Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Камчы Көлбаев АКШнын "кара тизмесине" кирди


Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

АКШнын Каржы министрлигинин Орусия жана мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан чыккан он кримтөбөлгө каршы санкциясына Камчы Көлбаев да илинди. Бул тууралуу маалымат аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

Камчы Көлбаевден тышкары тизмеге кирген "мыйзамдагы уурулардын" катарында Захарий Калашов, Василий Христофоров, Лаша Шушанашвили, Владислав Леонтьев, Юрий Пичугин, Владимир Тюрин, Гафур Рахимов, Алимжан Тохтахунов жана Рубен Татулян бар.

Алардын баары "чоң кылмыштарга катышкан" деп шектелип жатат. Санкцияга ылайык, "кара тизмедегилердин" АКШдагы активдери токтотулат, америкалык жарандарга булар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат.

Кошмо штаттар Рубен Татулянга таандык делген эки компанияга да санкция киргизди.

АКШ 2012-жылы Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Аны ошол жылы Дубайдын полициясы кармап, кайра коё берген. Камчыбек Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алып, бир катар криминалдык авторитеттердин катышуусунда таажы тагынганы айтылган.​

XS
SM
MD
LG