Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 23:29

Бийлик “Дача СУ”, “Июнь окуялары” боюнча кылмыштарды эске салды


Архив сүрөт. Ош шаары. 2010-жыл, 11-июль.

Президенттик аппарат “Дача СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионатындагы мүлктөр жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштери иликтенип бүтүп калганын маалымдады. Айрымдары боюнча шектүүлөр да кармалган.

Мындай билдирүү шайлоонун артынан жасалганы оппозициялык күчтөргө карата эскертүү катары кабылданууда. Ансыз да соңку нааразылыктардын фонунда кээ бир саясатчылар ачык коркутууга туш болуп жатканын жарыялашкан.

Кылмыш иштердин баяны

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети боюнча комментарий берген тушта, башка дагы үч кылмыш ишине байланыштуу бир катар басылмаларга билдирүү таратты.

Андагы маалыматтарды Султанбаев “Азаттыкка” да ырастап, сөзүн мындайча келтирди:

Эрбол Султанбаев
Эрбол Султанбаев

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча “Дача СУ”, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда жана алар учурда жыйынтыкталуу алдында турат. Бүгүнкү күндө “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча, негизинен “Аврора+” пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин улутташтырылган мүлктөр тизмесинен чыгаруу жана үчүнчү тарапка сатуу боюнча эки фигурант кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. “Дача СУ” иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат. Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот”,-деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

2017-жылы январдагы “Дача СУ” конушундагы кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерек токтотулганы кабарланган. 2019-жылы ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул иш боюнча тергөө кайрадан жандантылганын маалымдаган эле. 2021-жылдын февралында журналисттерге маалымат берип жатып жаңы баш прокурор Курманкул Зулушев эгер тергөө укугу прокуратурага өткөрүлүп берилсе, “Дача СУ” каргашасын иликтөө аягына чыгарыларын айткан.

2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын быйыл апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарыялаган. “Аврора” пансионатындагы коттедждердин алгач улутташтырып, кийин кайра менчиктештирилип кеткени боюнча кылмыш ишин тергөө качан жанданганы белгисиз.

Бул кылмыш иштери сотко өтсө, мурдагы бийлик башындагылардын, демек азыркы оппозицияда жүргөндөрдүн бир тобу жоопко тартылышы мүмкүн. Кеминде тергөөнүн бутасына алынып, суракка чакырылары бышык.

Маселен, ошол эле июнь окуясы боюнча иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экени маалымдалган. Мунун алкагында 2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө суроолор берилиши ыктымал. Алар - Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер (каза болгон), Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов жана Топчубек Тургуналиев.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. Архив сүрөт.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. Архив сүрөт.

Булардын ичинде Атамбаев азыр камакта жатса, Текебаев менен Исаков соңку парламенттик шайлоого катышып, добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылык билдирүүдө.

Мына ушунун фонунда “2010-жылкы ишти иликтөө аяктады” деп кабарланып жатканын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ошол кезде коргоо министринин кызматын чогуу аркалаган Исмаил Исаков мындайча баалады:

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

“Ал боюнча бизди суракка чакырып калышы мүмкүн. Аны биз жокко чыгарбайбыз. Чынын айтканда, азыркы бийлик өздөрүнө сын айткандарды, кемчиликтерин баса белгилеп көрсөткөндөрдү суракка чакырып, иш козгоп, коркуткандай мамиле кылып жатпайбы. Мына ошону эске алганда баары мүмкүн. Бирок айтып коёюн, бул теманы кайрадан козгошсо ал кооптуу маселеге айланат. Өтө кооптуу маселе. Себеби, мунун артында эл аралык деңгээлде чыгып кете турган орчундуу маселелер бар. Улуттар аралык каршылыкты көп эле ачыкка чыгарып, кайрадан ырбата берген болбойт. Антсе жараны, жакындарын жоготкондордун сезимдерин кайрадан козгошот. Ошондуктан бийликтин бул аракетин өтө туура эмес деп баалайм. Бумеранг деген нерсе бар, эгер фактыларды казышса анын учу барып кайра өздөрүнө тийип калышы ыктымал”,-деди Исмаил Исаков.

"Муну эскертүү катары кабыл алдык"

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевге жана уулдары Марат менен Максим Бакиевдерге караштуу делген мүлктөрдү улутташтыруу жараянына байланыштуу кезинде көп чыр чыккан. Анын ичинде “Аврора+”, “Аврора-Грин” жана “Витязь” сыяктуу пансионаттардын жер тилкелери жана коттедждери мамлекетке алынчу объектилердин тизмесинен чыгарылып, үчүнчү тараптарга сатылып кеткени кийин белгилүү болгон. Алардын мындан башка да үй-мүлктөрү жана автоунааларынын дайыны чыкпай калган.

Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин Мүлктү башкаруу фонду Убактылуу өкмөттүн “Бакиевдердин мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” декрети 2010-жылы 20-майда чыкса, пансионаттар анын алдында, 10-майда сот аркылуу “Ала-Арча” аттуу ишканага өткөрүлүп кеткенин маалымдаган. Бирок ошол учурда жалпы бийликти кармап турган орган катары бул боюнча тергөөнүн бул учу баары бир Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө барып такалчудай.

Ал эми 2017-жылы “Манас” аба майданынын жанындагы “Дача СУ” конушуна кулап түшкөн “Боинг-747” учагындагы жүктөр ошол учурдагы “президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына тиешеси болушу мүмкүн” деген сөздөрдү кезинде оппозиция айтып чыкканы бар. Бул иш аягына чыкса, ал боюнча Атамбаевге же анын жанында жүргөндөргө айып коюлуу ыктымалдыгы бар.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина жогоруда айтылган маселе тууралуу пикирин мындайча билдирди:

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

“Бир жылдан бери өлкөнү жетектеп жаткан бийлик өзгөчө акыркы убактарда коркутуунун, басымдын тилине өтүп алышты. Керек болсо атайын кызматтын башчысы да мындай эскертүүлөрдү ачык эле айтып келатат. Ошондуктан соңку кылмыш иштери жөнүндө президенттин басма сөз кызматкеринин билдирүүсүн деле “баарын камайбыз” деген ишаарат катары түшүнсөк болот. Демек, саясий куугунтук дагы уланат десек болот. Бизди бийликтин алдында бүжүрөп жашоого мындан ары да мажбурлоону улантышат экен. Тынымсыз камоолор, кармоолор болуп жатат, өлкө кандайдыр бир “концлагерге” айланганы калды. “Аврора” боюнча Бакиевдердики экенин эле билет экем, андан башка жагдайларынан кабарым жок. Ал эми “Дача СУ” каргашасы тилекке каршы Алмазбек Атамбаевдин тушунда болуп калды. Бирок эгер анда анын күнөөсү болсо, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги мурда эле айып тагып салмак. Жээнбековдун бийлиги үч жылда эч нерсе таппаса, эми азыркы бийлик аны атайылап чукуп чыгып жатканы сезилүүдө”,-деди ал.

Бирок ошол эле кезде аталган окуяларды иликтеш керек деген чакырыктар мурдатан эле айтылып келчү. Ошол эле “Июнь окуясы” боюнча коомчулукта Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн маанай басымдуулук кылса, “Дача СУдагы” кырсыкка байланыштуу Атамбаевдин бийлигине карата доомат көп болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков мындай пикири менен бөлүштү:

Эсенгул Исаков
Эсенгул Исаков

“2010-жылдагы июнь окуясы, Дача СУдагы авиакырсык бул - Кыргызстандын трагедиясы. Анан ушундай окуялар иликтенбей калса, аны тарых кечирбейт. Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда эл бул окуялар “мына иликтенет, ана иликтенет” деген боюнча, күтүп-күтүп кала берди. Кезинде катуу сөздөрдү айтып, каза болгондордун жакындарына берген убадалардын баары талаада калды. “Эмне үчүн ушул окуяларга жол берилди?” деген суроолорго жооп болуш керек да. Маселен, ошол эле Дача СУга түшкөн учак кимдики, жүктөр кимдерге таандык болчу? Мына ушунун түбүнө жетиш керек да. Же болбосо ошол эле азыр айтылып жаткан үч кылмыш иштин бири “Аврорадагы” мүлктөрдүн мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кетиши да аягына чыгышы керек. Бул жерде саясий куугунтук дегидей, алардын сөзүнө байланыштуу, же сын-пикирине байланыштуу иш козголуп жаткан жок да. Бул алардын туура эмес аракеттерине, же болбосо алдын албай койгонуна байланыштуу жүрүп жаткан иликтөө да. Бирок маселе азыркы бийлик муну аягына чейин иликтейби-жокпу, ал өзүнчө сөз. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетпеши керек”,-деди ал.

Парламенттик шайлоонун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов баштаган 15тей адамдын “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып кармалышы, шайлоодон кийин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети, “Азаттык” партиясынан талапкер болгон экс-спикер Акматбек Келдибековдун суракка чакырылышы да коомчулукта бийликтин оппозицияга карата куугунтугу катары бааланууда.

Муну алардын бийликке карата сын-пикирлери менен байланыштыргандар болууда. Текебаев менен Келдибеков шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу дооматтарын айтышкан. “Ата Мекен” партиясынан талапкер болгон саясатчы Бектур Асанов да мына ушундай өңүттөгү көз карашы үчүн бийликтен жекече опуза алып жатканын “Ата Мекендин” Бишкектеги атайын жыйынында билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети саясатчылардын кармалышы жана суракка алынышы боюнча өз түшүндүрмөлөрүн берип келатат. Анын ичинде акыркылардан Акматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясынын добушту эсептөөдөгү катачылыгын туура эмес чечмелелегендиги үчүн чакырылганы маалым болду.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-декабрда Media-center басылмасына курган маегинде бул жөнүндөгү суроолорго мындайча жооп берген:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Биринчиден, президент, анын командасы мамлекетти башкарып турат. Анан кыйкырып чыккан ар бирине эле жооп бере берсек майдаланып кетебиз. Экинчиден, убагы келгенде булар баары жоопту алышат, анан өздөрү дагы туура эмес маалымат таркаткандыгы үчүн жооп беришет. Үчүнчүдөн, мен ошол саясатчыларды бир аз сабырдуураак болсо деп айтаар элем”,-деген ал.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин “өлкөдө мындан ары саясий куугунтук болбой турганын” бир нече жолу айтканы бар. Бирок 19-ноябрда Баткен облустук медиа борборуна курган маегинде, шайлоодон кийин "чыккынчыларды" жоопко тарта турганын билдирген. Президент кайсы чыккынчылар жөнүндө сөз болуп жатканын жана алар кандай кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартыларын тактаган эмес.

Андан мурдараак берген басма сөз жыйынында Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айткан эле. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров шайлоочулар менен жолугушууларында бул айыпты төгүндөп, “протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин, бийлик өзүнүн алсыздыгын ага төңкөрүп жатканын” билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG