Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Боронов: Медициналык билими барлардын баарын ишке чакырам, айлыгы 70 миң сомго чейин болот


Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды. 7-июлдагы онлайн брифингде ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун айтты:

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы, үч айгабы, жогорку деңгээлдеги дарыгерлер 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнүп берилет».

Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекеттин эсебинен болорун кошумчалады.

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көп болуп жатат. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгондордун расмий саны беш кызматкер. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG