Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Помпео Вашингтондун ДССУ боюнча чечимин коргоду


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыгуу жөнүндө чечимин коргоду. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул мекемеси башкы милдеттерин аткара албай жатканын 9-июлда журналисттерге билдирди.

Мындан тышкары АКШнын башкы дипломаты уюм коронавирус пандемиясын жана Эбола сыяктуу буга чейинки эпидемияларды ооздуктай албаганын баса белгиледи.

Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген.

9-июлда ДССУ эркин эксперттердин бул мекеменин пандемияга каршы чараларын иликтеп чыгышына макулдук бергенин жарыялаган.

Помпео ДССУ Кытайдан коронавируска чалдыккан биринчи бейтап тууралуу так маалымат ала албаганын, Бээжин эпидемия учурунда ички каттамдарды жапканы менен жарандарына чет өлкөгө чыгууга уруксат бергенин кошумчалады.

АКШ ДССУну каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун бюджетинин 15% Кошмо Штаттардан түшөт. Трамптын администрациясынын уюмдан чыгуу боюнча чечими АКШнын өзүндө да, Вашингтонго өнөктөш мамлекеттерде да сынга кабылган. 9-июлда Бээжиндин башкы дипломаты Ваң И Кытай менен АКШнын алакасы соңку 40 жылдан ашык убакыттан берки эң олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG