Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Июнь окуясын тутанткан оюнчулар


Ош шаарындагы аскерлер. 20-июнь, 2010-жыл.

2010-жылы июнь окуясында криминалды, жалданма көзгө атарларды, реваншчыл жана жикчил топторду кагылышка тарткан чет элдик атайын кызматтар тууралуу уламыштарга чекит коюлбай келет.

Жүздөгөн үйлөргө, имараттарга атайын даярдалган «Молотов коктейлин» ыргытып, шаардын далай аймагын өрткө чулгап, адамдарга аёосуз ок атып, канабайрам салгандар кадимки карапайым тургундар болгонуна ишенгендер аз.

Ошол кездеги кызмат адамдары өлкөнү бөлүп-жарууга, кагылышка тукурган, окуяны курчуткан көмүскө күчтөр жана чет элдик атайын кызматтын таасир этүү агенттери болгонун ырастап, бирок алардын аракеттерине коогалаңдан кийин баа берилбей калганын айтышат.

«Криминалдын» кармашы

Кыргызстанда ансыз да 2010-жылдын апрелинен тарта бийлик, байлык, таасир талаш токтобой, олку-солку болуп турган кырдаалды курчутууга багытталган кылмыш дүйнөсүнүн жеке кызыкчылыгы - криминалдык таасир этүү тилкелерин сактап калуу же кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу болгон.

Буга чейин калыптанган аткезчилик каналдары менен маңзат соодасын көзөмөлдөө укугун талашуу айыгышкан күрөшкө себеп болгону окуяны иликтеген депутаттык жана улуттук комиссиялардын тыянагында да келтирилген.

Роза Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм

2010-жылы 10-июнда түнгө жуук же 11-июнга караган түнү Ош шаарындагы "Алай" мейманканасынын жанындагы оюн автоматынан чыккан чыр улут аралык кагылыштын башаты болуп калганы окуяны иликтеген бардык комиссиялардын тыянагында көрсөтүлгөн.

Улуттук комиссиянын корутундусунда мушташа кеткен жаштар топтолуп, айланадагы ишкердик объектилерин өрттөп, талкалай баштаганы жазылган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, белгисиз куралчан адамдар кара түстөгү «Жип» машинелери менен келип, топтолгон эки тарапка тең ок чыгарган.

Ага чейин 7-июнга караган түнү «Кара Айбек» деген каймана ат менен белгилүү, өзбек тектүү криминалдык авторитет Айбек Мирсидиков Сузакта атып өлтүрүлгөн. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевди колдогон митингдерге катышып, андагы кагылыштарды тымызын жетектегени айтылган.

Бирок ага чейин эле өлкөнүн түштүк аймагында уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, Курманбек Бакиевдин жактоочулары менен аларга каршы өзбек тектүү саясатчылар Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдирасуловдун колдоочулары митингдерди өткөрө баштаган.

Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык комиссиянын отчетунда жана «Human Rights Watch», «Мемориал» сыяктуу адам укугун коргоочу уюмдардын баяндамаларында эки тараптын тең криминалдык топтору зордук-зомбулук, адам уурдоо, барымтага алуу жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштарга барып, улут аралык жек көрүүнү козутуу менен кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууну көздөгөн мисалдар келтирилген.

Криминалдык топтор талап-тоноо менен катар эле жергиликтүү бай адамдардын мүлкүн күч менен тартып алып, аларды үй-бүлөсү менен коопсуз тилкелерге ташып чыгарганы үчүн ири өлчөмдө акчалай акы алган учурлары иликтөө тыянактарында көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бектур Асанов кылмыш дүйнөсү ички-тышкы саясий күчтөр менен чет элдик атайын кызматтардын мамлекетке таасир этүүчү куралына айланганынан кеп салды:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«"Каралардын" деле башы экөө эмес. Алар жөн эле улут аралык маселеге аралашып, кырдаалды курчутуп, мамлекетке бүлүк салып, бийликке каршы чыга алышпайт. Аларды мындай иштерге багыттап уюштурган, көзөмөлдөп турган атайын кызматтар бар. Бул жерде "кайсы чет өлкөнүн атайын кызматы буга кызыкдар болгон?" деген суроо туулат. Анткени, биздеги кылмыш дүйнөсү Орусиянын кылмыш чөйрөсү менен байланышта. Кылмыштуу топтордун башчылары ошол жактан криминалдык макам алышат. Ал эми Орусиядагы кылмыш дүйнөсү бул өлкөнүн атайын кызматтарынын көзөмөлүндө турат. Эми биздеги жергиликтүү уюшкан кылмыштуу топтордун этнос аралык кагылыштын башында туруп, аралашканына эмне түрткү болгонун жана буйрук каяктан болгонун түшүнсөк болот. "Криминалды" сырткы күчтөрдөн башка бийликке каршы саясий топтор да, бийликтеги кээ бир саясатчылар да пайдаланып калышты. Албетте, бекер эмес. Анын ордуна алардын кызыкчылыгын да канааттандырып беришти да.

Июнь окуясынын жыйынтыгы менен Кремль Кыргызстандагы маңзат каналдарын, кылмыш дүйнөсүн жана эң башкысы саясий чөйрөнү толук көзөмөлгө алды. Бизде эгемендүү саясат жүргүзүүнү белге тээп, саясий күчтөрдү көз каранды абалда кармоо алардын эң башкы максаты болчу. Алар бул багытта өз максатына жетишти. Ошондуктан, 30 жылдан кийин биз болуп көрбөгөндөй бир жактуу тышкы саясаттын жолуна түшүп калдык», - деди Бектур Асанов.

Ал эми 2010-жылы күздөгү парламенттик шайлоодо «Ар-намыс» партиясынан депутат болуп шайланып, кийин коогалаңды иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, вице-премьер-министр болгон Абдрахман Маматалиев кылмыш дүйнөсү кырдаалды курчутуп, сырттан башкарылып турган жагдай иликтөө учурунда аныкталганын айтты:

«Биздин атайын кызматтар коркунучтуу окуялар болуп кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Бирок ошол кездеги убактылуу бийлик алсыз болгон. Алдын-алуу чаралары болгон эмес. Анан калса бизде сырткы күчтөр, чет элдик атайын кызматтар менен кызматташкан адамдар, саясатчылар жана саясий топтор аябай эле көп. Түрдүү кызыкчылыктагы күчтөрдү көзөмөлдөө да оңой эмес.

Биздин өлкөгө сырткы таасир аябагандай чоң. Ошондой таасирлердин аркасы менен биздеги жергиликтүү криминал окуяга тамызгы болуп, от жаккан негизги күч катары аралашканы депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө да аныкталган. Анткени, 7-апрелден кийин "каралар" баш көтөрүп, ар кандай саясий күчтөр менен аралашып, өз кызыкчылыгын коргоо үчүн кандайдыр бир мамлекеттик кызматтарга өзүнө караштуу адамдарды койдурушкан».

Сыры ачылбаган табышмактуу жагдайлар

Ал эми Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров июнь калабасын реванш алууну көздөгөн жана жикчил күчтөрдү пайдаланып, кырдаалды курчуткусу келген чет элдик атайын кызматтардын өзгөчө демилгеси катары баалады.

Анын айтымында, улут аралык кагылышка чейин бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, аймактык ажырымга жик сала турган «атайын долбоор» иштеп, кийин ал ишке ашпай калганда, саясий тирешти улут аралык жаңжалга бурган этникалык карта «ойнотулган».

Азимбек Бекназаров 7-апрель күнү кечинде Бишкектеги кандуу окуядан кийин Ош шаарына учкан Курманбек Бакиевди президенттин түштүктөгү резиденциясына отургузуу аракети опурталдуу жагдай болгонун айтып, ошол кездеги Оштун мэри менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өлкөнү бөлүнүп-жарылуудан сактап калганын эске салды:

Эгер Бакиевге Ошто жайгашууга мүмкүнчүлүк берип койгондо, кырдаал андан бетер курчуп, өлкөнү бөлүү коркунучу ишке ашып кетмек.
Азимбек Бекназаров.


«Мен ошол кездеги Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго «сен азыр тарыхый эки ача жолдо турасың» деп айттым. «Же Бакиевди тосуп алып, экөөң биригип, аны Ошко отургузуп алсаң, анда эле өлкөнү экиге бөлгөн адам катары тарыхта каласың же болбосо мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калган адам катары тарыхта каласың, кайсынысын тандайсың, эрк өзүңдө» дегем. «Бакиевге ишене бербегин, ага биз уруксат берсек эле ЕККУнун ортомчулугу менен өлкөдөн чыгып кетет, ал эми сен болсо бул жакта каласың» дедим. Ал ойлонуп көрүп «Мага кандай кепилдик болот?» деп сурады. «Мен убактылуу бийликте турганда мэрлик кызматыңда каласың, мен кеткенден кийин айта албайм» деп жооп бердим. Анан экөөбүз убадалашып, анын жардамы менен биз Бакиевдин Оштогу президенттик резиденциясында калып, орношуп алып, эртеси өзүнүн миңдеген тарапкерлерин ал жакта чогултканга мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Эгерде ошондо Оштун мэри аны кабыл алып, ага Ошто жайгашып калууга мүмкүнчүлүк берип койгондо, кырдаал андан бетер курчуп, өлкөнү бөлүү коркунучу ишке ашып кетмек. Сырткы күчтөр ошону эле күтүп турушкан. Бакиев туулган айылына кетип, кийин кайра Ошко келердин астында ошондой мүнөздөгү баракчаларды таратып, "долбоорду" ишке ашырууга аракет башталып калганы боюнча бизде маалымат бар эле. Биз ага жол берген жокпуз».

Июнь окуясынын элге берген сабагы

Бүтүн элге бүлүк салган 21 көзгө атар

Мындан сырткары Убактылуу Өкмөт июнь окуясында Ош менен Жалал-Абадда эки тарапка тең ок чыгарып, кырдаалды курчуткан куралдуу жалданма топтордун пайда болгону тууралуу билдирүү жасаган. Ошол кездеги укук коргоо органдарын жетектеген аскердик комендатура 21 жалданма көзгө атар кармалганын жарыялаган. Алардын арасынан жети көзгө атар чет элдик жаран болушу мүмкүн экени айтылган.

Айрымдары Ош менен Жалал-Абад шаарларынын борбордук бөлүктөрүндө, улуттук азчылык өкүлдөрү жашаган маалелерде буктурмаларга жайгашып алышып, көчөдөгү бейкүнөө жарандарга ок чыгарганы тууралуу окуянын бир катар күбөлөрү иликтөө комиссияларына көрсөтмө беришкени маалым.

Ал кезде Азимбек Бекназаров жалданма снайперлер кармалганы тууралуу айтып чыккан. Кийин алардын улут аралык кагылышка катышы тергөөдө аныкталбай калганы белгилүү болгон.

Азимбек Бекназаров чет элдик атайын кызматтарда иштеген жалданма топтор болгону ырас экенин, бирок кийин алардын диверсиялык иштер менен алектенгенин тергөөдө далилдөө кыйынга турганын белгиледи:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Мисалы, бирөө соттолду. Бирок кармалган жалданмалардын тек- жайы, жарандыгы белгисиз болуп чыкты. Алардын улуту ким экени да белгисиз. Паспорттору да болбойт экен. Шектүү чет элдиктердин арасынан жапырт башаламандык уюштуруу аракеттери үчүн соттолгондору болду. Алардын арасынан каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынгандары да болуптур. Бирок алардын артынан түшүп, биздин адамдар эле деген алардын тууган-уругу деле жок. Анткени, аларды бул жакка жиберген күчтөргө андай нерсенин кереги жок. Тескерисинче, алардын көзүн тазалап, тез арада арылгысы келишет. Кармалган чет элдиктердин көзгө атар экени экспертизада аныкталган. Манжаларынан жана акырегинен табылган көзгө атарларга гана тиешелүү тактар буга далил болот», - деди Бекназаров.

Убактылуу Өкмөттү парламент аркылуу мыйзамдаштыруу сунушу четке кагылган. Андан соң конституциялык кеңешме түзүлүп, үч бийлик бутагы тең Убактылуу Өкмөттүн колуна тийген. Ыңкылапчыл күчтөр 2010-жылы 7-апрелден соң тараткан парламенттин жарым-жартылай курамы кийин чогулуп, төрагалыкка Кыргызстан коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев шайланган.

2010-жылы 18-майда Искак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун телефондук сүйлөшүүлөрү Интернетке жарыяланып, кийин Сыдыков мамлекеттик төңкөрүш даярдоого аракеттенген деп айыпталып, камакка алынган.

Искак Масалиев легитимдештирүүдөн баш тарткан Убактылуу Өкмөт кырдаалды көзөмөлдөй албай, ар кайсы күчтөр үстөмдүк кылган абал түзүлгөнүн айтып өттү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Убактылуу Өкмөт кандуу окуяга тиешеси бар деп айтылган сырткы күчтөрдүн, көмүскө топтордун же болбосо чагымчыл көзгө атарлардын бирөө жарымын кармап, тергөө иштерин жүргүзүп, соттордо далилдеген деле жок го. Убактылуу өкмөт аларды издеп таап, соттоп, коомчулукка далилдегенге кызыкдар деле болгон эмес. Болбосо чыгат эле. Болбогон жомокторду токуп эле тирукмуш нерселерди ойлоп таап, айтып, кала беришкен. Бирок ошол окуяларда кандайдыр бир күчтөр ага аралашып, анын өнүгүшүнө алып барган жагдай сезилип турган. Анан "ошонун бардыгын реваншисттик күчтөр жасады" деген негизде бардыгын аларга гана оодара коюшкан. Убактылуу Өкмөт ошол кезде банк уячаларынан алынган акчага ар кандай топторду түзгөн эмес беле. Алар кимдер эле? Бийликтин ошол окуяларды толук иликтеп чыгып, коомчулукка маалымат бергенге мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок аны жасашпады. Мүмкүн ошондой топтор болсо болгондур. Бирок аны үчүнчү же сырткы күчтөр эмес, арабыздагы башка бирөөлөр эле уюштурган болушу мүмкүн. Бийликте туруктуулук жок болгондо ошондой көрүнүштөр болот эмеспи. Ар бир төңкөрүштөн кийин бийликти кайра басып алууга аймактардан Ак үйдү көздөй жактоочуларын чогулткан топтор болгонун баарыбыз билебиз го».

Орусиялык диверсанттын «оюну»

Июнь калабасы учурунда Оштогу маалелердин бирине курал-жарак жеткирип, диверсиялык иштер менен алектенген деп шек саналган славян тектүү, аскер адамына түспөлдөш шектүү киши кармалган учурду чагылдырган видео тасма 2010-жылы күзүндө «Youtube» порталына чыккан. Бирок тасмадагы жалданма топтун кармалган мүчөсүнүн кайсы мамлекетке таандык экени жана анын курал-жаракты кандай максатта, кимге тапшырганы тууралуу маалыматтар белгисиз бойдон калган.

Тасмадагы суракта анын Оштогу жаңжал учурунда өзбек тектүү жарандар жашаган маалелердин биринен автоунаа менен чыгып келе жатканда кармалып, жанынан бронежилет менен тапанча табылганы көрсөтүлгөн. Аны кармаган топ бул орус тилдүү туткунду чет элдик "диверсант" деп атап, аны улут аралык кагылыштын бир тарабына курал-жарак ташып, жеткирген деп шек санаган:

«Бейрасмий маалыматтар боюнча айтсаңар, Казакстан, Өзбекстан менен Орусия экономикалык блокаданы эмне үчүн коюшту? Булар ошол тараптардын жиберген кишилери болушу мүмкүн. Булар Кыргызстанга каршы иштегени келишкен. Эй, тирүү калгың келсе ачык айт. Сен бул жакка каяктан жана эмне максат менен келдиң? Эмнеге сен бул жактагы өзбек маалеге кирдиң? Жооп бер, маалкатпай!».

Тасмада кармалган адам жашы 38де экенин айтып, Орусиянын Новосибирск шаарынан келгенин жана Москвадан Ошко каттаган учактардын биринде учкуч болуп иштегени боюнча көрсөтмө берген. Оштогу жаңжал учурунда таанышына келип, мааледен адашып калганын, кагылышка эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Сурак учурунда бети-башы канга боёлгон бул шектүү адамдын андан кийинки тагдыры белгисиз бойдон калган. Ошол эле кезде орусиялык «Regnum» агенттиги видео тасма сайтка чыгары менен кармалган адамдын жооптору бурмаланып, сурак коркутуп-үркүтүү менен коштолгонуна басым жасаган макала жазып чыккан. Анда Орусиянын жаранына улут аралык кагылышуу учурунда курал-жарак таркаткан жана диверсиялык иштерди жасаган деп жалган жалаа жабылганы көрсөтүлгөн. Тасманын чоо-жайы боюнча учурунда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эч кандай комментарий берген эмес.

Улуттук коопсуздук маселеси боюнча эксперт, мурдагы чекист Талант Разаков чет элдик атайын кызматтардын геосаясий кызыкчылыгы ар кандай чагымчыл аракеттерге негиз берчү жагдай экенин баса белгиледи:

Талан Разаков.
Талан Разаков.

«Соңку мезгилде Кыргызстанга чет элдик атайын кызматтардын геосаясий кызыгуусу абдан эле чоң. Биздин өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана анын тышкы байланыштары аларды кызыктырып турат. Биздин аймакта таасир көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү үчүн алардын ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп келе жатат. Чет элдик атайын кызматтардын кармашы ар кандай чагымдар аркылуу да жүрүшү мүмкүн. Биздин атайын кызматтар алардын кызыкчылыгын жана аракеттерин убагында түшүнүп, күтүүсүз окуяларды болтурбай, алдын алууга кам көрүшү кажет».

Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү кандуу калаба учурунда Ош менен Жалал-Абад шаарларында жалданма көзгө атарлар кармалганы тууралуу маалыматтарды кыргыз бийлиги кийин төгүндөгөн. Баштапкы маалыматта көзгө атарлардын айрымдары жок кылынып, кээ бирлери колго түшкөнү боюнча видео тасмалар бар экени кабарланган.

Бул жагдай боюнча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкекке кабатырланган кат жолдогон. Бирок кийин кыргыз бийлиги тажик жарандарынын июнь окуясына эч кандай тиешеси жок экенин ырастап, жооп кайтарганы тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышкан.


Сөз болуп жаткан видео тасмада 2010-жылы июнь окуясында Ош шаарындагы ликер-арак заводунун имаратынын үстүндө бири жок кылынып, экинчиси оор жарадар абалында кармалганы айтылган азият улутундагы, эки адамдын аты-жөнү, алардын каякка таандык экени тууралуу маалыматтар дагы табышмак бойдон калган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев жалданма топтун кармалганы боюнча жарандардан алынган видео тасма ошол учурдагы мекемелер аралык тергөө тобуна тапшырылганын билдирди:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Июнь окуясы учурунда алар биздин кызматкерлер тарабынан кармалган эмес. Бизге жалданмалар тууралуу видео тасма келип түшкөн. Ал тасмадагы адамдын ким экени такталган эмес. Биз тиешелүү материалдар менен биргеликте андай видеолорду мекемелер аралык тергөө тобуна өткөрүп бергенбиз. Буга окшогон учурлар бирөө эле эмес. Бир топ материал болгон. Жарандар бизге берген көрсөтмөлөрүндө тилдери жергиликтүү тилге окшобогон, куралчан шектүү адамдар тополоңго аралашып жүргөнү боюнча дагы маалыматтар берилген. Биз бардык материалдарды топтоп туруп, мекемелер аралык тергөө тобуна бергенбиз. Тергөө тобун ошол кезде Башкы прокуратура жетектеп турган. Бирок ал иштердин аягы эмне менен бүткөнү тууралуу бизде азыр маалымат жок».

Бирок Башкы прокуратуранын астында түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу Ош менен Жалал-Абадда колго түшкөн куралдуу жалданмалар тууралуу толук маалымат берген эмес. Ал эми расмий түрдө айтылган 21 көзгө атардын ичинен чет өлкөлүк экени аныкталганы белгиленген шектүү жети кишинин кийинки тагдыры беймаалым бойдон калган.

Кызмат адамдарынын кызыкчылыгы

Саясатчы Бектур Асанов Орусиянын айрым расмийлери өлкөнүн саясатына кийлигишип, бир топ таасир этип турган учурларды эстеди:

«Орусия президентинин ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Рушайло менен Кыргызстандагы элчиси Власов деген мени элчиликте түнкү саат он бирлерде кабыл алышкан. Мен кызматташуу тууралуу сунуштан баш тарткан соң кийин алар башка адамдарга чыга баштаган. Алар Убактылуу Өкмөт көзөмөлдөн чыгып кетет деп коркуп, мамлекетте референдум өтүп, парламенттик башкарууга өтсө анда Кыргызстан Грузия менен Украинага окшоп, башка багытта кетип калбайбы деп ойлошкон. Ошондуктан күчтүн баарын ишке киргизип, референдум өткөрбөөгө аракет жасашкан. Мен биздеги ишке кийлигишүүгө алардын акысы жоктугун айтып, башкаруу формасы кандай болорун референдумда эл тандай турганын түшүндүргөм».

2010-жылы май айында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Владимир Рушайло орус президентинин Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган. Бирок анын мамилени кантип өнүктүргөнү жана Кыргызстанда аткарган миссиясы белгисиз бойдон калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол учурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев улут аралык кагылышка аралашкан чет элдик жарандар болгонун ырастап, бирок аларды диверсанттар катары мүнөздөгөнгө негиз жок экенин айткан жайы бар:

«Сырткы күчтөр тууралуу "көзгө атарлар кармалды, азыр жоопко тартылганы жатат" деген мазмунда Алмазбек Атамбаев да айтса керек эле. Бирок биздин УКМК мындай билдирүүлөрдү тараткан эмес. Ошондой билдирүү берилген учурда деле туура эмес болуп калмак. Анткени, ошол мезгилде көп адамдар кармалган. Алардын арасында Орусиянын жана Өзбекстандын жана башка мамлекеттердин дагы жарандары бар болчу. Бирок алардын башаламандык учурунда кармалганы диверсиялык иштерге катышы болгон дегенди түшүндүрбөйт. Бул үчүн тиешелүү далилдер болушу керек. Сотто ошондой иштер каралып, чечим чыгарган соң гана негиздеп айтса болот. Ошондуктан биз андай курулай билдирүүлөрдү жасабастан, тиешелүү далилдерин топтоп, тергөө органдарына тапшырып бергенбиз. Иштерди мыйзам чегинде соттор карап чыгып, бир топ адамдар соттолгон. Алардын арасында чет элдик жарандар дагы болгон».

Июнь коогасы чет элдиктердин көзү менен

2010-жылы апрель жана июнь окуяларынын табияты ар башка болгону менен, адамдарга кыргын салуу ыкмаларында окшоштуктар болгонун адистер белгилешкен.

Ошондуктан көзгө атарларды жалдаган кайсы бир ички-тышкы күчтөрдүн Кыргызстанга карата кыянат максаты эмнеге ашкереленбей калганы ушуга чейин сыр бойдон калган.

Июнь окуясында 400дөн ашуун адам каза таап, миңдеген адамдар жараат алып, 5 миңден ашуун жеке турак жай жана коомдук имараттар талкаланганы расмий жарыяланган.

Улут аралык кагылыш аркылуу өлкөгө бүлүк салууну айрым жергиликтүү саясатчылар террорчулуктун өтө коркунучтуу жаңы ыкмасы катары сыпаттаган жайы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG