Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:21

«Кумтөрдү» корукка кол салдырган келишим


Кумтөр.

Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилгени белгилүү болду.

Бул маалыматты «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков ырастады. Бул жер тилкеси 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча «Кумтөр голд» компаниясына алтын казууга кошумча берилип, анын эсебинен Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары көбөйгөн болчу. 2012-жылы өкмөт коомчулуктун басымы менен мамлекеттик коруктун аймагынан берилип кеткен жерди артка кайтарган эле.

Кен казууга бөлүнгөн жер аянттары

Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясы менен мындан эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алкагында илбирстер менен кайберен мекендеген «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы 16 миң гектар жер аянты кен казууга берилди. Тактап айтканда бул жер аянтын мамлекетке кайра кайтарып алуу боюнча 2012-жылдагы өкмөттүн токтому жокко чыгарылып, 2009-жылдагы концессиялык келишимдеги кен казууга кошумча жер аянттарын берүүнүн шарттары толук аткарылмай болду.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков бул маалыматты ырастап, келишимге ылайык өкмөт мындан он жыл мурунку милдеттенмесин аткарганын айтты:

Алмаз Алимбеков.
Алмаз Алимбеков.

«2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан. Негизинен биз жер аянттарын бергендин эсебинен компаниянын салыктык режими өзгөртүлүп берилген».

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Жең ичинен сүйлөшүүнүн «жемишиби»?

Мурдагы вице-премьер-министр жана экс-депутат Абдрахман Маматалиев кезинде ызы-чуунун натыйжасында мамлекеттик коруктун жери артка кайтарылганын айтып, анын кайра берилишин калпыстык катары кабыл алды:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Албетте, андай чечим туура эмес. Анткени ал 16 миң гектар жер аянттарын берүү боюнча өкмөттүн токтому биздин мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. Бул жанагы кен казуучу компания менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан кандайдыр бир шартта ошол жер аянттарын кайра кайтарып берип жатышат. Жерди кайтарып бербеш керек. Ал жер аянттарынын айынан абдан көп чыр-чатактар чыгып турган. Бул коруктун жери кетилип кеткендиги боюнча маселе парламентте да, өкмөттө да каралып, катуу талкууланган. Анан эми «ошону кайра карайбыз» дегени - бул алдамчылык. Мамлекеттик коруктун аймагы - кайтаруудагы аймак. Президенттин азыр алып барып жаткан саясатына жана мыйзамдарга дагы дал келбейт».

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөрдү казып жаткан «Центерра Голд Инк» компаниясы 2009-жылы 24-апрелде жаңы келишимге кол коюп, ал туура бир жумадан кийин парламент тарабынан бекитилген. Ал макулдашууда «Кумтөргө» коруктун аймагынан жер тилкесин берип, анын эсебинен кен казуучу аймакты кеңейтүүгө тыюу салган жобо да бар.

Картасы оңдолуп, чийилген корук

Бирок эки айга жетпей ошол кездеги өкмөт жогоруда аталган жер аянтын берүүгө батынып, 1995-жылы бекитилген коруктун чек арасын өзгөртүүгө бел байлаган.

Эркин эколог Динара Кутманова кен казуу андагы биологиялык ар түрдүүлүккө зыян тийгизерин айтып, бирок мыйзамдан аттап өтүш үчүн мамлекеттик коруктун чек арасы өзгөртүлгөнүн билдирди:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

«Ал жер аянттары «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы аймакка кирет деген негизде ызы-чуу чыккан. Анын натыйжасында ошол кездеги өкмөт мурдагы токтомун жокко чыгарган. Анан кайра жерди артка кайтарган токтом кайра жокко чыгарылып, эми минтип жер аянты кайра берилип жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бул мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүп, Кумтөргө жакын турган жер тилкелери коруктун аймагына кирбей турган кылып, коруктун аянтын кичирейтип, картасын чийген. Бул жерде «Кумтөрдү» мыйзамга ылайык иштетпей эле, мыйзамды «Кумтөрдүн» ыңгайына жараша тууралап коюп жатпайбызбы?»

«Сары-Чат - Ээр-Таш» экологиялык коругу 134 миң гектардан турат. Коруктун аймагында узундугу 14 чакырымдан ашык эң чоң Петров мөңгүсү бар. Корукту илбирс, аркар жана жапайы тоо эчкилер байырлайт. Мамлекеттик корук 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген. 2009-жылы бул карта кандайча өзгөртүлгөнү жана ага кандай мыйзамдуу негиздер болгону белгисиз. Мамлекеттик корук өзгөчө кайтарууга алуу режимине ылайык, «өзөктүк» жана «буфердик» деген эки бөлүктөн турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (98)

XS
SM
MD
LG