Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:24

Кумтөргө «энчиленип» кеткен коруктун жери


Иллюстрациялык сүрөт.

«Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун 4380 гектардан кем эмес жер аянты «Кумтөргө» кен казууга берилип кеткени аныкталды.

Буга 2009-жылы 5-июнда, ушул мамлекеттик жаратылыш коругунун чек арасын өзгөртүү боюнча өкмөттүн токтому чыкканы жана анын негизинде Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жогорудагы жер аянтын «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун Түштүк-Батыш аймагынан ажыратып бергени тууралуу документалдык далилдер чыкты.

Бирок ага карабастан азыркы өкмөт 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, «Кумтөргө» 26,400 гектар жерди кен казууга бергенин ырастап, бирок «мурдагысына кошулган 16 миң гектар жер «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна таандык эмес» деп билдирүүдө. «Кумтөргө» берилген жерди артка кайтаруу боюнча 2012-жылдагы парламент менен өкмөт чыгарган токтомдор жокко чыга элек экенине карабастан, өкмөт 2009-жылдагы макулдашуунун шарттарын аткарууда кайсы документтерге таянганын так түшүндүрүп бере алган жок.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети таянган документ катары Жер кодексин жүйө келтирүүдө. Бирок, анын «Кумтөрдөн» жерди кайтаруу боюнча токтом менен кандай байланышы бар экенин так чечмелей албай койду. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилиги «кен казууга берилген аянттын эсебинен коруктун аймагы кичирейген жок» деп ишендирүүгө аракет кылды. Бирок кезинде бул ишти иликтеген мамлекеттик комиссияга кирген эркин экологдор менен жарандык активисттер азыркы өкмөт 2009-жылы түзүлгөн макулдашуудагы кошумча жер бөлүү шарттарын таанып, бирок ал жердин корукка кирерин, анын чегинин ошол кезде «Кумтөрдүн» пайдасына өзгөртүлгөнүн моюнга алгысы келбегенин айтып, он жыл мурун коруктун 4380 га жери «Кумтөргө» чындап эле берилгени анык экенин ашкерелешти.

2009-жылдагы макулдашууну аткаруу тууралуу талап

Жакында Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясы менен мындан эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим күчүнө кирди. Айлана-чөйрөнү жана инвестицияны коргоону көздөй тургандыгы жарыяланган бул документке 2017-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Айырмасы, башында 2026-жылга чейин бериле турган төлөмдөр 87 млн. АКШ доллары болсо, азыркы өкмөт анын өлчөмү 150 млн. долларга көтөрүлгөнүн жарыялаган. Бирок анын шартына ылайык, кыргыз тарап эми экологиялык доо коюу укугунан ажырайт. Ошондой эле кыргыз өкмөтү 2009-жылдагы макулдашууда каралган кошумча жер аянттары кен казууга «Центерра Голд» компаниясына берилишин камсыз кылышы керек.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков азыр ошол концессиялык макулдашуунун шарттары гана аткарылып жатканын билдирген болчу:

Алмаз Алимбеков.
Алмаз Алимбеков.

«2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде эле жалпысынан 26 миң гектар жер аянты кен казууга берилген. Ошол концессиялык макулдашуу бекитилип жатканда 26 миң гектар жер аянты берилип, анын эсебинен биздин «Центеррадагы» акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 32% пайызга чыккан. Мындан тышкары биз жер аянттарын бергендин эсебинен кошумча 13+1% өлчөмүндө салык базасы кирип, компаниянын биздин бюджетке төлөй турган салык режими өзгөртүлүп берилген».

«Жоголгон» акциялардын жоромолу

Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшүн 15%дан 32%га чейин жогорулатыш үчүн кен казууга кошумча берилген 16 миң гектар жер аянты каяктан чыкты? Себеби ошол кездеги өкмөт 2003-жылы келишимди бекитүү учурунда Кыргызстандын акциясы 67 пайыздан 32 пайызга негизсиз түшүп калганын билдирип, ошону калыбына келтирүүгө жетишкенин жарыялаган.

Улуттук коопсуздук боюнча эксперт Максат Мамытканов 2009-жылы кошумча 16 миң гектарды берүүнүн негизинде үлүш көбөйгөн болсо, анда «Центерра» Кыргызстандын акциялары 2003-жылы эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрүп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Кайрадан 16 миң гектар жер аянтын кошуп берип жатса, демек 2009-жылы «Центтерра» менен Максим Бакиев сүйлөшүп, чечкен макулдашуу «туура эле болгон экен» деп бардыгы түшүнүп жатышат да, - деди эксперт. - Бирок ошол 2005-жылы Акаев качкандан кийин «Центерра» менен болгон чыр-чатактардын бардыгы ага чейин 2003-жылы акцияларды туура эмес бөлүштүрүүдөн улам келип чыкпады беле? Ал кезде биздин 67% акция Кыргызстан «Центеррага» киргенде кандайча 32% болуп калган? Андан кийин 15%га чейин түшүп кеткен. Бул эмненин негизинде болду? Өкмөт 2009-жылы «Центерра» менен узакка созулган өз ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мурда жокко чыгарылган «Кыргызалтындын» акциялары кайрадан калыбына келтирилгенин жарыялаган болчу. Азыркы өкмөт болсо «биздин акциялар ошол кошумча берилген 16 миң гектардын эсебинен көтөрүлгөн» деген жүйөнү алып чыгып жатат. Анда азыр «Центерра» 2003-жылы эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү 67%дан 32%га түшүп калганын так түшүндүрүп берүүгө туура келет. Аны эми азыр кантип түшүндүрүп берет? Бул да чоң суроо. Анткени мейли, ошол 16 миң гектар жер аянтын бергенден биздин Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 32%дан жогору карай, жок дегенде бир пайызга өстүбү? Эгерде андай болбой турган болсо, анда 2003-жылы акциялардын кескин азайып кеткени боюнча териштирүүлөр кайра башталышы керек болот».

Данияр Үсөновдун «даңгыр жолу»: 16 миң гектардын таржымалы

Анда сөз башынан болсун. 2010-жылы 25-мартта ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов 2009-жылы 6-июнда бекитилген концессиялык макулдашууга ылайык, «Кумтөргө» ага чейин берилген жер аянттарына кошуп, 16 миң 330 гектар запастагы жерди өндүрүштүк колдонууга которуп, бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Өкмөттүн ошол №168 токтомуна ылайык, «Кумтөргө» кен казууга берилчү жалпы жер аянтынын көлөмү 26 миң 400,8 гектарды түзгөн. Анткени 1994-жылы премьер-министр Апас Жумагуловдун өкмөтү «Кумтөргө» кен казууга 10 070 гектар жер аянтын 15 жылдык мөөнөткө бөлүп берип, анын мөөнөтү 2009-жылы аяктаган. Ошондуктан 2010-жылы 25-мартта Данияр Үсөновдун өкмөтү бир эле токтом менен аталган жер аянтын мөөнөтсүз берип, ага кошуп 16 миң 330 гектар жерди ыйгарган.

Бирок 2012-жылы убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн корутундусунун негизинде чыккан Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов Данияр Үсөнов кол койгон өкмөттүн токтомун жокко чыгарып, жерди кайтарып алууга жол ачкан. Буга жүйө катары «уникалдуу жаратылыш байлыгы менен жаныбарлар дүйнөсүн сактоо максатында» деген негиздеме себепкер болгон. Антсе да быйыл 4-августта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев брифинг өткөргөн. Ал азыркы өкмөт Данияр Үсөновдун өкмөтү баштаган, 2009-жылдагы концессиялык макулдашуунун шарттарын аткарууга киришкенин айтты. Бирок Карыбек Ибраев Бабановдун өкмөтүнүн токтому жокко чыкпаганы менен бул маселе Жер кодексине ылайык чечилгенин айтып, жагдайды чечмеледи:

Карыбек Ибраев.
Карыбек Ибраев.

«2009-жылы концессиялык келишимде бекитилген жерди эле берип жатабыз. Башка эч кандай жер берилген жок. Анткени ошол концессиялык макулдашуу 2009-жылы парламентте бекитилген. Анан өкмөт 2010-жылы ошол жерди өнөр жайына колдонуу категориясына которуп, аны «Кумтөргө» берүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок 2012-жылы өкмөт «аны кайтарып алабыз» деген. Азыр ошол 2012-жылдагы токтом жокко чыккан жок. Бирок юристтердин бизге берген маалыматы боюнча 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан Жер кодексинин негизинде ошол жер аянттары ага кайра берилди. Мурда, мисалы үчүн, компаниялар геологиялык чалгындоо же кен казуу иштерин жүргүзүш үчүн жер аянттарын трансформациялашы керек болчу. Азыр анын кереги жок. Азыр Жер кодексине ылайык жергиликтүү администрациялар кимге керек болсо, ошол тараптарга чечим чыгарып, аны болсо тиешелүү каттоо органдары багытына жараша каттоого алышат».

Антсе да өкмөттүн «Кумтөргө» кен казууга жер берүүнү жокко чыгарган өкмөттүн токтому менен Жер кодексинин трансформациялоо тууралуу талабын алып салуунун кандайча байланышы бар экени ачык бойдон калды.

Күчүн жогото элек токтомдор же өкмөт кайсы документти жетекчиликке алды?

Жогорку Кеңештин «Кумтөрдү» текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын отчёту боюнча парламенттин ошол кездеги спикери Асылбек Жээнбеков кол койгон, 2012-жылы 27-июнда кабыл алынган токтомдо - 2010-жылы 25-мартында Данияр Үсөновдун өкмөтү бекиткен «Кумтөргө» жер берүү жөнүндө токтомду жокко чыгаруу жөнүндө сунуш берилген. Дал ошонун негизинде премьер-министр Өмүрбек Бабановдун колу менен 2012-жылы 7-июлда «Кумтөргө» жер берүүнү жокко чыгарган өкмөттүн №475 токтому чыккан болчу.

Бирок ошол эки документ эмгиче күчүн жогото элек болсо, анда кайра баштапкы абалга кайтууну чечкен азыркы Абылгазиевдин өкмөтү концессиялык макулдашуудан сырткары кайсы укуктук-ченемдик актыга таянганы түшүнүксүз бойдон калды.

Ошол концессиялык макулдашууга кол коюлардан бир күн мурда, 2009-жылы 5-июнда Жети-Өгүздөгү «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагынан «Кумтөргө» кен казууга кошумча жер бөлүнүп берилгенин убактылуу депутаттык комиссия 2012-жылы аныктап, бул мыйзамга каршы келерин жарыялаган. Бул убактылуу депутаттык комиссияны парламенттин азыркы учурга чейин түрмөдө отурган экс-депутаты Садыр Жапаров жетектеген.

Анда ошол 16 гектардан ашуун жердин кайсы бир бөлүгү же тагыраагы 4380 гектары өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагына кирери көрсөтүлгөн. Муну кийин түзүлгөн мамлекеттик комиссия да ырастап, бирок анын аянты бир топ аз экенин белгилеген. «Мамлекеттик коруктун 240 гектары «Кумтөргө» кен казууга берилген концессиялык аянттын курамына кирип кеткени» ушул комиссиянын чыгарган корутундусунда дагы көрсөтүлгөн.

Коруктун чек арасына кирген өзгөртүүлөр

Бирок өкмөт менен парламенттин 2012-жылкы токтомдорун көзгө илбестен, концессиялык макулдашуунун шарттарын аткарууга гана шашкан азыркы өкмөт «аталган кен казууга берилчү 16 миң гектар жер аянты мамлекеттик жаратылыш коругуна карабайт» деп ишендирүүгө аракет кылууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов картадан аталган коруктун сырткы чек арасын көргөзүп, анын кен казган жайдан бир топ алыс экенин белгиледи:

Бизден «Кумтөргө» эч кандай жер тилкеси кеткен жок.


«Азыр эми биздин коруктун жерин «Кумтөр» компаниясы менен байланыштырып жатышат. Мында бизден «Кумтөргө» эч кандай жер тилкеси кеткен жок. Токой чарбасынын жери болобу же өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш коругунун жери болобу, анын чек арасын биздин мамлекеттик агенттик өз алдынча өзгөртө албайт. «Кумтөрдүн» негизги кен казуучу аймагына «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун эң эле жакын чектешкен жерине чейин 8 чакырым 900 метр болуп жатат. Тактап айтканда, эң жакын деген чекитин алганда да биздин корук «Кумтөрдүн» кен казуучу жеринен 9 чакырымдай алыс жайгашкан».

Дагы бир кызыктуу документ. Кайра эле концессиялык макулдашууга кол коюлардан бир күн мурун, 2009-жылы 5-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк жагындагы чек арасын өзгөртүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Игор Чудинов кол койгон өкмөттүн №356 токтому чыккан. Анда «геологиялык чалгындоону жана кен казуу иштерин андан ары өнүктүрүү максатында» Жети-Өгүздөгү Кумтөр кенине чектеш «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун ал уюшулган учурдагы (тактап айтканда 1995-жылы 10-мартта бекитилген чек арасына) чек арасына өзгөртүүлөр киргизилген. Бул токтомдо чек араны өзгөртүү геологиялык чалгындоого жана кен казууга байланыштуу экени даана көрсөтүлсө да, анын эсебинен бул мамлекеттик коруктун аймагынан канча жер аянты бериле турганы так аныкталган эмес. Бирок, бул жерде баса белгилей кетчү нерсе «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймагынан кен казууга же башка чарбалык иштер үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө тыюу салынат.

Кумтөр менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун картасы. Булагы: Kumtor.kg
Кумтөр менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун картасы. Булагы: Kumtor.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу «Кыргыз токой аңчылык түзүмү» мамлекеттик мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев өкмөттүн №356 токтомунда «Кумтөр» алтын кениндеги геологиялык чалгындоону жана кен казууну өнүктүрүү максаты көрсөтүлүп турганына карабастан, аны сырткы чек араны тактоо иретиндеги гана өзгөртүү болгон деп эсептейт.

«1995-жылы корук уюшулганда анын түштүк-батыш тарабындагы тышкы чек арасы толук, жакшы чийилип, жазылган эмес, - деди ал. - Чек ара туура эмес чийилип, туура эмес жазылып калган. Ошого байланыштуу 2009-жылы ага өзгөртүү киргизилип коюлган. Корук уюшулуп жатканда «Кумтөрдө» лицензиялык эле аянт болгон. 2009-жылы концессиялык аянт болуп жатканда коруктун чек арасына өзгөртүү кирген. Бирок ал картаны өзгөртүү андагы чек араны тактоо иретинде гана жүргөн. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик коруктун жалпы аянты андан азайып кеткен жок. Эгерде концессиялык аянт коруктун аймагына кирип кетсе, анда коруктун жалпы аянты азайып, кичирейиши керек эле да? Анын жер аянтында андай азайтуу болгон эмес».

Чукумбаевдин күмөн туудурган сөзү же Чынгожоевдин «чындыгы»

Мына ошол 2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорунун ишмердигин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия менен мамлекеттик комиссия 2009-жылы 5-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк чек арасын өзгөртүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон өкмөттүн №356 токтомун аткаруунун жыйынтыгынан кабардар болгон. Сабырбек Чукумбаев мырза айткандай, ал аталган коруктун түштүк-батыш чек арасын жөн эле тактап, аныктоо максатын эле көздөп тим болбоптур.

Коруктан ажыратылган жер аянты

Мамлекеттик комиссиянын колуна өкмөттүн ошол токтомунун аткарылышы боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин ошол учурдагы статс-катчысы (2009) Абдымитал Чынгожоевдин колу коюлган кызматтык кат кокусунан тийип калган. 2009-жылдын 9-сентябры менен катталган бул кызматтык катта «өкмөттүн №336-токтомун аткаруу максатында «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк чек арасына өзгөртүүлөр киргизилип, анын 4380 гектар жер аянты «Кумтөр Оперейтинг компани» ишканасына жаратылыш байлыгын иштетиш үчүн өткөрүлүп берилгени» көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик комиссияга эксперттик көмөк көрсөткөн эркин эколог Динара Кутманова агенттиктин жетекчилиги башында коруктун жерин берүүгө каршы чыгып, бирок кийин анын чек арасын өзгөртүп бергени иликтөө учурунда аныкталганын билдирди:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

«Мына ошол жер мамлекеттик коруктун айймагына кире турганы боюнча маселе чыгып калган кезде Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Арстанбек Давлеткелдиев «Кумтөргө» берилип жаткан концессиялык аянттын бир бөлүгү «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна карай турганы жана мыйзам боюнча анда ар кандай чарбалык жана өнөр жайга байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салына турганы тууралуу өкмөткө кызматтык кат жиберген. Бирок ал ошондон бир канча убакыт өтпөй эле ошол көрсөтүлгөн 26 миң гектар жер аянтын берүү жана анда тоо-кен иштерин жүргүзүү мыйзамга каршы келбей турганын көрсөтүп, экинчи катын жөнөткөн. 2009-жылы өкмөт тарабынан тапшырма берилген соң Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан коруктун чек арасы өзгөртүлүп, берилген аянт анын аймагына кирбегендей кылып, картасы чийилген. Башында Петров мөңгүсү коруктун аймагында болсо, кийин коруктун чек арасы «ага чейин» деп жазылып, ал коруктан сыртта калып жатат. Анан кантип «өзгөрүү болгон жок» деп жатышат? Бул жерде «Кумтөр» мыйзамга ылайык иштебей эле, мыйзамды, картаны «Кумтөргө» карата оңдоп-түздөө болгону ачык-айкын болуп турат».

Тактыкты жашырган "табышмактуу" карталар

Ошол эле кезде «Кумтөр Голд» компаниясынын расмий сайтындагы картада, анын концессиялык аянтынын жогору жагындагы кандайдыр бир бөлүгү 1995-жылкы «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш чек арасына кирип турганы көрсөтүлгөн. Демек, 2009-жылы жаратылыш коругунун бул аймагы «Кумтөрдүн» кен казуу аянтына карата тегизделгени байкалат. Бул карта 2013-жылы түзүлүп, компаниянын сайтынын «Био ар түрдүүлүк» деген бөлүгүнө жайгаштырылган. «Кумтөрдүн» басма сөз кызматындагылар менен оозеки сүйлөшүүдө бул карта Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылганын айтып, бирок аны тастыкташ үчүн расмий суроо-талап жиберүүнү суранышты. Ошондон соң эмнегедир аталган картанын шилтемеси өзгөртүлүп, ал компаниянын сайтынан алынып салынды. Бирок «Азаттыкта» ал картанын скриншоту калды. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу «Кыргыз токой аңчылык түзүмү» мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев 5-август күнү брифинг учурунда журналисттерге көрсөткөн коруктун картасында анын «Кумтөрдүн» кен казуучу аянтынан бир топ алыс экени белгиленген. 2009-жылдагы концессиялык макулдашуунун тиркемесинде адегенде коруктун чеги болуп көрсөтүлгөн Петров мөңгүсү концессиялык аянттын аймагына бир топ ичкери кирип көргөзүлгөн. Ошентип, ал карталардын кайсынысы чындыкка дал келери азырынча белгисиз бойдон калууда. «Берилген концессиялык аянттын чыныгы чек арасы «Кумтөр» анда кен казуу иштерин баштаган учурда гана аныкталышы мүмкүн», дешет адистер.

Козголгон иштин дайыны жок

«Кумтөр» алтын кен долбоорунун ишмердигин иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын отчётунун негизинде Жогорку Кеңеш 2012-жылы 27-июнда кабыл алган токтомдо, 2010-жылы 25-мартта премьер-министр Данияр Үсөновдун «Кумтөргө» кошумча жер берүүнү караган токтомунан сырткары, 2009-жылы 5-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун чек арасын кен казуу максатында өзгөртүү боюнча премьер-министр Игор Чудинов кол койгон токтомду да жокко чыгаруу сунушталган. Бирок азыркы учурда укуктук базада ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун токтому «күчүн жоготту» деп көрсөтүлгөнү менен коруктун картасын өзгөртүү боюнча Игор Чудиновдун кол койгон токтомуна андай белги коюлган эмес экен. Анткен менен 2013-жылы Финансы полициясы 2009-жылы «Кумтөргө» кошумча жер бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугу бузулган учурлар боюнча тиешелүү кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоп, бирок ал иш аягына чыкпай калган. Жарандык активист Наристе Калчаев 2012-жылдан бери «Кумтөрдүн» кен казуучу жер аянттарына болгон укугу жок болуп келгенин айтып, азыркы өкмөт муну кандайча жөнгө салып жатканы түшүнүксүз экенин белгиледи:

«Кумтөр Голд» компаниясында ошол учурга карата кен казууга алган жер аянттарына юридикалык укугу жок экени ырасталган.


«2012-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, «Кумтөр» кен казыш үчүн эч кандай жер аянттарына ээ болбой калган. Ошол жылдан бери ал мыйзамсыз иш жүргүзүп келди. Мен 2018-жылы ноябрь айында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетке бул боюнча суроо-талап жөнөткөмүн. Анын жообунда «Кумтөр Голд» компаниясында ошол учурга карата кен казууга алган жер аянттарына юридикалык укугу жок экени ырасталган. Анткени жер берүү боюнча Данияр Үсөнөв чыгарган 2010-жылдагы токтом толугу менен мыйзамсыз деп табылган. Жер берүү боюнча тиешелүү мыйзамдар сакталбаганы жана бир катар укуктук ченемдер одоно бузулганы үчүн кылмыш иши козголгон болчу. Анда өкмөттөгү жана мамлекеттик каттоо органдарындагы бир катар кызмат адамдарын жоопко тартуу маселеси каралган. Бирок бул кылмыш иши себепсиз токтотулуп, ошол бойдон анын эмне болгону белгисиз».

«Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругу 134 миң гектардан турат. Коруктун аймагында узундугу 14 чакырымга созулган Петров мөңгүсү бар. Корукту Кызыл китепке кирген илбирс, аркар-кулжа жана жапайы тоо эчки-текелери байырлайт. Мамлекеттик корук 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун четки ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген болчу. «Кумтөргө» ал жер аянттарынан кен казууга лицензиялар берилип кеткени аныкталып, бирок 2012-жылы жокко чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (65)

XS
SM
MD
LG