Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кумтөрдө дагы бир кыңыр иш билинди


Кыргызстанда илбирстер менен аркарлар мекендеген "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругу жок болуп кетүүнүн алдында турат.

Бул тууралуу коңгуроо каккан экологдор “Кумтөр” компаниясына коруктун аймагынан алтын кенин чалгындоо үчүн жер тилкелерин берген өкмөттүн жашыруун токтомун ачыкка чыгарып, мыйзамсыз берилген уруксатнааменин көчүрмөлөрүн таап чыгышты.

Жаратылыш коргоочулардын айтымында, Бакиев өкмөтүнүн 2009-жылкы мыйзамсыз иш-аракеттерин жаңы бийлик жашырганы аз келгенсип, аны ашыгы менен уланткан учурлары ачыкка чыга баштады.

Кыңыр иш кырк жылда...

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен "Сары-Чат-Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы 4380 гектар жер аянты “Кумтөр” компаниясынын карамагына өткөн.

Аталган токтом жашыруун кабыл алынып, ал тууралуу коомчулукта азыркыга чейин маалымат жокко эсе. Ал токтомго ылайык, мөңгү катмарлары баскан аймакта геологиялык чалгындоо иштерине уруксат берилген. Жергиликтүү экологдордун казуу иштери мөңгүлөрдүн эришине алып келип, Нарын дарыясынын башатындагы сууларды булгайт деген бүтүмүнө карабастан, тиешелүү экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева азыркы өкмөт ошол кыңыр ишти ушул күнгө чейин жашырып келген деп эсептейт:

- Бизге бул туурасында эч нерсе айтышкан эмес. Мына ошончо жер аянты жаратылыш коругунун аймагынан “Кумтөргө” беришкендиги боюнча маалыматты жашырып келишкен. Биз бул маселе боюнча угуп калып, анан изилдей баштаганда ага байланыштуу тиешелүү документтер чыгып калбадыбы. Анан биз мына ошол документтердин бардыгын өкмөткө берип, мына ошол мыйзамсыз токтомду жокко чыгарууну талап кылганбыз. Бирок бир нече айдан бери өкмөт бул боюнча унчукпай келатат. Анан жакында парламентте өкмөт башчысы Бабанов “Кумтөр” өкмөткө 21 миллион доллар жардам бере турганын айтып жатпайбы. Биз андан ал акча кандай шартта берилип жатканын сурасак, ал “жөн эле жардам" дейт. Албетте жөн эле жардам болбойт да. Бул маселени аягына чейин иликтеп, өкмөттү мурдагы токтомду жокко чыгаруусун талап кылышыбыз керек.

Чындыгында эле “Центерра Голд” компаниясынын Кыргызстан өкмөтүнө 21 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз грант берип жатышы жумурай журтта күмөн ойлорду туудурду. Адатта өкмөт келишим шарттарын кайра кароо талабын койгондо гана каржылык жардам көрсөтүү демилгесин көтөрө калчу компаниянын бул жолку бөтөнчө “марттыгынын” артында эмне жатат деген суроону пайда кылды.

Айрым адистер кен казуу аймагын кеңейтүүнүн акысы 21 миллион долларга бааланып жатат деп да жиберишти.

“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын директорунун жардамчысы Анара Өтөгөнова бул маселе боюнча жазуу түрүндө суроо жөнөтүлсө гана ага жооп берүү жагы каралаарын эскертти:

- Сиздерде мына ушундай суроолор болсо, анда кат жүзүндө гана кайрылып жооп ала аласыздар. Катты биздин компаниянын жетекчисинин атына жазасыздар. Анан биздин юристтер мына ошол келишимдин шарттарын жана буга байланышкан жагдайларды карап туруп анан жооп беришет.

Кадыры кеткен келишим

Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөрдүн” кожоюну “Центерра” компаниясы 2009-жылы 24-апрелде жаңы келишимге кол койуп, ал туура бир аптадан кийин парламент тарабынан бекитилген. Аталган макулдашууда “Кумтөргө” коруктун аймагынан жер тилкелерин берип, анын эсебинен кен казуучу аймакты кеңейтүүгө тыюу салган жобо бар. Бирок эки айга жетпей эле ошол кездеги өкмөт жогоруда аталган жер аянтын берүүгө батынып, 1995-жылы бекитилген коруктун чек арасын өзгөртүүгө бел байлаган.

Кен казуучу компаниялардын ишмердигин иликтеген Bankwatch уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Vlada Martsinkevich мында экологиялык укуктук ченемдер гана эмес, эки тараптуу келишимдин шарттары да одоно бузулган деген бүтүмүн чыгарды:

- Жаз айларында эле аталган макулдашуу каралып, бекитилип, ошол эле жылы жайында жана күзүндө Кыргызстандын ошол кездеги өкмөтү коруктун аймагынан компанияга жер бөлүп берүү маселесин карап отурат. Башка улуттук мыйзамдарды айтпаганда да ал чечим мына ошол эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуу менен жүргүзүлгөн. Ошол эле кезде өкмөт мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Бул мына ошол өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин мыйзамдаштыруу үчүн мына ошондой жолго барышкан болуш керек. Мына ошентип бир караганда мыйзам бузулбагандай кылып, мына ошол чечим менен токтомду бири-бирине шайкеш келтирип, жыйынтыгында коруктун жер аянттары андан чыгарылган.

2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашкан соң андагы кен казуу аймагын кеңейтүү аракети токтогон. Бирок кирешеге кызыкдар тараптар үчүн мындай мезгил узакка созулган жок. Убактылуу өкмөт Бакиев өкмөтү бекиткен мыйзамсыз токтомду жана уруксатнаамелерди жокко чыгарбастан, атүгүл аны ашыгы менен ишке ашыра баштаган.

Жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу Кайрат Жумалиевдин колу менен мурдагысына кошумча 2010-жылы 14-июнда аталган жаратылыш коругунун Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелери геологиялык чалгындоо иштерине жүргүзүүгө берилген.

Жарга такалган жаратылыш коругу

Жергиликтүү эколог Кубанычбек Жумабай уулу коруктун аталган аймагы кен казууга берилсе, анда жапайы жан-жаныбар мекендеген коруктун кыйрап жок болушуна алып келет деп тынчсызданат:

- Жаратылыш коругунун эң маанилүү үч тилкесин берип коюшкан. Мына ошол эки жылдык уруксатнааменин мөөнөтү быйыл июнда бүтөт. Бирок ага чейин ошону узартып калуу аракети жүрүп жатканы белгилүү болду. Мына ошол үчөөнүн ичинен азыр Коёнду тилкесинде геологиялык изилдөө иштери жүрүп атат. Ал жерге техника алып барышып, жол салынып жаткандыктан андагы жапайы айбандарга жагымсыз жагдайлар эми эле орун ала баштады. Жалпысынан корукта эки жарым миңге жакын аркар жана он сегиз илбирс бар. Алардын популяциясынын тыгыздыгы боюнча эң уникалдуу аймак катары эл аралык экологдор тарабынан бааланып келе жаткан корук болчу. Мындай аймактарда геологиялык изилдөө жүргүзмөк турсун, бут бастырып барууга болбойт.

Бул ишке түздөн-түз тиешеси болгон ошол кездеги жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу Жумалиевдин жоопкерчилиги каралмак турсун ал бир жылдан соң байланыш жана транспорт министринин орун басарлыгына которулган. “Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө" мыйзамда жаратылыш коругунда геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө тыюу салынаары эскертилген.

Бирок Кайрат Жумалиев бардыгы мыйзам чегинде жүргүзүлгөн болчу деп эсептейт:

- Ал жерде геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө гана уруксат берилген. Мыйзам жаратылыш коругунун аймагында мына ошого окшогон зыяны жок изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берет. Мында кенди иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө эмес, изилдөөгө уруксат жөнүндө сөз болуп жатат. Буга Жумалиев өзү эле каалагандай уруксат берип койгон эмес. Чечимди лицензиялоо комиссиясы менен биргеликте кабыл алганбыз.

Бир агенттик - эки пикир

Геология агенттигинин айрым адистери жекеме-жеке сүйлөшүүдө уруксатнааменин берилишинде чекилик бар экендигин жашырышпаганы менен оюн ачык айтууга батына алышпады. Анткен менен 2009-жылкы мыйзамсыз токтомду азыркы өкмөт жокко чыгармайынча аталган уруксатнаамелерди жокко чыгарууга болбой тургандыгын айтты Геология агенттигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Коноков:

- Кара-Сай жана Коёнду деген жер тилкелери берилген. Андан башка берилген эмес. Бирок ошондон кандайдыр бир бөлүгү коруктун ичине кирип кеткен учурлар болгон. Азыркы учурда изилдөө иштери лицензиялоонун шарттарына ылайык жүрүп жатат. Лицензиянын мөөнөтү быйыл бүтөт. Бүткөнгө чейин биз алардын ишин токтотуп тура албайбыз. Анын токтотуп туруш үчүн өкмөт тыйуу салган токтом чыгарса гана биз ошону аткарабыз.

Ошол эле учурда Геология агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаров коруктун аймагынан кен издөөгө уруксат мыйзамдуу берилген деп эсептейт. Бирок бул боюнча көз каранды эмес экологиялык экспертизанын бүтүмүн көрсөтүп бере алган жок. Анткен менен Наби Эшназаров 2009-жылы коруктун чыныгы жер аянты аныкталып, чек арасы такталганда аталган тилкелер өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагына кирбей калган деген жүйөнү келтирди:

- Мына ошол жер аянттары коруктун ичине кирбейт. Алар ошол коруктун четинде гана жайгашкан. Мына ошондуктан 2009-жылы өзгөртүлгөн коруктун чек арасы мыйзамдуу. Анткени ага чейин жөнөкөй эле жол менен чек араны аныктап коюшкан экен. Кийин чек араны аныктоодо рельефке карата тактаганда коруктун аймагы боюнча маселенин бардыгы ордуна келген.

"Сары-Чат-Ээр-Таш" мамлекеттик коругу 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген. 2009-жылы аталган карта кандайча өзгөртүлгөнү жана ага кандай мыйзамдуу негиздер болгону белгисиз.

Мамлекеттик корук өзгөчө кайтарууга алуу режимине ылайык “ядролук” жана “буфердик” деген эки бөлүктөн турат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин статс-катчысы Абдимитал Чынкожоев “буфердик” зонага кирген аталган жер тилкелери мамлекеттик корукка карап келгени менен анын мындан аркы укуктук макамы боюнча талаш чыгып жатканына токтолду:

- Биз 1995-жылы райондук акимчиликтин чечими менен буфердик зонага кирет деп аталган жер аянттарын кошуп алганбыз. Ал 1995-жылкы коруктун жалпы аймагы боюнча токтомго киргизилген. Ошону менен эле жерге болгон укукту аныктаган мамлекеттик катоонун күбөлүгү алынган болчу. Бирок кийин Жер кодексине өзгөртүү киргизилип, жер аянттарын өткөрүп алуу өкмөттүн токтому менен гана жүргүзүлүшү керек деген талап койула баштагандан кийин жаңы долбоор даярдаган болчубуз. Бирок ал долбоорду бекитүүгө учурда Геология агенттиги каршы болуп жатат. Биз аталган жер аянттарын “Кумтөргө” берген эмеспиз. Аны бизден сурабай эле өздөрү уруксат берип коюшуптур.

Дооматтар Европада каралат

“Кумтөрдүн” кожоюну “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандагы жана Монголиядагы алтын кендерин кеңейтүү үчүн Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкына 150 миллион доллар насыя алуу өтүнүчүн жөнөткөн. “Кумтөрдүн” алтын кенин казуудагы мыйзам бузууларын каттоого алган Bankwatch уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Влада Мартсинкевич (Vlada Martsinkevich) бул маселе компаниянын донору болгон Европалык банктын директорлор кеңешинин жыйынына койуларын билдирди:

- Биз өзүбүздүн бул боюнча изилдөөбүздүн баяндамасын Европалык банктын тиешелүү департаментине жөнөткөнбүз. Учурда алардан жооп күтүп жатабыз. Ошондой эле май айынын аягында Европалык банктын Лондондо өтө турган жыйынына катышабыз. Биз ал жерде жөн эле карап турбайбыз. Аларга биз силерден насыя ала турган кардар-компания айлана-чөйрөнүн экологиясын бузган, мыйзамсыз кен казуу аймактарын кеңейткен жана мөңгүлөргө коркунуч келтирген учурлары боюнча таасир этишиңерди суранабыз деген маселени койуп жатабыз. Кандай болгон күндө да Европалык банк насыя берүүдөн мурун аталган долбоордун шарттарын коомчулукка көрсөтүүгө тийиш.

"Сары-Чат-Ээр-Таш" мамлекеттик коругу Ысык-Көл облусуна караштуу Тянь-Шань тоо кыркаларынын борбордук жана ички бөлүгүндөгү өрөөнчөдө жайгашкан. Анда илбирс, аркар, аю сыяктуу кызыл китепке киргизилген жапайы айбанаттардын өзгөчө түрлөрү байырлайт.

Коруктун жалпы аянты 134 140 гектарды түзөт. Аталган корукту сактап калуу өтүнүчүн билдирип, “Илбирстерди коргоонун дүйнөлүк тармагы” уюму жакында Кыргызстандын саясий жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Өкмөт башчысынын орун басары Аалы Карашев 2012-жылы 15-февралда экологиялык экспертиза жүргүзүү маселесин талкууга койгон менен, бул маселеге өкмөт эки айга чукул убакыттан бери чекит койо элек.
XS
SM
MD
LG