токойдо бактын үстүндө отурат» деп чалышканда, мен деле ишенген жокмун. «Кантип эле, мүмкүн сүлөөсүн менен алмаштырып жатасыңар?» - десем сүрөтүн, видеосун тартып жөнөтүштү. Илбирс экен. Анан кандайча айылдын так ортосуна келип калганы мага да табышмак. «Илбирстен кан таамп жатат» дегенде «же ургансыңар, же бирөө аткан» деп айткам.

Атайын уюшулган топ барып, ошол жерден кармап алып келишти. Бул жерден атайын процедуралардан өткөрүлгөндөн кийин, илбирс жакындан атылганы билинди. Ал жаныбарга тийген чачма октун чачылбай калганынан билинип турат. Эми анын себебин билиш үчүн иштеп жатышат.

Ал эми Нарындагы окуяга келсек, видеодо илбирс бирөөнүн торпогун басып алып, ичин жарып жеп жатканы көрүнүп турат. Бир жагынан аны өлтүрүп, унчукпай ыргытып жибербегени үчүн жергиликтүү элге рахмат. Экинчи жагынан, ал торпок баары бир өлдү да, илбирске тийбей койсо, этке тоюп алып кетип калат беле деп да ойлойм. Жаныбар көзү көрбөй, тиши сынып, карып калган экен.

Эми жергиликтүү элди түшүнөсүз да, жалгыз малынын көзүн караса, анан келип жапайы жаныбар жеп жатса, ээсинин жини келип, илбирсти майып кылып же жок кылып коюшу мүмкүн.

Бирок быйыл ушундай үч окуя болду. Таласта, Нарында, кечээ жакында да Нарындан бир илбирсти алып келишти. Ошол менен үч башка жетти.

- Кийинки жылдары илбирстин тоо башындагы тамагы - кийик, тоо эчки кескин азайып кеткенин билебиз. Ал жапайы мергенчиликтин айынан болгону айдан ачык. Бул фактор азыр дагы эле актуалдуубу?

- Ооба, азыр деле мыйзамсыз аңчылардын айынан пландалган көп нерселер болбой калышы мүмкүн. Жаныбарлардын көбөйүшүнө да ошолор жолтоо кылып жатат десек болот. Бирок муну далилсиз айта албайбыз. Биз ар бир жылды салыштырып, тоо эчки, теке, суур жана башка жаныбарлардын санына карап айтышыбыз керек.

Илбирс да жыл маалына жараша өйдө-ылдый түшүп турат. Жаныбар жайдын күнү өйдө өрдөп кетсе, кыштын күнү кар оор түшүп, ача туяктуулар ылдыйлаганда илбирс да алардын артынан түшөт. Табиятта баары бири-бирине байланган.

Алай тоо кыркаларын мекендеген илбирс.
Алай тоо кыркаларын мекендеген илбирс.

- Ушу тапта Кыргызстанда илбирстердин саны канча? Аларды силерге билинбей барып, аңчылар атып жаткан жери жокпу?

- Кыргызстан - чакан мамлекет. «Илбирстерди коргоо» деп атайын программа кабыл алгандан бери олуттуу иштер жүргүзүлүп жатат. Беш-алты жылдын ичинде илбирсти түз бутага алган бир-эки гана учур болду. Ал эми илбирстин саны 350дөн 300гө чейин деп берилет. Кээ бир жерлерде 350дөн 400гө чейин деп берилет. Биз да ушуга кошулабыз. Анткени Кыргызстандын аймагындагы илбирстерди 100% санап чыгып, мынча деп айтыш кыйын. Аны атайын изилдөөнүн негизинде айтууга болот.

- Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин саны 350-400дүн тегерегинде деп жатасыз. Жакында эле Алматынын жака-белиндеги тоолодо да илбирстер жүргөнү фотокапканга түшүптүр. Бишкектеги илбирстер Алматынын тоолоруна ооп кетиши мүмкүнбү?

- ​Жок, алардын ар биринин өзүнүн жашай турган аймагы бар. Такыр эле ооп кетпейт дегенден да алысмын. Жеген тамагы азайса, мүмкүн ооп кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта жаныбар деген ары-бери басып жүрөт. Өтө алыска кетпейт, бирок бир үй-бүлөдөн тарагандан кийин эркектери, ургаачылары өзүнчө үй-бүлө күткөндө бири-биринен оолактайт. Бирок анчалык алыска кетишпейт. Ал үчүн жеген тамагы такыр жок болуп кетиши керек.

- Кыргызстандын кайсы аймагында илбирс көп? Кайсы жерде алардын тукуму көбөйүп жатканын байкайсыздар?

- ​Негизи илбирс көп деп айтылып жүргөн жер - Ысык-Көлдөгү Сарычат-Ээрташ коругу. Аймагы 100-140 миң гектар. Анда кеминде 20дай илбирс бар деп эсептелет. Кыргызстандын ар жерине фотокапкандарды койгондо да ошол жерде экиден-үчтөн түшүп калып жатат. Эми биз бир-эки жылдын ичинде бардык өнөктөш уюмдар менен бирге иштеп, ошол жердеги жаныбарлардын, анын ичинде илбирстин санын эсептеп чыгып, кайсы жерде көп экенин так айта алабыз.

- Сарычат-Ээрташ коругу дегенде, албетте, Кумтөр кени көзгө тартылат. Кумтөрдө кен казылып, оор техника иштеп, маал-маалы менен жардыруу да болуп турат. Бул ошол жерди байырлаган илбирстерге кандай таасир этет?

- ​Кумтөр кенинин жанынан өтүп көргөн адамдардын баары билет. Чоң техника иштеп жатса да ал жерде жапайы жаныбарлар жүрөт. Мен да ушул тармакта жаңы иштей баштаганда техникадан жапайы жаныбарлар коркот болуш керек деп ойлочумун. Жардыруу болуп, өндүрүш жүрүп жатса да жаныбарлар эң көп байырлаган аймак Кумтөрдүн айланасы десем адашпайм.

Машинеде баратып аркарды, кулжаны, карышкырды, түлкүнү сүрөткө тартып алсаңыз болот. Таң калыштуусу, ошончолук техника иштеп жатса да жаныбарлар ошого көнүп калган. Кандай гана техника иштебесин, кандай гана үн чыкпасын, жаныбарга эч ким тийбесе, жеке коопсуздугуна зыян келбесе эле ал бара-бара көнөт.

- Зайырбек мырза, илбирс деген кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниси бар, символикалуу жаныбар го. Ал эми сизге кандай?

- ​Мен үчүн илбирс тазалыктын символу, биздин жаратылышыбыздын туу чокусу болгон ыйык жаныбар. Илбирс бар жерде экосистеманын толук жашоосу жүрөт. Анткени илбирс байырлаган жерде анын жей турган тамагы болгон башка жаныбарлар да бар.

«Илбирс» коомдук фондунун жетекчиси Зайырбек Кубанычбеков
«Илбирс» коомдук фондунун жетекчиси Зайырбек Кубанычбеков

- Илбирс сүрдүү жаныбар эмеспи. Жапайы илбирсти кармаган сезим кандай болот?

- ​Өтө башкача. Чынында илимий изилдөө тармагында дүйнө жүзү боюнча жапайы илбирсти кармагандардын саны 100гө жетпейт. Аябай жүнү жумшак, кармаганда башкача денең дүркүрөп, толкундануу болот. Анчалык сүрүн деле сезбедим, бирок башкача сезим. Бул жаныбар кандайдыр бир жерге камалып калып, өзүнө гана коркунуч келбесе, эч кимге кол салбайт. Жөн убакта адамды көргөндө жай гана басып кетип калат.

- Илбирстин башка жаныбарга окшобогон эмне белгиси бар?

- ​Илбирстин темгилдери өзгөчө. Ар бир илбирстин адамдын колундагы манжанын изиндей өзүнүн гана темгилдери болот. Ошол өзгөчө белгиси аркылуу фотокапкандын жардамы менен алардын санын аныктаса болот. Негизи аябай кооз жаныбар.

- Илбирсти үйгө бакса болобу?

- ​Үйдө кармаганга болбойт. Ал аябай чоң аймакта ээн-эркин басып жүрө турган жаныбар. Сегиз метрге чейин секирет. Суук жерде жашайт. Үйдө кармаганга мыйзам да жол бербейт, ал мүмкүн да эмес. Негизи эле бардык жапайы жаныбарлар ээн-эркин басып жүргөнү жакшы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG